00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые нас не оставили равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ден соолукка зыян келтирбей кантип арыктаса болот? Дарыгердин кеңеши
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
Айтматовдун чыгармасынан шыктанган «Кассандра» тасмасы чоң экранда
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Микеланджело, Дали и «Подсолнухи» Ван Гога: самые громкие мистификации в истории искусства
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
14-майда министрлер кабинетинин тескемеси менен 2026-2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча программасы бекитилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, программа президенттин "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасына жана 2021-2030-жылдарга өлкөнүн миграция саясатынын концепциясына ылайык иштелип чыккан. Программанын негизги максаты – чет мамлекеттерден кайтып келген Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн комплекстүү системасын түзүү, алардын социалдык жана экономикалык жактан ийгиликтүү адаптацияланышын камсыз кылуу, ошондой эле кесиптик, эмгектик жана ишкердик потенциалын өлкөнүн өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.Программа кайтып келген мигранттарды туруктуу реинтеграциялоого багытталган бир катар артыкчылыктуу багыттарды камтыйт.
Эми кошуналар, эл түндө тынчын алгандарды видеого тарта алышат. Президент Садыр Жапаров бул жааттагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, жашоочулар, кварталдык комитеттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тынчтык бербегендер боюнча акт түзүп, аны сүрөт жана видеого тартып тиешелүү органдарга берсе болот. Бул материалдар кийин мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартууда далил катары колдонулат. Анда турак үйлөрдө, эс алуу аймактарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин элдин тынчын алган добуштарды чыгарбоо керектиги айтылган. Тагыраагы, музыка жана башка ызы-чуунун дабышы атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек. Мындан тышкары, Жаңы жыл түнү жана расмий белгиленген мамлекеттик майрамдарда түнкү саат 03:00гө чейин ырдап-чоордоого уруксат берилет. Өзгөртүүлөрдө курулуш иштери да ызы-чуунун булагы катары так көрсөтүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникалык буюмдарды сатуу, сактоо, ташуу, колдонуу, алып кирүү жана жок кылуу тартиби жөнгө салынарын билдирди. Жаңы эрежелер коомдук талкууга коюлду. Негизги өзгөрүүлөр: Пиротехникалык буюмдар кооптуулугуна жараша 5 класска бөлүнүп, калкка 1-3-класстагылары гана сатылат. Ал эми 4-5-класстагыларды колдонуу жана сатуу лицензиясы бар адамдарга гана уруксат берилет Аталган товарды 18 жаштан жогорку курактагы жарандар гана сатып ала алат Пиротехника атайын лицензиясы жана сактоочу жайга уруксаты бар дүкөндөрдө гана сатылышы керек. Көп кабаттуу үйлөрдүн ичиндеги соода жайларда сатууга тыюу салынат Ар бир пиротехникалык буюмда өндүрүүчү, чыгарылган күнү, партиясынын номери жана ЕАЭБ сертификаты көрсөтүлүшү зарыл Фейерверк аттыруу үчүн жергиликтүү бийликтин, өрт коопсуздугу жана ички иштер органдарынын уруксаты талап кылынат. Ал эми ооруканалардын, мектептердин, тарыхый объектилердин, көрүстөндөрдүн жана электр линияларынын жанында атууга болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0