Өзгөн: артымды карасам үй жок, баарынан айрылдым! Күйүткө баткандардын ыйы

Жазылуу
Учурда жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери жүрүп жатат. Бүгүн түш ченде 12 жаштагы жана 2 жаштагы эки кыздын, кечке маал 20 жаштагы дагы бир кыздын сөөгү табылган.

Сход оползня в селе Аюу Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: көчкү алдынан дагы бир кыздын сөөгү чыгарылды
Кырсык болгон жерде бир үй-бүлөдө жетиден-сегизден жакынын жоготуп боздогон энелер, ӨКМден жакындарынын сөөгүн таап берүүнү суранган жаш жигиттер, аксакал аталар бар. Дагы деле жакындарынын көчкү алдында калганына ишенгиси келбей тирүү табылып калабы деп үмүт менен караган каректер. Апааттан жакындарынын кабарын угуп Россиядан жана башка мамлекеттерде иштегендер келе башташты.

Таңда күтүлбөй келген кырсык Гүлбахар Алиеванын үй-бүлө мүчөлөрүнөн тогуз адамды алып кетти.

"Бул үйдө кайнатам менен кайненем калган болчу. Өзүбүз мал алып айыл четинде чыгып кеткен элек. Ал күнү кечинде 11-класста окуган балам менен кайнежемдин баласы, аркы айылда жашаган кайын сиңдим жаш баласы менен ата-энесинен кабар алганы келип түнөп калышкан экен. Коңшу үйдө кайнагам аялы, эки кызы менен жашачу. Кайнежемдин баласы гана сыртка качып чыгууга үлгүрүптүр. Калганынын баары топурак алдында калды", — деди боздогон эне.

Ал жолдошу беш баласы менен калды.

Айылдын дагы бир тургуну Абдирашид Калыков аялы, эки баласы, келини жана эки небересинен айрылып калды.

"Мын сыртта болчумун. Көчкү кандай келгенин көрбөй калдым. Бир убакта шамал болгондой болду, артымды карасам үй жок, чаң болуп эле эч нерсе көрүнбөй калды. Бир заматта баарынан айрылып калдым", — деди Калыков.

Жакын туугандарынан жетөөнү жоготкон Мухиддин Назарбаевдин апасы кырсыктан бир күн мурда Россияга иштегени барып, бирок суук кабарды угуп кайра эле артка кайтып келе жаткандыгын айтат. 

"Араң эле турам. Апам келип көчкүнү көзү менен көрсө эмне болоор экен деп кабатырланып жатам. Жалгыз карындашым жер астында кала берди. Аялым, апам, эки иним болуп Россияда жүргөнбүз. Бул жакта атам менен карындашым эле калган болчу. Карындашым да шаарда окучу, дем алыштан улам айылга келген экен. Бир тууган агам дагы төрт баласы менен топурак алдында калды", — деди Назарбаев.

Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Айыл өкмөтү: таңда көчкү катары менен эки ирет жүрүптүр... Эки күн мурда эскерттик эле
Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алдын ала маалымат боюнча алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Көчкү алдында калган жети турак жайдын бирөөндө эч ким жашаган эмес.

Издөө иштери бүгүн да саат 10.50дө башталып, ага 400 адам тартылган. Адистердин айтымында, көчкүнүн бийиктиги болжол менен 4,5-5 метрди түзөт.

Аюу айылы Өзгөндүн борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймакта 248 үй-бүлө, ал эми киши саны менен алганда 1800гө чукул адам жашайт.

Кырсык болгон жайда учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0