Мамлекет башчы бүгүн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстанга учуп кеткен.
Оюн Түркмөнстандын борбор калаасында өттү.
Колумнист Расул Үсөналиев Түркмөнстандын борбору Ашхабад менен туристтик Аваза шаарында болуп кайтты. Эки калаанын купулга толгон жана жүрөк өйүткөн нерселерин тизмектеп жазып эл назарына тартуулап турган чагы.
Ашхабадда кара түстөгү автоунаалар айып короого киргизилүүдө
Эки өлкөнүн министрлери бир нече тармактагы кызматташуу менен борбор калааларды байланыштырган түз авиакаттам ачууну сүйлөшүштү
Ашхабадда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күч сынашкан спортчулар мекенине кайтып келди. Аларды "Манас" эл аралык аба майданынан өкмөт башчы Сапар Исаков, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алды.
Бүгүн спортчулар грек-рим күрөшү, боулинг, бильярд, самбо, шахмат, футзал, стол тенниси, кикбоксинг жана спорттук бий боюнча мөрөй талашат.
Чейрек финалдан тарта олжолуу орунга умтулган Тыныбекова финалда кытайлык атаандашына уттуруп койду
Учурда Кыргызстандын улуттук командасынын куржунундагы байге эсеби 48ге жетти. Анын жетөө — алтын, 15и — күмүш жана 26сы — коло медаль.
Жума күндүн жыйынтыгы менен кыргызстандыктар төрт медаль тагынышты
Кыргызстан командалык эсепте мурдагүнү 12-орунда турса, 21-сентябрдын жыйынтыгы менен 15-орунга жылып калды.
Ушуну менен кыргызстандык спортчулардын байге куржунунда 26 байге болду
V Азия оюндары 17-сентябрдан 27-сентябрга чейин Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтөт
Иш-чара кийинки жылы өтө турган Бешинчи Азия оюндарына арналууда.
Майрамдын максаты — Түркмөнстанда суунун баасы алтынга тете экендигин көрсөтүү. Бул өлкөдө кум учкан Каракум жана Кызылкум чөлдөрү эбегейсиз аймактарга созулуп жатат.
Эң келишимдүү ахалтекин аргымактарын 2016-жылдын 23-апрелинде тандашат. Баш байгени алган аттын ээсине премиум-класстагы темир тулпар тапшырылат.
Түркмөнстандагы дүкөндөрдө 10 күн тамеки сатылган жок. 12-январда сатыктан тамекилер алынганда анын баасы көмүскө базарда 1,5-2 эсе кымбаттап, 20-30 манатка чейин жогорулаган.