https://sputnik.kg/20260109/1099059216.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эркектердин бош убактысы кыз-келиндерге салыштырмалуу бир саатка көп экени Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат. Аялдардын... 09.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-09T11:00+0600
2026-01-09T11:00+0600
2026-01-09T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/09/1099059050_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_be242a01443da42cdebd0c0265117013.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эркектердин бош убактысы кыз-келиндерге салыштырмалуу бир саатка көп экени Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат. Аялдардын убактысын негизинен үй оокаты алат. Кыргызстандыктардын беш сааттан арбыныраак мезгили эс алуу менен көңүл ачууга сарпталат. Анын үчтөн бир бөлүгү телевизор көрүүгө кетет. Ал эми спорт жана сейилдөөгө аптасына үч сааттай сарпталат. Кыргызстандык жаштар менен өспүрүмдөрдүн убактысы бир аз башкача өтөт. Алар концерт, дискотека, компьютердик оюндар, спорт жана китеп окуу менен алек болушат. Бул нерсе жаштардын бош убактысынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Маалымат 12 жаштан жогорку курактагы үй-бүлө мүчөлөрүн сурамжылоонун (2025-жыл) негизинде берилген.
Бишкектин жанында түшүп жаткан Алтай турак жай шаарчасынын курулушу туурасында видео жана маалыматтарга Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирүү таратты.Буга чейин интернет айдыңына тараган видеодо жерпай үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда. Ал эми Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов социалдык тармакка бул курулуш Илимдер академиясынын Сейсмология институту менен макулдашылбагандыгын жазган. Буга жооп кылган министрлик аталган объект боюнча курулуш иштери башталганга чейин мыйзам талаптарына ылайык инженердик-геологиялык жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Анын жыйынтыгында жер астындагы суулардын деңгээли алдын ала аныкталып, долбоордо тиешелүү инженердик чечимдер каралган. Министрлик жарандарды Алтай шаарчасынын курулушу боюнча тынчсызданбоого чакырып, бардыгы көзөмөлдө экендигин кошумчалаган. Эске салсак, былтыр 20-ноябрда президент Садыр Жапаров 34 миң батир салынчу бул шаарчанын түптөлүшүнө катышып, кыргызстандык инвесторлор куруп жатканына кубангандыгын билдирген.
Өзү күчтөн тая баштаган Европа жоголуп бараткан Украинаны кантип сактап калууну талкуулаганы акылга сыйбаган, күлкүлүү көрүнүш. Мындай пикирин Пентагондун мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор Рэйчел Блевинстин YouTube-каналына курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды. "Азыр эски эрежелер четинен иштен чыга баштаган учур. НАТО да урап жатат. Украина кыйроодо. Эгерде силер Украина боюнча жыйын өткөрмөкчү болуп жатсаңар, бул адамдардын тажыяга келгенине, ал эми сөөк алдыңарда жатканына эле окшош көрүнүш. Келгендер "биз эмне кылышыбыз керек?" деп сурашса, "сен бутун, мен колун алайын, бизге дененин ушул бөлүктөрү өтө керек" дейсиңер. Укрианага байланыштуу абалды ушундай десе болот. Евробримдик өзү жоголуп, урап бара жатат", — деген аскер кызматкери. Шаршембиде "каалоосу барлардын коалициясы" Парижде жолукту. Саммиттен кийин Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер анын катышуучулары тынчтык орногон соң постсоветтик өлкөгө аскерлерин жайгаштыруу жөнүндөгү декларацияны кабыл алышканын билдирген. Мурдараак РФ лидери Владимир Путин Украинанын аймагына коюлган бардык чет элдик аскерлер мыйзамдуу түрдө согуштук максатты көздөп турганын айткан эле. Президент тынчтык орнотулгандан кийин ал жакка чет элдик аскер кызматкерлерди жайгаштыруу орунсуз деп кошумчалаган.
Кыргызстандагы эркектердин бош убактысы кыз-келиндерге салыштырмалуу бир саатка көп экени Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат. Аялдардын убактысын негизинен үй оокаты алат. Кыргызстандыктардын беш сааттан арбыныраак мезгили эс алуу менен көңүл ачууга сарпталат. Анын үчтөн бир бөлүгү телевизор көрүүгө кетет. Ал эми спорт жана сейилдөөгө аптасына үч сааттай сарпталат. Кыргызстандык жаштар менен өспүрүмдөрдүн убактысы бир аз башкача өтөт. Алар концерт, дискотека, компьютердик оюндар, спорт жана китеп окуу менен алек болушат. Бул нерсе жаштардын бош убактысынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Маалымат 12 жаштан жогорку курактагы үй-бүлө мүчөлөрүн сурамжылоонун (2025-жыл) негизинде берилген.Бишкектин жанында түшүп жаткан Алтай турак жай шаарчасынын курулушу туурасында видео жана маалыматтарга Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирүү таратты.Буга чейин интернет айдыңына тараган видеодо жерпай үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда. Ал эми Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов социалдык тармакка бул курулуш Илимдер академиясынын Сейсмология институту менен макулдашылбагандыгын жазган. Буга жооп кылган министрлик аталган объект боюнча курулуш иштери башталганга чейин мыйзам талаптарына ылайык инженердик-геологиялык жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Анын жыйынтыгында жер астындагы суулардын деңгээли алдын ала аныкталып, долбоордо тиешелүү инженердик чечимдер каралган. Министрлик жарандарды Алтай шаарчасынын курулушу боюнча тынчсызданбоого чакырып, бардыгы көзөмөлдө экендигин кошумчалаган. Эске салсак, былтыр 20-ноябрда президент Садыр Жапаров 34 миң батир салынчу бул шаарчанын түптөлүшүнө катышып, кыргызстандык инвесторлор куруп жатканына кубангандыгын билдирген.Өзү күчтөн тая баштаган Европа жоголуп бараткан Украинаны кантип сактап калууну талкуулаганы акылга сыйбаган, күлкүлүү көрүнүш. Мындай пикирин Пентагондун мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор Рэйчел Блевинстин YouTube-каналына курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды. "Азыр эски эрежелер четинен иштен чыга баштаган учур. НАТО да урап жатат. Украина кыйроодо. Эгерде силер Украина боюнча жыйын өткөрмөкчү болуп жатсаңар, бул адамдардын тажыяга келгенине, ал эми сөөк алдыңарда жатканына эле окшош көрүнүш. Келгендер "биз эмне кылышыбыз керек?" деп сурашса, "сен бутун, мен колун алайын, бизге дененин ушул бөлүктөрү өтө керек" дейсиңер. Укрианага байланыштуу абалды ушундай десе болот. Евробримдик өзү жоголуп, урап бара жатат", — деген аскер кызматкери. Шаршембиде "каалоосу барлардын коалициясы" Парижде жолукту. Саммиттен кийин Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер анын катышуучулары тынчтык орногон соң постсоветтик өлкөгө аскерлерин жайгаштыруу жөнүндөгү декларацияны кабыл алышканын билдирген. Мурдараак РФ лидери Владимир Путин Украинанын аймагына коюлган бардык чет элдик аскерлер мыйзамдуу түрдө согуштук максатты көздөп турганын айткан эле. Президент тынчтык орнотулгандан кийин ал жакка чет элдик аскер кызматкерлерди жайгаштыруу орунсуз деп кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/09/1099059050_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9c13987d7e0710385b20f0a8f065e75c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио