https://sputnik.kg/20260517/1101364554.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күнгө карата мектепке 1-класстарга 192 миң 250 квота берилип, алардын ичинен 68 миң 643 бала катталып, 123 миң 607 орун бар. Бул тууралуу Агартуу... 17.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-17T15:00+0600
2026-05-17T15:00+0600
2026-05-17T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/11/1101364388_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0c0347fba757580265dec207d14e28a9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күнгө карата мектепке 1-класстарга 192 миң 250 квота берилип, алардын ичинен 68 миң 643 бала катталып, 123 миң 607 орун бар. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Гүлиза Көчөрбаева радиолордун биринде түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, каттоо өлкөнүн бардык аймактарында электрондук форматта жүрүүдө. “Жети жылдан бери Кыргызстанда мектепке 1-класска каттоо тартиби электрондук форматта өтүп жатат. Биринчи жылы пилоттук режимде өтсө, кийинки жылдардан тартип электрондук түрдө кадимки тартипте өтүп келет. Мектепке кабыл алуудагы өзгөчөлүктөрү былтыр 12 жылдык билим берүүнүн алкагында мектепке 1-2-класстарга балдар кабыл алынса, быйыл 1-класска гана кабыл алынууда. Биринчи этап 1-апрелден башталса, экинчи этап 1-июндан башталат. Биринчи этапта ата-энелер туруктуу жашаган жери боюнча балдарын каттай алат. Системада ата-энелерге жашаган жерине жараша бир мектеп көрсөтүлөт”,- деди Көчөрбаева.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Чоң-Алай районунда жашаган памирлик кыргыздардан кабар алды. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө үй-бүлөлөрдүн социалдык-тиричилик шарттары, социалдык колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик кызматтарды алуу маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө Чоң-Алайда памирлик кыргыздардын 172 өкүлү жашайт. Бардык үй-бүлөлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык каралган социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды алып жатканы белгиленди. Министрлик тарабынан социалдык коргоону камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо маселелери боюнча туруктуу негизде иштер жүргүзүлүүдө.
2020-жылдан тарта өлкөдө төрөлгөндөрдүн саны азаюуда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 2000-жылдардан бери Кыргызстанда төрөт боюнча көрсөткүчү өсүп келип, анын эң жогорку чеги 2019-жылга туура келген. Бирок андан кийин азаюу тенденциясы байкалган."Ошого карабастан, бир аялга орточо эсептегенде үчтөн бала туура келет, бул өлкөдө калктын көбөйүшүн камсыз кылууга жетиштүү деңгээл болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, былтыр республикада 140 миңден ашык аял көз жарган. Орто эсеп менен кыргызстандык аял биринчи баласын 23-24 жашында төрөйт.
Ысык-Көлдө “Круиз” яхта-клубунун базасында жел кайык спорту боюнча Борбор Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгачкы жолу уюштурулуп жаткан чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышууда. Мелдеш 16-майдан 21-майга чейин уланат. Иш-чаранын ачылышында Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов мындай эл аралык мелдештер Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана спортту өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.
Бүгүнкү күнгө карата мектепке 1-класстарга 192 миң 250 квота берилип, алардын ичинен 68 миң 643 бала катталып, 123 миң 607 орун бар. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Гүлиза Көчөрбаева радиолордун биринде түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, каттоо өлкөнүн бардык аймактарында электрондук форматта жүрүүдө. “Жети жылдан бери Кыргызстанда мектепке 1-класска каттоо тартиби электрондук форматта өтүп жатат. Биринчи жылы пилоттук режимде өтсө, кийинки жылдардан тартип электрондук түрдө кадимки тартипте өтүп келет. Мектепке кабыл алуудагы өзгөчөлүктөрү былтыр 12 жылдык билим берүүнүн алкагында мектепке 1-2-класстарга балдар кабыл алынса, быйыл 1-класска гана кабыл алынууда. Биринчи этап 1-апрелден башталса, экинчи этап 1-июндан башталат. Биринчи этапта ата-энелер туруктуу жашаган жери боюнча балдарын каттай алат. Системада ата-энелерге жашаган жерине жараша бир мектеп көрсөтүлөт”,- деди Көчөрбаева.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Чоң-Алай районунда жашаган памирлик кыргыздардан кабар алды. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө үй-бүлөлөрдүн социалдык-тиричилик шарттары, социалдык колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик кызматтарды алуу маселелери талкууланды. Бүгүнкү күндө Чоң-Алайда памирлик кыргыздардын 172 өкүлү жашайт. Бардык үй-бүлөлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык каралган социалдык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды алып жатканы белгиленди. Министрлик тарабынан социалдык коргоону камсыз кылуу, мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо маселелери боюнча туруктуу негизде иштер жүргүзүлүүдө.2020-жылдан тарта өлкөдө төрөлгөндөрдүн саны азаюуда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 2000-жылдардан бери Кыргызстанда төрөт боюнча көрсөткүчү өсүп келип, анын эң жогорку чеги 2019-жылга туура келген. Бирок андан кийин азаюу тенденциясы байкалган."Ошого карабастан, бир аялга орточо эсептегенде үчтөн бала туура келет, бул өлкөдө калктын көбөйүшүн камсыз кылууга жетиштүү деңгээл болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, былтыр республикада 140 миңден ашык аял көз жарган. Орто эсеп менен кыргызстандык аял биринчи баласын 23-24 жашында төрөйт. Ысык-Көлдө “Круиз” яхта-клубунун базасында жел кайык спорту боюнча Борбор Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгачкы жолу уюштурулуп жаткан чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышууда. Мелдеш 16-майдан 21-майга чейин уланат. Иш-чаранын ачылышында Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов мындай эл аралык мелдештер Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана спортту өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/11/1101364388_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fadb9baa9d38ab782b35ca237fe2cfad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио