Былтыр Кыргызстанга 27 миңден ашуун кытай келген. Алар эмне иш кылат?

Жазылуу
Бир жылда миңден ашык кытай жараны Кыргызстандын жарандыгын алат деген чынбы? Өлкөгө жылына канча кытай жараны келет жана алар кайсы тармакта, кандай ири кытай компанияларында иштей турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин макаласынан окуй аласыздар.

Кечээ Башкы прокуратура Мамлекеттик миграция кызматынын (ММК) адисине карата 2017-жылы кытай жарандарына көп квота бергендиги үчүн Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козгоду. Анда ММКнын бир бөлүмүнүн башчысы чет элдик жеке ишкерлер үчүн квота берүү 2017-жылдын октябрь айынын башында эле аягына чыкканына карабай, 26-октябрда иштөөгө уруксат берүүнү тапшырган.

Козголгон кылмыш ишине байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги бир жылда Кыргызстанда иштөөгө канча кытай жараны квота аларын билип, чет элдик жарандар кайсы тармакта иш алып бараарын, өлкөдө жалпы канча чет элдик жаран катталганын жана канчасы кыргызстандыктар менен никеге турганын иликтеп көрдү.

Кыргызстанга иштөөгө келген чет өлкөлүктөр

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылы Кыргызстанга иштөөгө жалпы жонунан 14 768 чет өлкөлүк жаранга уруксат кагазы берилсе, анын 11 593үн кытай жарандары алган. Башкача айтканда, берилген квотанын 78 пайызын кытайлыктар түзгөн.

Квота алган жарандардын 80 пайызга чукулун кытайлыктар түзсө, 8 пайызы түрктөр. Ал эми Кыргызстанга иштегенге эң аз квота былтыркы жылы Өзбекстандын жарандарына берилиптир.

Кен казган, жол салган кытайлыктар

Миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кудайбердиевдин айтымында, кытай жарандары 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы 2000 кишиге көп келген.

"Кыргызстанга кытай жарандарынын көбүрөөк келип, квота алып жаткандыгынын себеби өкмөт жол, ГЭС салуу, кен казуу сыяктуу ири долбоорлорду кытай компаниялары менен келишим түзүп бүтүрүүдө. Мындан улам аталган компаниялар да бул жакка өз адистерин, жумушчуларын көбүрөөк тартып жатат", — деди Кудайбердиев.

Ал ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга квота кандай бөлүштүрүлөрүн түшүндүрүп берди.

Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦинде 200 кытай жараны иштейт. Алар эмне менен алектенет
"Чет өлкөлүк жаранга иштөөгө уруксатты биздин эле кызмат эмес, атайын ведомстоволор аралык түзүлгөн комиссия берет. Анын түзүмүндө Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Экономика министрлигинин өкүлдөрү, Салык инспекциясы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен мүчөлөр жана биздин кызматтан эки адам болот. Атайын жыйын өткөрүлүп, тийиштүү органдын өкүлдөрү ар бир чет элдик компаниянын салыгынан баштап, ал жакта иштеген кызматкерлердин мыйзам бузбаганына чейин карап туруп квотаны бөлүштүрөт", — деди Кудайбердиев.

Берилген статистикага ылайык, Кыргызстанга иштөөгө былтыркы квотанын көбүн жол салып жана реконструкция иштери менен алектенген China Road компаниясы алган. Ал эми ТЭЦти реконструкциялаган ТВЕА компаниясы былтыр 354 кытай жаранын Кыргызстанга иштөөгө алып келген.

Кыргызстанда жылына канча кытай жараны катталат

Официальный визит премьера Государственного совета Китая Ли Кэцян - Sputnik Кыргызстан
Кутулабызбы деги? Кыргызстан Кытайга канча карыз
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, былтыр Кыргызстандын аймагында жалпы 27 566 кытай жараны катталган, анын ичинде 14 354ү Бишкек шаарында экендиги белгилүү болду. Ал эми 2017-жылы жалпы 47 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы акыркы сегиз жылда Кыргызстандын жарандыгын алган кытай жарандарынын саны тууралуу маалымат берген. Ага ылайык сегиз жыл ичинде Кытайдын 214 жараны кыргыз жарандыгына ээ болсо, анын 129у — этникалык кыргыз экендиги маалым болду.

Ошондой эле ведомство миңдеген кытайлыктар кыргыз жарандыгын алды деген ЖМКларга чыккан маалымат чындыкка коошпой тургандыгын да баса белгилеген.

2010-жылы КР жарандыгын 21 кытайлык алган. Анын жетөө — этникалык кыргыз. 2011-жылы 26 киши кыргыз жараны болсо, анын 11и этникалык кыргыз экени айтылат.

2012-жылы — 22 (11);
2013-жылы — 24 (14);
2014-жылы — 10 (2);
2015-жылы — 23 (16);
2016-жылы — 41 (37);
2017-жылы — 47 (31).

Кыргызстандын жарандыгын алган кытайлыктардын саны

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын жарандары менен никеге турган 30 миңдей кытайлык тууралуу да маалыматты жокко чыгарууга туура келген. Акыркы 17 жылда кытайлык жарандар менен өлкөдө 135 нике катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0