https://sputnik.kg/20260108/1099043542.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы Кыргызстанда 60тан ашык жаңы агроөнөр жай ишканалары ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы... 08.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-08T09:00+0600
2026-01-08T09:00+0600
2026-01-08T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/08/1099043376_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ac035f51b10fd08e6ff3f8247711d310.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы Кыргызстанда 60тан ашык жаңы агроөнөр жай ишканалары ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде өлкө аймагында 63 жаңы ишкана пайдаланууга берилген. Алар айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган . Атап айтканда, соода-логистикалык борборлор, дан эгиндерин, мөмө-жемиш жана сүт азыктарын, эт, балык, жүн, өсүмдүк майын өндүрүүчү объекттер, ошондой эле органикалык өндүрүш ишканалары ачылган. Натыйжада 2 миң 707 жаңы жумуш орду түзүлгөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүндө тамак-аш өнөр жайынын үлүшү 17,4 пайызга жеткен. Агроөнөр жай комплекси тарабынан 94,2 миллиард сомго тамак-аш продукциясы өндүрүлгөн Ал эми 2026-жылы Кыргызстанда 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү пландалууда
Кыргыз футбол уюмунун президенти Камчыбек Ташиев жана Сауд Арабиянын футбол федерациясынын башчысы Ясер Аль-Мисехал футбол тармагындагы кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Документ Сауд Арабиянын Жидда шаарында, U-23 Азия Кубогунун беттештери өтүп жаткан учурда түзүлдү. Анын негизги максаты — Кыргызстанда футболду комплекстүү өнүктүрүү, эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү жана улуттук курама командалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Меморандумга ылайык, 2026–2027-жылдары эки өлкөнүн аялдар жана жаштар курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттештер өткөрүлөт.Тараптар спорттук маалымат алмашуу, футболду башкаруу системасын өркүндөтүү, калыстар институтун өнүктүрүү, машыктыруучуларды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу жаатында алка түзүүнү макулдашты. Турнирлерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешип иш алып баруу боюнча да кеп болду. "Кол коюлган меморандум Кыргыз футбол уюму үчүн эл аралык байланыштарды кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана улуттук футболдун бардык деңгээлде сапаттуу өсүшүн камсыз кылуу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат", — деп билдиришти уюмдан. Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев Сауд Арабияга жасаган иш сапарынын алкагында U-23 Азия Кубогунун оюндарын көрүүдө. Кечээ Кыргызстан курама командасы турнирдин кожоюндарына 0:1 эсебинде минималдуу айырма менен утулуп калды.
2025-жылы Кыргызстанда 60тан ашык жаңы агроөнөр жай ишканалары ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде өлкө аймагында 63 жаңы ишкана пайдаланууга берилген. Алар айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган . Атап айтканда, соода-логистикалык борборлор, дан эгиндерин, мөмө-жемиш жана сүт азыктарын, эт, балык, жүн, өсүмдүк майын өндүрүүчү объекттер, ошондой эле органикалык өндүрүш ишканалары ачылган. Натыйжада 2 миң 707 жаңы жумуш орду түзүлгөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүндө тамак-аш өнөр жайынын үлүшү 17,4 пайызга жеткен. Агроөнөр жай комплекси тарабынан 94,2 миллиард сомго тамак-аш продукциясы өндүрүлгөн Ал эми 2026-жылы Кыргызстанда 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү пландалуудаКыргыз футбол уюмунун президенти Камчыбек Ташиев жана Сауд Арабиянын футбол федерациясынын башчысы Ясер Аль-Мисехал футбол тармагындагы кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Документ Сауд Арабиянын Жидда шаарында, U-23 Азия Кубогунун беттештери өтүп жаткан учурда түзүлдү. Анын негизги максаты — Кыргызстанда футболду комплекстүү өнүктүрүү, эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү жана улуттук курама командалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Меморандумга ылайык, 2026–2027-жылдары эки өлкөнүн аялдар жана жаштар курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттештер өткөрүлөт.Тараптар спорттук маалымат алмашуу, футболду башкаруу системасын өркүндөтүү, калыстар институтун өнүктүрүү, машыктыруучуларды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу жаатында алка түзүүнү макулдашты. Турнирлерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешип иш алып баруу боюнча да кеп болду. "Кол коюлган меморандум Кыргыз футбол уюму үчүн эл аралык байланыштарды кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана улуттук футболдун бардык деңгээлде сапаттуу өсүшүн камсыз кылуу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат", — деп билдиришти уюмдан. Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев Сауд Арабияга жасаган иш сапарынын алкагында U-23 Азия Кубогунун оюндарын көрүүдө. Кечээ Кыргызстан курама командасы турнирдин кожоюндарына 0:1 эсебинде минималдуу айырма менен утулуп калды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/08/1099043376_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_552d6c755b24abafaa03876dabbb0d44.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио