https://sputnik.kg/20260108/1099045489.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз футбол уюмунун президенти Камчыбек Ташиев Жидда шаарында Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын машыгуусун көрдү. Кыргыз футбол... 08.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-08T11:00+0600
2026-01-08T11:00+0600
2026-01-08T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/08/1099045323_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_739e9a6386d163fea1e29d63baf8f3a9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз футбол уюмунун президенти Камчыбек Ташиев Жидда шаарында Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын машыгуусун көрдү. Кыргыз футбол уюмунун президенти “Ак шумкарлардын” Вьетнамга каршы маанилүү беттешин утурлай барган. Ал футболчулар менен жолугуп, командага колдоо көрсөтүп, дем-күч берген сөзүн айткан. Ташиев эл аралык аренада өлкөнүн намысын коргоодо берилип, уюшкандыкта оюн көрсөтүү маанилүү экенин белгилеген. Эске салсак, Кыргызстан калыстардын талаштуу чечимдеринин шартында Сауд Арабияга утулуп калды. 9-январда Вьетнам менен, ал эми 12-январда Иордания курама тобу менен күч сынашат.
АКШга барчу кыргызстандыктар эми 5000 доллардан 15 миң долларга чейин төлөгөнгө туура келет. Бул туурасында Мамдепартаменттин сайтында айтылган. Маалыматта бул кепилдик берчү визалык төлөм экени белгиленген. Жаңы талап B-1 жана B-2 визаларына — иш сапар, туристтик жана жеке сапар үчүн колдонулмакчы. АКШ бул тартипти визанын мөөнөтүн бузушу ыктымалдыгы жогору деп эсептелген, өлкөлөргө киргизип, азыр баш-аягы 38ге жетти. Башында 13 өлкө болсо, дагы 25ти кошту. Эми алардын катарына Кыргызстан да кирип, аталган талап быйылкы жылдын 21-январынан тарта иштей турганы айтылды. Кыргызстан менен бирге Тажикстан жана Түркмөнстан да кошулган. Visa bond талап кылынгандар АКШга кирүүдө кошумча шарттарды да аткарышы керек. Тактап айтканда, алар өлкөгө алдын ала белгиленген эл аралык үч аэропорт аркылуу гана кире алат дешти. Алар Вашингтондогу Даллес, Бостондогу Логан жана Нью-Йорктогу Кеннеди аба майдандары.
Эл аралык Кызыл чырым комитети эл аралык коомчулукту Афганстанга көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө чакырды. Бул тууралуу коомдун ыкчам ишмердүүлүк боюнча башкармалыгынын директору Ясмин Пра-Дессимо РИА Новостиге берген маегинде билдирди. Анын айтымында, эл аралык коомчулук колдоону күчөтүшү керек. Анткени гуманитардык уюмдар келечекте толук кандуу иштеп жаткан мамлекеттик сектордун ордун узакка чейин, майнаптуу болуп баса албайт жана мындай ыйгарым укуктарга да ээ эмес. Андан тышкары, гуманитардык ишмердүүлүктү каржылоонун көлөмү азайып, эң аярлуу катмарга жардам жетпей калууда. Пра-Дессимо Афганстанга кайтуу чечими буга чейин эле көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жаткан адамдарга олуттуу таасир тийгизерин кошумчалады. Анын айтымында, көп жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткендер үчүн Афганстанга кайтуу оңой болбойт. Ал ошондой эле кайтуу чечими сөзсүз түрдө ыктыярдуу болуп, аң-сезимдүү тандоого жана ар бир адамдын абалын өзүнчө баалоого негизделиши керектигин баса белгиледи. Былтыр декабрь айында Афганстандын качкындар жана репатриация иштери боюнча министри Абдул Кабир "Талибан" кыймылы кайрадан бийликке келгенден берки төрт жыл ичинде өлкөгө болжол менен 6,8 миллион репатриант кайтып келгенин билдирген. Эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, учурда афган качкындары дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө жашап жатышат. Алардын расмий катталган саны эле алты миллиондон ашат. Афган качкындарын эң көп кабыл алган өлкөлөр — Иран, Пакистан жана Германия.
Кыргыз футбол уюмунун президенти Камчыбек Ташиев Жидда шаарында Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын машыгуусун көрдү. Кыргыз футбол уюмунун президенти “Ак шумкарлардын” Вьетнамга каршы маанилүү беттешин утурлай барган. Ал футболчулар менен жолугуп, командага колдоо көрсөтүп, дем-күч берген сөзүн айткан. Ташиев эл аралык аренада өлкөнүн намысын коргоодо берилип, уюшкандыкта оюн көрсөтүү маанилүү экенин белгилеген. Эске салсак, Кыргызстан калыстардын талаштуу чечимдеринин шартында Сауд Арабияга утулуп калды. 9-январда Вьетнам менен, ал эми 12-январда Иордания курама тобу менен күч сынашат. АКШга барчу кыргызстандыктар эми 5000 доллардан 15 миң долларга чейин төлөгөнгө туура келет. Бул туурасында Мамдепартаменттин сайтында айтылган. Маалыматта бул кепилдик берчү визалык төлөм экени белгиленген. Жаңы талап B-1 жана B-2 визаларына — иш сапар, туристтик жана жеке сапар үчүн колдонулмакчы. АКШ бул тартипти визанын мөөнөтүн бузушу ыктымалдыгы жогору деп эсептелген, өлкөлөргө киргизип, азыр баш-аягы 38ге жетти. Башында 13 өлкө болсо, дагы 25ти кошту. Эми алардын катарына Кыргызстан да кирип, аталган талап быйылкы жылдын 21-январынан тарта иштей турганы айтылды. Кыргызстан менен бирге Тажикстан жана Түркмөнстан да кошулган. Visa bond талап кылынгандар АКШга кирүүдө кошумча шарттарды да аткарышы керек. Тактап айтканда, алар өлкөгө алдын ала белгиленген эл аралык үч аэропорт аркылуу гана кире алат дешти. Алар Вашингтондогу Даллес, Бостондогу Логан жана Нью-Йорктогу Кеннеди аба майдандары.Эл аралык Кызыл чырым комитети эл аралык коомчулукту Афганстанга көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө чакырды. Бул тууралуу коомдун ыкчам ишмердүүлүк боюнча башкармалыгынын директору Ясмин Пра-Дессимо РИА Новостиге берген маегинде билдирди. Анын айтымында, эл аралык коомчулук колдоону күчөтүшү керек. Анткени гуманитардык уюмдар келечекте толук кандуу иштеп жаткан мамлекеттик сектордун ордун узакка чейин, майнаптуу болуп баса албайт жана мындай ыйгарым укуктарга да ээ эмес. Андан тышкары, гуманитардык ишмердүүлүктү каржылоонун көлөмү азайып, эң аярлуу катмарга жардам жетпей калууда. Пра-Дессимо Афганстанга кайтуу чечими буга чейин эле көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жаткан адамдарга олуттуу таасир тийгизерин кошумчалады. Анын айтымында, көп жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткендер үчүн Афганстанга кайтуу оңой болбойт. Ал ошондой эле кайтуу чечими сөзсүз түрдө ыктыярдуу болуп, аң-сезимдүү тандоого жана ар бир адамдын абалын өзүнчө баалоого негизделиши керектигин баса белгиледи. Былтыр декабрь айында Афганстандын качкындар жана репатриация иштери боюнча министри Абдул Кабир "Талибан" кыймылы кайрадан бийликке келгенден берки төрт жыл ичинде өлкөгө болжол менен 6,8 миллион репатриант кайтып келгенин билдирген. Эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, учурда афган качкындары дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө жашап жатышат. Алардын расмий катталган саны эле алты миллиондон ашат. Афган качкындарын эң көп кабыл алган өлкөлөр — Иран, Пакистан жана Германия.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/08/1099045323_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_783c962eaf7492b308d8d6d1878c56b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио