Аларга милиция кызматкерлери келип эскертүү бергенде, баш ийбестен каршылык көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирип, Жалал-Абад ШИИБи ырастады.
"Мас абалындагы адамдар милициянын кызматтык автоунаасынын күзгүсүн сындырып, алдыңкы капотун мыйрыйтып салышкан. Мындан улам тартип сакчылар асманга эки ирет эскертүүчү ок чыгарган", — деп кабарчы билдирди.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмү (бейбаштык) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда кылмышка шектелип Ноокен районунун 13 тургуну кармалып, Жалал-Абад шаардык милиция бөлүмүнө алып келинген. Алардын айрымдарына административдик протоколдор түзүлсө, калгандары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.