Жалал-Абаддагы үлпөт тойдогу мушташты милиция асманга ок чыгарып токтотту

Жазылуу
Жалал-Абад шаарында өткөн үлпөт тойдо 25-30 жаш чамасындагы мас адамдар жол эрежесин бузган

Аларга милиция кызматкерлери келип эскертүү бергенде, баш ийбестен каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирип, Жалал-Абад ШИИБи ырастады.

"Мас абалындагы адамдар милициянын кызматтык автоунаасынын күзгүсүн сындырып, алдыңкы капотун мыйрыйтып салышкан. Мындан улам тартип сакчылар асманга эки ирет эскертүүчү ок чыгарган", — деп кабарчы билдирди.

Автоавария с участием трех машин в Сокулуке - Sputnik Кыргызстан
Милиция 10 айда өлкөдө жол кырсыгынан каза тапкандар тууралуу маалымат берди
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмү (бейбаштык) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмышка шектелип Ноокен районунун 13 тургуну кармалып, Жалал-Абад шаардык милиция бөлүмүнө алып келинген. Алардын айрымдарына административдик протоколдор түзүлсө, калгандары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0