Жапаров: кыргыз-түркмөн кызматташтыгы өнүгүүдө, саясий карама-каршылыктар жок

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов жолгушуу
Президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов жолгушуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Жапаров Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөр экенин белгилеп, кызматташтык жана карым-катнаш тууралуу кеп кылды.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Ашхабад шаарында Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Тажрыйба алмашалы. Жапаров түркмөн ишканаларын Кыргызстанда иштөөгө чакырды
Жапаровдун айтымында, бир катар актуалдуу эл аралык жана региондук маселелерде, анын ичинде тынчтык, коопсуздук, жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү маселелеринде өз ара толук түшүнүшүү бар, позициялар да жакын.
Президент белгилегендей, Кыргызстан менен Түркмөнстан — жакын дос, стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөр.
"Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө, биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Кыргызстанда Түркмөнстандын ийгиликтери менен жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубанышат. Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы көп кылымдык тарыхка, жалпы каада-салттарга, тектеш тилге жана маданий-руханий мурастарга негизделген достук жана бир туугандык мамилелер узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлдү. Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү документтерди камтыган эки тараптуу келишимдик-укуктук база ырааттуу өнүгүүдө", — деген мамлекет башчы.
Мындан тышкары, Жапаров эки өлкө соода, энергетика, транспорт жана агроөнөр жай комплекси жаатында олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилеген.
Анын билдиришинче, кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — бул туризм чөйрөсү. Ошондой эле сапаттуу түркмөн текстили менен кыргыз кийим тигүү тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө боло турган жеңил өнөр жай тармагы дагы чоң потенциалга ээ.
Ардак кароол, атчандар кортежи. Жапаровду Бердымухамедов тосуп алган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Ардак кароол, атчандар кортежи. Жапаровду Бердымухамедов тосуп алган видео
"Эки бир тууган элибиздин тарыхый жана руханий тамыры терең, тилдери менен маданий салттары окшош. Аларды сактап калуу, ошондой эле кыргыз-түркмөн гуманитардык байланыштарын мындан ары да тереңдетүү өзгөчө мааниге ээ. Эки элдин руханий жактан жакындашуусу кыргыз-түркмөн элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук салттарын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн эске алуу менен, коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал жакшырганда өз ара маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштайм", — деп айтты мамлекет башчы.
Соңунда Жапаров кызматташтыкты кеңейтүү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бере тургандыгын ырастап, Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0