БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев түркмөн кесиптеши Рашид Медеров менен Бишкек — Ашхабад авиакаттамын ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу 11-ноябрь күнү Самаркандда "ЕС — БА" (Евросоюз — Борбордук Азия) форматында өткөн тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында болгон. Анда эки тараптуу кызматташуу, саясий, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жатта кыргыз-түркмөн мамилелери талкууланган.
Мындан тышкары, министрлер эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери менен бирге эки борбор калааны байланыштырган түз авикаттам ачуу аракеттерин да кеп кылышканы айтылат.