00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ден соолукка зыян келтирбей кантип арыктаса болот? Дарыгердин кеңеши
15:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
Айтматовдун чыгармасынан шыктанган «Кассандра» тасмасы чоң экранда
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Микеланджело, Дали и «Подсолнухи» Ван Гога: самые громкие мистификации в истории искусства
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады Өлкө башчы кыргыз энелери балдарын намыска сугарып, эл-жер, Мекен деген ыйык сезимдерди ыйгарып, ата-бабалардан калган нарк-насилди сиңирип тарбиялап келгенин белгиледи. "Бүгүнкү күндө кыргыз энелери уул-кыздарды тарбиялап гана тим болбостон, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, илимде, маданиятта, ишкердикте жана мамлекеттик кызматта ийгиликтүү эмгектенип, коомубуздун таянычына айланган. Ошондуктан кыргыз коомчулугу энени жөн гана бала төрөгөн аял эмес, үйдүн куту, тарбиянын башаты жана улуттун келечегин калыптандыруучу аты улук аялзаты катары жогору баалашат!-деди олко башчы.
Быйыл Эгемендик майрамына карата республика боюнча 74 объект пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министрлигинин Турак жай, жарандык курулуш департаменттин директору Жыргалбек Медетканов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, алардын ичинде 31 мектеп, 9 бала бакча, 7 спорт комплекс, 2 саламаттык сактоо объектиси жана 5 административдик имараттар болуп 57 курулуш бар. “Ошондой эле 12 мектеп, 1 бала бакча, 2 саламаттык сактоо, 1 таза суу объектилери жана 1 административдик имарат болгон 17 ондоп-түзөө объектилеринин курулушун бүткөрөбүз. Андан тышкары, жылдын аягына чейин 200дөн ашык объектини тапшыралы деп турабыз. Курулуштар толугу менен пайдубалынан чатырына чейин ар бир мыгы кагылганга чейин көзөмөлдө турат”,- деди Медетканов.
Ушул жылдын акыркы үч айында Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын-валюта резерви 1 миллиард 540 миллион долларга азайды. Бул тууралуу башкы банктан билдиришти. Мааламатка караганда, жыл жаңыргандан берки көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй: январь айынын аягына карата — 10 млрд. 177,2 млн. доллар (рекорд); февраль айынын аягына карата — 9,6 млрд. доллардан бир аз ашык; март айынын аягына карата — дээрлик 8,7 млрд. доллар; апрель айынын аягына карата — 8 млрд. 637,7 млн. доллар. Бул аралыкта дүйнөлүк алтындын баасы төмөндөдү, ал эми Улуттук банк валюта рыногунда 759,4 миллион доллар саткан. Белгилей кетсек, алтын-валюта резерви сомдун курсунун туруктуулугун камсыз кылууга жардам берет.
Кыргызстанда 1-июндан тарта жол эрежесин аныктаган жаңы камералар ишке кирет. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти. Жол милициясы эреже бузууларды автоматтык түрдө аныктаган жаңы программалык-аппараттык комплекстерди көрсөткөн. Ал ылдамдыкты ашырууну, коопсуздук курун тагынбоону, унаа айдап бара жатып телефон колдонууну, каршы тилкеге чыгууну аныктайт.
Бишкекте бала бакчалардын иш графигин өзгөртүү сунушталууда. Балдарды эртең мененки саат 7:00дөн тарта кабыл алуу маселеси шаар тургундары мэр Айбек Жунушалиев менен болгон жолугушууда көтөрүштү. Тургундардын бири учурдагы график эрте жумушка кеткен ата-энелерге ыңгайсыздык жаратып жатканын белгиледи. “Эмнеге мурдагыдай эле саат 7:00дөн 19:00гө чейин иштөө тартибин кайтарууга болбойт?” — деп кайрылды ал мэрге. Жунушалиев бул маселе былтыртан бери көтөрүлүп келе жатканын белгиледи. Ал борбор калаа бул маселени шаардык кеңеш аркылуу өз алдынча чече аларын айтып, анын кароосуна киргизүүнү тапшырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0