https://sputnik.kg/20260109/1099065059.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кайсы чет мамлекеттердин башчылары менен жакшы мамиледе экенин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев айтып берди. "Президент Владимир... 09.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-09T17:00+0600
2026-01-09T17:00+0600
2026-01-09T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/09/1099064893_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_badde430b9ff2cd170a3d23be3442b26.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кайсы чет мамлекеттердин башчылары менен жакшы мамиледе экенин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев айтып берди. "Президент Владимир Путин, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев менен абдан жакшы мамиледе. Чек ара чечилгенден бери Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен да байланыш жанданып, жакындашуу башталган. Мындан тышкары, Венгриянын премьери Виктор Орбан менен түз сүйлөшүп, тамашалашып жүрүшөт", — деген Жээнбек Кулубаев журналист Айбек Бийбосун уулунун даректүү тасмасында.
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жолдо эреже бузган кытайлык жүк ташуучулардын тизмеси бар. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчиси Азенбек Козукеев "Торугарт" кыргыз-кытай көзөмөл өткөрүү жайына барганда айтты. Козукеев “Торугарт” өткөрүү пунктунда айдоочулар менен жыйын өткөрүп, аларды каршы тилкеге чыкпоого, чектелген ылдамдыктан ашпоого чакырган. "Жакында Кытайдын элчиси менен жолугуп, бул маселени көтөрөбүз", — деди башкармалык башчысы. Ошондой эле кытай тилинде даярдалган түшүндүрмө баракчалар таратылып, бажы көзөмөл пунктуна илинди. Мындан тышкары, Бишкек — Нарын —Торугарт жолунда тыгын жаратып, каршы тилкеге чыккан чет өлкөлүк жана жергиликтүү айдоочуларга жол маданиятын сактоо, бири-бирин сыйлоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" пункту Нарын шаарынан 194 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан.
Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Кант» көзөмөл пункттарынын ишин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Каникул күндөрүнө карабай жүргүзүлгөн бул текшерүүдө импорт-экспорт жүктөрүнүн фитосанитардык коопсуздугун жана ЕАЭБ талаптарынын сакталышын күчөтүү тапшырмасы берилди. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары тарабынан карантинге алынган продукцияны импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык талаптарды так сактоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле республиканын аймагына ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына жооп бербеген, коопсуздукка коркунуч келтирген жүктөрдү киргизбөө боюнча тапшырмалар берилди.
ИИМ өлкө аркылуу баңгизат ташыган эл аралык уюшкан топтун ишин бөгөттөгөнүн кабарлады.Маалыматта атайын операциянын жүрүшүндө Россия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын жарандарынан турган топ тактап айтканда 7 киши кармалып, Россиянын бир жараны эл аралык издөөгө алынганы айтылат. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүүдө 20,4 кг апийим жана 116 кг кара куурай алынган. Мындан тышкары, мамлекетке 44,7 миң доллар, 8 миллион өзбек суму, 396 миң сом, 2 миң рубль өткөрүп берилди. Мындан тышкары алты машина конфискацияланган.Тергөөнүн маалыматы боюнча автоунаалардын баары кылмыштуу жол менен алынган. Бир нече кылмыш иши козголгону маалым болду.
Президент Садыр Жапаров кайсы чет мамлекеттердин башчылары менен жакшы мамиледе экенин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев айтып берди. "Президент Владимир Путин, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев менен абдан жакшы мамиледе. Чек ара чечилгенден бери Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен да байланыш жанданып, жакындашуу башталган. Мындан тышкары, Венгриянын премьери Виктор Орбан менен түз сүйлөшүп, тамашалашып жүрүшөт", — деген Жээнбек Кулубаев журналист Айбек Бийбосун уулунун даректүү тасмасында.ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жолдо эреже бузган кытайлык жүк ташуучулардын тизмеси бар. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчиси Азенбек Козукеев "Торугарт" кыргыз-кытай көзөмөл өткөрүү жайына барганда айтты. Козукеев “Торугарт” өткөрүү пунктунда айдоочулар менен жыйын өткөрүп, аларды каршы тилкеге чыкпоого, чектелген ылдамдыктан ашпоого чакырган. "Жакында Кытайдын элчиси менен жолугуп, бул маселени көтөрөбүз", — деди башкармалык башчысы. Ошондой эле кытай тилинде даярдалган түшүндүрмө баракчалар таратылып, бажы көзөмөл пунктуна илинди. Мындан тышкары, Бишкек — Нарын —Торугарт жолунда тыгын жаратып, каршы тилкеге чыккан чет өлкөлүк жана жергиликтүү айдоочуларга жол маданиятын сактоо, бири-бирин сыйлоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" пункту Нарын шаарынан 194 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан.Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Кант» көзөмөл пункттарынын ишин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Каникул күндөрүнө карабай жүргүзүлгөн бул текшерүүдө импорт-экспорт жүктөрүнүн фитосанитардык коопсуздугун жана ЕАЭБ талаптарынын сакталышын күчөтүү тапшырмасы берилди. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары тарабынан карантинге алынган продукцияны импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык талаптарды так сактоо жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле республиканын аймагына ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына жооп бербеген, коопсуздукка коркунуч келтирген жүктөрдү киргизбөө боюнча тапшырмалар берилди.ИИМ өлкө аркылуу баңгизат ташыган эл аралык уюшкан топтун ишин бөгөттөгөнүн кабарлады.Маалыматта атайын операциянын жүрүшүндө Россия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын жарандарынан турган топ тактап айтканда 7 киши кармалып, Россиянын бир жараны эл аралык издөөгө алынганы айтылат. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүүдө 20,4 кг апийим жана 116 кг кара куурай алынган. Мындан тышкары, мамлекетке 44,7 миң доллар, 8 миллион өзбек суму, 396 миң сом, 2 миң рубль өткөрүп берилди. Мындан тышкары алты машина конфискацияланган.Тергөөнүн маалыматы боюнча автоунаалардын баары кылмыштуу жол менен алынган. Бир нече кылмыш иши козголгону маалым болду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/09/1099064893_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d0d572de370929701df91248ce89ba8e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио