Гимнаст кыздарга мелдешке хиджаб кийип чыгууга уруксат берилет

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАКШ гимнаст кыз Токио шаарындагы олимпиада учурунда
АКШ гимнаст кыз Токио шаарындагы олимпиада учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Эл аралык гимнастика федерациясы спортчуларга баш кийим жана хиджаб менен мелдештерге чыгууга уруксат берет. Бирок анда айрым талаптар аткарылышы зарыл.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Эл аралык гимнастика федерациясы (FIG) спортчу кыздарга мелдештерге баш кийим менен катышууга уруксат берет. Бул тууралуу FIG уюмунун расмий сайтына таянып Eurosport маалымат булагы жазды.

Анда тийиштүү түзөтүү Аткаруу комитетинин кийинки жыйынында бекитилиши керектиги жана кийимдерди жарнамалоо эрежелерине киргизилиши зарыл экени айтылат.

Хиджаб кийген футболчу кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2019
Хиджабы шыпырылган футболчу кызды атаандаштар калкалап калды. Видео
Мындай көрүнүшкө уруксат берилиши үчүн жоолук эң оболу башка бекем байланышы зарыл. Таймашуу учурунда спортчуга коркунуч, тоскоолдук жаратпашы үчүн анын бети толук көрүнүп турушу керек. Мындан сырткары, анын атлет кийген спорттук кийимине түспөлдөш болушу талап кылынат.

Мында эң оболу мусулман өлкөлөрдүн спортчулары кийген хиджаб тууралуу сөз болууда. FIG уюмунун билдирүүсүндө баш кийим менен чыгууга уруксат спорттук же көркөм гимнастикада берилери так айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0