https://sputnik.kg/20260517/1101365869.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мордовиянын башчысы Артем Здунов жана Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен... 17.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-17T17:00+0600
2026-05-17T17:00+0600
2026-05-17T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/11/1101365703_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e19c820cfbfd30bb158488f35a992024.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мордовиянын башчысы Артем Здунов жана Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Артем Здунов менен болгон жолугушууда соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана бизнес-коомчулуктардын ортосундагы түз байланыштарды колдоого негизги басым жасалды. Тараптар диалогдун улантуулугун белгилеп, ушул жылы Кыргызстанда өтө турган 12-Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына даярдыктарды талкуулашты. Данияр Амангелдиев Мордовиянын расмий жана ишкер делегацияларын инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн аталган аянтчага келүүгө чакырды. Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен болгон жолугушууда тараптар бекем өнөктөштүк байланыштарды түзүү келечегин талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн контурларын белгилешти.Сүйлөшүүчүлөр сектордук кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бизнестин жана туризмдин чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого көңүл бурушту.
Бишкек шаарында 11-майдан тарта алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Чечим санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле мүрзөлөрдө бош жердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынган. Бул чаралар Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилди. Сөөк коюуга тыюу салынган көрүстөндөр Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде; Эне-Сай конушундаКөк-Жар конушундаОрто-Сай аймагындаЛермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде; Төмөнкү Ала-Арча айылында Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде.Бишкек мэриясы элди киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырып, жаңы көмүү үчүн бөлүнгөн мүрзөлөр боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү муниципалдык ишканага кайрылууну сунуштады.
Россиялык вирусолог Владимир Оберемок хантавирустардын кооптуу өзгөчөлүгүн РИА Новостиге айтып берген. Окумуштуунун пикиринде, вирус COVID-19 сыяктуу чоң көйгөй жаратпаганы менен ал өзгөрүп-кубулуп, улам жаңы түрлөрү пайда болуп турат. "Хантавирустар — РНК камтыган вирустар, аларда мутациялардын пайда болуу ыктымалдыгы жогору, тез өзгөрөт. Келечекте хантавирустун ар кандай түрлөрү пайда болот, алардын арасында кээде кооптуулары да чыгышы мүмкүн. Аларды жугузгандар арасында өлүм көп болуп, тез тарашы ыктымал. Тобокелдик төмөн, бирок ал дайыма бар", — деген Оберемок. Анын айтымында, вирус адамдан адамга өтө сейрек жугат, мутациялардын натыйжасында убакыттын өтүшү менен жаңыланып, кооптуу болушу толук мүмкүн.
ЕАЭБдин Батыш өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 18%га чейин төмөндөгөнүн Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.Анын айтымында, 2022-жылдан бери ЕАЭБдин соода өнөктөштөрүнүн балансы олуттуу өзгөргөн. 2022-жылы биримдиктин товар жүгүртүүсүнүн дээрлик жарымы “Глобалдык Батыш” өлкөлөрүнө туура келсе, азыр бул көрсөткүч кыйла азайган.Ошол эле учурда Глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен соода көлөмү өскөн. Азыр алардын үлүшү жалпы сооданын дээрлик 75%ын түзөт. 2022-жылы бул көрсөткүч 40 пайыз болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мордовиянын башчысы Артем Здунов жана Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Артем Здунов менен болгон жолугушууда соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана бизнес-коомчулуктардын ортосундагы түз байланыштарды колдоого негизги басым жасалды. Тараптар диалогдун улантуулугун белгилеп, ушул жылы Кыргызстанда өтө турган 12-Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына даярдыктарды талкуулашты. Данияр Амангелдиев Мордовиянын расмий жана ишкер делегацияларын инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн аталган аянтчага келүүгө чакырды. Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен болгон жолугушууда тараптар бекем өнөктөштүк байланыштарды түзүү келечегин талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн контурларын белгилешти.Сүйлөшүүчүлөр сектордук кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бизнестин жана туризмдин чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого көңүл бурушту. Бишкек шаарында 11-майдан тарта алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Чечим санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле мүрзөлөрдө бош жердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынган. Бул чаралар Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилди. Сөөк коюуга тыюу салынган көрүстөндөр Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде; Эне-Сай конушундаКөк-Жар конушундаОрто-Сай аймагындаЛермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде; Төмөнкү Ала-Арча айылында Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде.Бишкек мэриясы элди киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырып, жаңы көмүү үчүн бөлүнгөн мүрзөлөр боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү муниципалдык ишканага кайрылууну сунуштады.Россиялык вирусолог Владимир Оберемок хантавирустардын кооптуу өзгөчөлүгүн РИА Новостиге айтып берген. Окумуштуунун пикиринде, вирус COVID-19 сыяктуу чоң көйгөй жаратпаганы менен ал өзгөрүп-кубулуп, улам жаңы түрлөрү пайда болуп турат. "Хантавирустар — РНК камтыган вирустар, аларда мутациялардын пайда болуу ыктымалдыгы жогору, тез өзгөрөт. Келечекте хантавирустун ар кандай түрлөрү пайда болот, алардын арасында кээде кооптуулары да чыгышы мүмкүн. Аларды жугузгандар арасында өлүм көп болуп, тез тарашы ыктымал. Тобокелдик төмөн, бирок ал дайыма бар", — деген Оберемок. Анын айтымында, вирус адамдан адамга өтө сейрек жугат, мутациялардын натыйжасында убакыттын өтүшү менен жаңыланып, кооптуу болушу толук мүмкүн. ЕАЭБдин Батыш өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 18%га чейин төмөндөгөнүн Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.Анын айтымында, 2022-жылдан бери ЕАЭБдин соода өнөктөштөрүнүн балансы олуттуу өзгөргөн. 2022-жылы биримдиктин товар жүгүртүүсүнүн дээрлик жарымы “Глобалдык Батыш” өлкөлөрүнө туура келсе, азыр бул көрсөткүч кыйла азайган.Ошол эле учурда Глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен соода көлөмү өскөн. Азыр алардын үлүшү жалпы сооданын дээрлик 75%ын түзөт. 2022-жылы бул көрсөткүч 40 пайыз болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/11/1101365703_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b79f85a6f937877897dfedb4b6684a50.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио