Мейрамбек Ахметов: Пекинде Канат Бегалиевди уурданып жүрүп колдоп келгем

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженный тренер КР по греко-римской борьбе Мейрамбек Ахметов
Заслуженный тренер КР по греко-римской борьбе Мейрамбек Ахметов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Быйыл, 2021-жылы, Токиодо Жайкы Олимпиада оюндары болот. Спорттогу эң маанилүү мелдеш 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Кыргызстандык спортчулардын Олимпиада оюндарына катышып, байге утуу максаты бар.
Өлкөнүн грек-рим күрөшүнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов төрт Олимпиадага спортчу даярдаган адис болуп саналат. 2008-жылы Пекин Олимпиадасында күмүш медаль уткан Канатбек Бегалиевдин жеке машыктыруучусу болгон. Бирок Кыргызстандын Пекинге барчу расмий делегациясынын курамына кирбей калган. Ага карабай өз жолу менен барып, шакиртине ар тараптан колдоо көрсөткөн.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик спортчулардын Олимпиада оюндарына даярдыгы боюнча маектерди жарыялап келет. Анын алкагында Мейрамбек Ахметовду кепке тарттык.
— Мейрамбек мырза, Пекин Олимпиадасына "уурданып" барып келгениңиз боюнча айтып бериңизчи...
— Бул кызык окуя болгон. Мен даярдаган балбан Канатбек Бегалиев Пекин Олимпиадасына жолдомо алды. Даярдыкты бекемдеп, оюнга жакындаганда КРден барчу расмий өкүлдөрдүн тизмеси бекитилип, ага мен кирбей калдым. Мурда улуттук команданын башкы машыктыруучусу, жардамчысы барчу. Балбандардын жеке устаты жиберилбей келген.
— Сиз ошого карабай жолго аттандыңызбы?
— Ал кезде Александр Воинов Дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы болчу. Ага түз эле барып Пекинге барам деп жардам сурадым. "Эгер мен барсам, Канатбек Бегалиев байгелүү орунга жетет" деп сөз бердим. Эмненин негизинде мындай ишенимдүү болгонумду сурады. Ошол жылдары чынында Канатбек табында эле. Анын Олимп оюндарына барган атаандаштарынын баарын, Канаттын ким менен кандай күрөш алып барышы керектигин мен билчүмүн. Ушунун баарын айтсам мага билет менен виза жасатып берген. Анан Кытайдын элчилиги жабылды. Мен кат жазып, тийиштүү тараптарга кайрылып жатып, Олимпиадага бир күн калганда араң виза алганбыз. Бирок ал виза менен Пекинге барып, болгону Олимпиада шаарчасындагы спортчулар машыгуучу, беттешке даярдануучу аймакка гана кире аласың. Айла жок, ошого да макул болуп баргам. 
© AP Photo / Ed Wray2008-жылы 13-августта, балбан Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмак ченинде Пекин Олимпиадасында финалга чыккан учуру
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2008-жылы 13-августта, балбан Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмак ченинде Пекин Олимпиадасында финалга чыккан учуру
— Анан кандай жагдайларга туш болдуңуз?
— Кызыктын баары ошол жакта башталды. Жата турган жай боюнча көйгөйлөр баштады. Эркин күрөш федерациясынын жетекчиси Мелис Турганбаевдин бир тааныш полиция кызматкери бар экен, ошого дайындады.
Кытайга учуп бардык. Аккредитациясы барлардын баарын тосуп алып кетишти. Биз аэропортто калдык. Дайындаган полиция мени тосуп алып кабинетине алып барган. Иштеген бөлмөсүнүн бир четинде эки кабаттуу керебет бар экен ошого жатасың деп орноштуруп коюп өзү жумушу менен кетет.
Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмак ченинде Пекин Олимпиадасында күмүш байгесинин ээси Канатбек Бегалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2020
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем
Анан Руслан Түмөнбаевге байланыштык, ал Канатбек Бегалиевдин бейджигин алып келди. Аны менен уурданып биздин команда жайгашкан отелге барганбыз. Эки кишиге ылайыкташкан бөлмөгө үч киши түнөп, дарыгерлерге берилген бөлмөлөрдөгү массаж столуна жатып күн өткөргөн учур болду. Отелде балбандар жаткан кабатта КРдин жөө күлүктөрү үчүн алынган бөлмөлөр бар экен. Сурасам алар эки күндөн кийин келишет дешти. Номерлердин ачкычын алып ошол жакка жата турган болдум. Аккредитациясы барлар эртең менен туруп, сааты келгенде тамактанууга, машыгууга, Олимпиада шаарчасына кетишет. Мен калам. Бейджик алып келишет, анан алардын артынан барам. Ансыз эч кыймыл болбойт. Тамактануу жайына бара албайсын, отелден чыксаң кайра кире албайсың, автобуска түшө албайсың...
Анын Руслан Түмөнбаев күрөшүп коло медаль утту. Бүтүндөй команда сүйүндүк. Канатбек экөө бир бөлмөдө болчу. Эртеси күнү Канат килемге чыгыш керек. Анан Русланды куттуктап келгендер көп болуп, Канаттын эс алганына, даярданышына жакшы мүмкүнчүлүк болбойт деп мен аны өзүм жаткан бөлмөгө алып кеттим. Психологиялык жактан даярдадым. Канат деле өзүнө аябай ишенип турган.
Кийин Канат күрөшкө чыкканда Руслан Түмөнбаевдин бейджигин тагынып алып жүрдүм. 
© Sputnik / Табылды КадырбековОлимпиада оюндарына шакирттерди таптап чыккан КРдин грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов
Заслуженный тренер КР по греко-римской борьбе Мейрамбек Ахметов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Олимпиада оюндарына шакирттерди таптап чыккан КРдин грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов
— Башка бирөөнүн бейджиги менен кокус кармалып калсам эмне болот деген коркунуч болгон жокпу?
— Чынын айтсам, ошол оюма келген эмес экен. Балбандарыбыз жакшы күрөшсө экен деп жүрүп, кармалып калам деген ой такыр келбептир. Даярдыктын кумарына кирип кеткенде бирөөнүн бейджиги менен жүргөнүмдү деле унутуп калдым.
2012-жылы Лондон Олимпиадасында менин окуямдай болуп Кыргызстандын башка өкүлдөрү бирөөнүн бейджиги менен кармалып, уюштуруучулар тартып алышкан. Кийин аны депортация да кылган экен.
— Бегалиев килемге чыкканда сиз башкы машыктыруучу менен кошо секундант болгонсуз да?
— Кээ бир кармашында болдум, айрымдарына чыккан эмесмин. Канатбек Бегалиев 8/1 финалда америкалык Жак Детслер менен кармашканда чыгып башкы машыктыруучуга жардам берип, секунданттык кылгам.
Анын группасы татаал болчу, чүчү кулактын жыйынтыгы менен олимпиада чемпиону, дүйнө, Европа чемпиондору бир тарапка чогулуп калган. Ошого карабай четинен баары менен күрөшүп, финалга чыкты. Аябай сүйүнгөм. Андагы эмоцияларды, сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайсың.
— Сиз өзүңүз да профессионал балбан, СССРдин спорт чебери болгонсуз. Мунун баары далай жеңиштердин аркасынан келген да. Шакирттин ийгиликке жеткени да өзүнчө кубаныч болсо керек...
— Ал өзгөчө сезимдер да. Адам аны өз башынан өткөрмөйүнчө билбейт. Өзүң уткандай эле кубанасың. Өкүнүчтүүсү — эртеси күнү финалда Канатбек ута албай калды. Өлкө капчыгына күмүш медаль алып келгенин бүтүндөй кыргыз эли жакшы билет. 
© Фото / из личного архива Мейрамбека АхметоваМейрамбек Ахметов Олимпиаданын катышуучусу Арсен Эралиев жана жаш тарбиялануучулары менен
Заслуженный тренер КР по греко-римской борьбе Мейрамбек Ахметов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мейрамбек Ахметов Олимпиаданын катышуучусу Арсен Эралиев жана жаш тарбиялануучулары менен
— Таптаган балбаныңыздын алтын медалга жетпей калганын устат, даярдаган киши катары кандай кабыл алдыңыз?
— Олимпиада башкача мелдеш, анын куну жогору. Дүйнө чемпионатын үч-төрт жолу жеңген балбандар ал жерден байгесиз кетет. Тажрыйбалуу спортчулар жыйынтык көрсөтө албай калышы мүмкүн. Ошондуктан андагы сүйүнүчтүн чеги болбойт, ал эми жеңилүүнүн түйшүгүн, ызасын тартуу өтө эле оор.
Кыргызстандык балбан Урмат Аматов машыктыруучулар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2020
Кыргыздын мыкты балбандарын таптаган машыктыруучулар наам алышты. Сүрөт
Андан да 2006-жылы Дүйнө чемпионатынын финалында кытай балбанына жеңилип калганы өтө өкүнүчтүү болгон. Канат 4:0 менен утуп жатат, 20 секунддай убакыт калды. Ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып алган да.
Кимге эмне деп сүйлөшүмдү билбей эле отуруп калгам. Көзүмдөн жаш агып... Ошондо кадимкидей ыйлагам да.
Атаандаш толук артыкчылык кылса, мүмкүнчүлүк бербей утса, анда айла жок. Канат 4:0 менен утуп жаткан да, 20 секунд эле ошол эсепти коргоп калса дүйнө чемпиону болмок. Анан кантип арман кылбайсың... 
— Сиз төрт Олимпиадага спортчу даярдаган машыктыруучусуз. Канатбек Бегалиев менен Арсен Эралиев эки ирет чыгышты...
— Ооба, шакирттерим Канатбек Бегалиев Афина (2004-жыл) жана Пекин (2008-жыл) Олимпиадасына катышты. Ал эми Арсен Эралиев Лондон (2012) жана Рио (2016) оюндарында күч сынашты. 
© Sputnik / Табылды КадырбековМейрамбек Ахметовдун шакирттери Канатбек Бегалиев Афина (2004-жыл) жана Пекин (2008-жыл) Олимпиадасына катышты. Ал эми Арсен Эралиев Лондон (2012) жана Рио (2016) оюндарында күч сынашкан
Заслуженный тренер КР по греко-римской борьбе Мейрамбек Ахметов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мейрамбек Ахметовдун шакирттери Канатбек Бегалиев Афина (2004-жыл) жана Пекин (2008-жыл) Олимпиадасына катышты. Ал эми Арсен Эралиев Лондон (2012) жана Рио (2016) оюндарында күч сынашкан
— Спортто калыстардын чечими да өзгөчө мааниге ээ эмеспи... Спорт саясаттан тышкары дегени менен ал жерде да "кол ийрисине тартат" деген көрүнүштөр орун алып кеткен учурлар айтылып жүрөт. Мындайлар Олимп оюндарында өзгөчө болушу керек...
— Мен машыктыруучулуктан сырткары Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) калыстар тизмесине кабыл алынып, мелдештерде калыстык кылам. UWW уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин спортчуларына тымызын колдоолор болот. Мисалы, Рио оюндарында Арсен Эралиев коло байге үчүн күрөштө атаандашын утуп жатканына карабай калыстар аны партерге (пассивдүү күрөшкөн балбанга колдонулуучу чара) коюп берген. Мындай чара күрөштүн эрежесинде жок. Бирок жасалды, атаандаш ал мүмкүнчүлүктү пайдаланып утуп кетти.
Эки олимпиадада тең Арсенди уткан балбандар чемпион болушкан. 2012-жылы Лондондо алты жолку дүйнө чемпиону, ирандык Хамид Сориянга 2:1 эсебинде утулган. Ирандык башка атаандаштарына бир упай алдырбай утту. 2016-жылы Риодо болсо Арсен кубалык Исмаэль Боррерого 6:3 менен жеңилди. Кубалык калган атаандаштарынын баарын нөлдө калтырып уткан. Кийин чемпион болгондон кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, биринчи айлампадагы кыргызстандык балбан менен кармаш өтө оор болду деп айткан. Кудай маңдайга жазган эмес экен, медаль албай калды. Негизи Арсендин деңгээли мыкты болчу.
Канатбек Пекинде күрөшкөндө, мен жогоруда айтып кеттим, татаал сеткага түшүп калды. Бегалиев 2006-жылы Дүйнө чемпионатында экинчи орунда эле. Афина Олимпиадасынын чемпиону Фарид Мансуров, дүйнө чемпиону Армен Варданян, Европа чемпиону Николай Гергов баары бир группага түшүп калды. Бул да кокустук эмес...
— Спортчуну Олимпиада оюндарына даярдоодо эң түйшүктүү иш эмне?
— Негизи Олимпиадага жетип алуу кыйын (күлүп), лицензия алуунун өзү көп эмгекти талап кылат. Спортчуну ар тараптан даярдоо керек. Азыр күрөштө Олимпиадага 16 гана балбан барышы керек. Ошон үчүн лицензия алуу кыйын. Ушул башкы баскыч.
Ал эми жекелик спорттун башка түрлөрүндө, мисалы, бокс, дзюдодо Олимп оюндарына 32 атлет барат. Орун көп, лицензия алуу жеңилирээк. Мындан өткөндөн кийин даярдык атайын программалардын негизинде кетет. Жогоруда калыстар боюнча айтып кетпедимби... Чоң аренага чыкканда оболу атаандаш менен таймашасың, эгер "кол ийрисине тартат" болуп баштаса, анда эки тарапка каршы күрөшүүгө туура келет. Ошондуктан Олимпиада оюндары эки эсе күчтүү даярдык менен барууну талап кылат. 
© Sputnik / Табылды КадырбековМейрамбек Ахметов машыктыруучулуктан сырткары Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) мелдештеринде калыстык кылат
Заслуженный тренер КР по греко-римской борьбе Мейрамбек Ахметов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мейрамбек Ахметов машыктыруучулуктан сырткары Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) мелдештеринде калыстык кылат
— Шакирттерди кантип тандайсыз? Мисалы, Канатбек Бегалиев, Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов сыяктуу таланттуу балдар сиздин колуңузга кандайча келип калган?
— Көп жагдай баланын намыскөйлүгүнөн байкалат. Жеңилип калса ызаланып, ыйлактаган баладан мыкты спортчу чыгат. Ийгиликке жетүүдө адамдын кулк-мүнөзү, аракетчилдиги, өжөрлүгү зор роль ойнойт.
Канат мага келгенде турникке он жолу араң тартынган бала болчу. Мен агамдын ысымына арналган мелдеште көрүп калгам. Канат жеңилип калган. Анан Таластагы алгачкы машыктыруучусу мага алып келген. Арсен болсо спорттук мектепке келгенде салмагы 22 килограмм эле. Аны менен күрөшө турган бала жок болчу. Ошондуктан комиссия аны кабыл алуудан баш тарткан. Анан ал менин жеке жоопкерчилигим менен алынган. Кийин кандай мыкты балбан чыкты. Бирок анын баары оңой болбойт. Ар кандай мүнөздөгү балдар болот, кези келет, урушасың, сабайсың. Кийин чоңойгондо теңата мамиле кыла баштайсың.
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшаной Сатарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2021
Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы. Жөө күлүк Сатарова менен маек
Балага жаш кезинде, 16-17 жашка чыкканча ыкма жасатып, техниканы үйрөтүш керек. Жашы андан өтүп калгандан кийин ыкма үйрөтө албайсың. Кийин чоңойгондо ыкма жасоонун сапатын, чеберчилигин калыптандыруу туура. Анан ыңгайына карап кара күч жагын өстүрсө болот. Ден соолукка туура кам көрбөсө ал атлеттин келечеги болбойт. Спортто да күчкө толгон учур, оомат келет, ошол мезгилди пайдаланып калуу керек. Ал үчүн талыкпаган аракет талап кылынат.
Азыр деле таланттуу жаштарыбыз көп, буюрса Кыргызстандын желегин желбиретип, өлкөбүздүн атын дүйнөгө таанытууга жөндөмдүү балдарыбыз арбын. Токио Олимпиадасына барабыз деген ниетибиз бар. Ийгиликтер али алдыда деген үмүт менен машыгууларды улантып жатабыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0