Алтынга бир кадам! Айсулуу Тыныбекованын финалдагы каршылашынын таржымалы

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWЯпониялык балбан кыз Юкако Каваи
Япониялык балбан кыз Юкако Каваи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Япониялык Юкако Каваи 24 жашта. 2014-жылы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон. 2018-жылкы дүйнө биринчилигинде күмүш байгени алган.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешинин алтын байгеси үчүн япониялык балбан кыз Юкако Каваи менен күрөшөт.

Каваи 24 жашта. 2014-жылы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон. 2018-жылкы дүйнө биринчилигинде күмүш байгени алган.

Мындан эки жыл мурда Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болуп, Олимпиадага жолдомо колуна тийген.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Акжолдун агасы: балабыз чоң атасынан бата алып, алтын утууга сөз берип кеткен
Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун рейтингинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын арасында Айсулуу биринчи орунда болсо, Юкако төртүнчүдө турат.

Айсулуу Тыныбекова бүгүн жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону утуп алды.

Ага чейин чейрек финалда румыниялык Кристина Инченин далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Ал эми баштапкы этапта латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашып 8:0 эсебинде утуп алган.

Атаандаштар алтын үчүн эртең, 4-август күнү, беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0