Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон эки күндүк (23-24-август) мамлекеттик сапары менен бул өлкөнү барып көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бишкектен учак эртең мененки саат 7:00дө Ашхабад шаарына учту. Туура 2 саат 20 мүнөт дегенде Түркмөнстандын борборуна келип кондук. Жолдо карата кесиптештер менен Түркмөнстан жабык өлкө экенин, шаарда жалаң гана ак түстөгү машиналардын жүрүүсүнө уруксат берилгенин жана жакында эле эркектердин чачын боёого тыюу салынганы тууралуу сүйлөшүп келдик.
Ажайып Ашхабад, мрамор имараттар
Биринчи эле Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропорт кооздугу менен көңүлдү бурду. Чынында алыстан канатын жайган шумкардай болуп жакшы көрүнөт экен.
Учактан шаша-буша түшүп эле журналисттерди күтүп турган микроавтобустарга бет алдык. Шаардын тазалыгы менен жаңы салынган имараттар чынында мыкты экен. "Кап, Кыргызстанга дагы ушундай имараттар салынса…" деп жанымда отурган кесиптешим экөөбүз сүйлөшө да кеттик.
Ашхабад бекеринен мрамор шаар деп аталбайт экен. Бардык имараттардын тышы аппак мрамор менен шөкөттөлүптүр. Алгач көргөндө "апей, эмнеге алюкобонд менен каптап койгон? Бири-биринен айырмаланган түс менен кооздосо болмок да" деген ой келди. Бирок ал алюкобонд эмес, мрамор экенин билгенде уялып да кеттим.
Эсти оодарган текшерүүлөр
Ашхабад шаарынын борбордук бөлүгүндө орун алган президенттик резиденциядагы Огузхан атындагы сарай комплексине да жетип келдик. Бул жерде Кыргызстан менен Түркмөнстан президенттери тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту.
Бизди коштоп жүргөндөр менен имараттын кире беришинде турган күзөтчүлөр коопсуздук маселеси биринчи орунда экенин айтып да, кайталап да жатышты.
Бир гана Гурбангулы Бердимухаммедов
Кызыктын баары эки мамлекеттин президенттеринин кеңири форматта болгон жолугушуусунда башталды. Журналисттер үчүн уюштурулган маалымат борборунда коюлган чоң монитордо эки президенттин жолугушуусу көрсөтүлө баштаган. Бердымухаммедов акыркы жылдары эки мамлекеттин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы байланыштары бир кыйла жакшырганын айтып, ошентсе да бул жаатта иштерди илгерлетүү керектигин белгиледи. Ошондой эле эки өлкө дүйнөлүк абройлуу уюмдардын мүчөлөрү экенин жана Түркмөнстан нейтралдуу мамлекет экенин айтты. Дал ушул жерден президенттин сүйлөгөнү дароо токтоду. Шымалана ноутбукту ачып, президенттин айткандарын жазып жаткан жаныбыз колунан нанын тарттырып жиберген баладай эле бозала болуп отуруп калдык. Эмнеге өчтү, кайра көрсөтөбү деп чебелектегенибиз менен майнап чыккан жок. Бир гана "өчтү, техникалык ката болушу мүмкүн" деген сылык-сыпаа жооп уктук…
Ашхабад тууралуу алты ооз сөз
Албетте, бул ири иш-чарага карата даярдык да болушу мүмкүн. Антип ойлогуча көз алдыма Бишкектин Манас проспектиси, кортеждер өтүп кеткиче эки жагындагы көчөдө толуп калган өзүбүздүкүлөр эсиме түшүп кетти. Эмнегедир жылуу туюлду.
Силер менен сүйлөшкөнгө болбойт!
Ошентип түшкү тамактануу маалы келди. Сырты ак мрамор менен капталган чоң имараттардын бирине келдик. Экинчи кабатка чыгып биз үчүн жайылган дасторконго күбө болдук. Жаркылдап күлүп, тыпылдап чуркап жүргөн официанттар тосуп алды. Алар менен учурашып имараттын бир бурчунда даярдалган дасторкондун четинен орун алдык. Биз кирген залга бери болгондо 150-200дөй киши жөн эле батчудай. Атайын сахнасы да бар экен. Залдын ичи бийик, жарык. Кыязы чоң-чоң иш-чараларды уюштуруу үчүн атайын салынгандай. Официанттар биздин "чай берип коёсузбу", "бизге дагы эки тамак" деген сунуштарыбызга күлүп гана тим болуп жатышты. Алардын арасынан орусчаны дурусураак билген бирөө чай куюп жатып, "силер менен сүйлөшкөнгө болбойт" деп шыбырап кетти. Апей… кантип? Эмнеге? Эмне үчүн? деген суроолорубуз жоопсуз калды.
Биздин андайга муктаждыгыбыз жок
Чынында шаарда жашыл, көк, сары, күмүш түстөгү автоунаалар дагы жүрөт. Бирок өтө сейрек.
"Эркектерге чачын боётууга да тыюу салынды деген маалыматтар чыкты эле. Чынында эле ушундайбы?" деп кийинки суроомду узаттым. Бул суроомо ТИМдин өкүлү менен айдоочу жылмайып гана "андай нерсе жок" дешти.
Ии, баса, Түркмөнстанда Facebook, Instagram, ВКонтакте, Одноклассники, WhatsApp, Telegram сыяктуу социалдык тармактар менен мессенджерлер иштебейт экен. Мындан улам өлкөнүн жаштары жана катардагы жарандар кайсы социалдык тармакты колдоно турганы кызык болду. "Жаштар азыр кайсы социалдык тармакты колдонот? Жоро-жолдошторго сүрөт, видео жөнөтүп турасыңарбы? Facebook менен WhatsApp иштебесе эмнени колдоносуңар?" дедим. Менин үстөккө босток берген суроолорумду ТИМдин өкүлү жактырбай жатканын кебете-кешпиринен байкап турдум.
"Бизге социалдык тармактардын зарылдыгы жок. İmo мессенджерин колдонобуз, ошол жетиштүү" деп суз гана жооп берди. Микроавтобуста кетип бараткан кыргызстандык кесиптештерим "байкушту жүдөтүп андай суроолорду бербечи, азыр качып кетип жүрбөсүн" деп тамашалап калышты. Макул, чын эле байкушту жүдөтпөйүнчү деп отуруп калдым. Бирок бизди коштоп жүргөн бийлик өкүлдөрүнүн колундагы экиден телефонду жана көздүн кыйыгы менен көрүп байкап калганым жогорку катмардагылар кадыресе эле социалдык тармакты колдонот экен деген ойго түрттү.
Туристтер үчүн салынган Аваза шаары
23-августта кечинде президент Сооронбай Жээнбековду ээрчип Түркмөнстандын Аваза шаарына учуп келдик. Бул жерде Аралды сактоо боюнча эл аралык фондунун саммити болмок. Дароо эле Tolkun коттедж шаарчасына келип жайгаштык. Эми шаардын кооздугу, заңгыраган мейманкана комплекстери бир укмуш. Ашхабаддан айырмаланып бул шаарда аз да болсо кишилердин көчөдө ары-бери басып, балдарын жетелеп алып жүргөнүнө күбө болдум.
Жыйынтык сөз
Чынында тазалык, тартип жагынан Түркмөнстандан үлгү алсак болчудай. Бирок алар эркиндик, анын ичинен сөз эркиндиги жагын бизден үйрөнүшү керек экен.
Ашхабад канчалык кооз, көз жоосун албасын жеке мага киши жашабаган, муздак шаар катары эсте калды. Эл үчүн, алардын ыңгайлуулугу үчүн салынган шаарда жашагым келет.
Учак "Манас" аэропортуна келип конду. "Бишкегим, Бишкегим борборум сен…" деп кыңылдаган тейде маршруткага түшүп, шаарды көздөй жөнөдүм.