12:24 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
32 0 0

Эртең башталган турнир жекшемби күнү жыйынтыкталат. Пандемияга жана дистанциялардын уюштурулушуна карап спортчулар эки тайпага бөлүнгөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын ачык чемпионаты болорун мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш 17-20-июнь күндөрү "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Ага ар кандай жаш курактагы жана салмактагы 400дөй спортчу катышары күтүлүүдө. Пандемияга жана дистанциялардын уюштурулушуна карап спортчулар эки тайпага бөлүнгөн.

Спорттук иш-чара үчүнчү ирет болгону турат. Ал Пауэрлифтинг федерациясынын жетекчиси, Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Дороженконун демилгеси жана Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын колдоосу менен өтмөкчү.

Турнирдин жеңүүчүлөрү медаль, грамота жана баалуу белектер менен сыйланат.

Тема боюнча

Бишкекте өтө турган түнкү марафондун программасы жарыяланды
Жаш боксчулар Казакстандагы турнирден 8 медаль алып келди. Сүрөт
Белгилер:
Бишкек, Борбордук Азия, пауэрлифтинг, чемпионат, спорт, мелдеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ