Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык балбан, грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмак ченинде Пекин Олимпиадасында күмүш байгесинин ээси Канатбек Бегалиев. Архив
Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмак ченинде Пекин Олимпиадасында күмүш байгесинин ээси Канатбек Бегалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан туптуура 12-жыл мурда, 2008-жылы 13-августта, балбан Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча 66 килограмм салмак ченинде Пекин Олимпиадасында күмүш байге уткан. Бул Кыргызстандын эгемен тарыхында спорттогу эң жогорку жетишкендик эле.

Канатбек Бегалиев финалдык беттештин куну, жеңилүү ызасы, дүйнө балбандарын кыргызча жамбашка алып чапканы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курду.

— Канатбек, адегенде эле Олимпиадага аттанганыңыздан баштайлы. Кандай даярдык, максат, үмүт менен чыктыңыз эле?

— Олимпиадага жеңиш менен келем деп сапар алгам. Болгон дитти ушуга коюп, даярдык катуу болгон.

© AP Photo / Ed Wrayпекин Олимпиадасынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев: Финалдык гонг жаңырды, баары бүттү. Кыргызстанга Олимпиаданын алтын байгесин тартуулайм деген үмүт жалп өчтү. Бүт тарабымды боштук каптады. Жарым саат, бир сааттай эмнени ойлоп, каякка кандай басканымды да билбейм.
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем - Sputnik Кыргызстан
пекин Олимпиадасынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев: Финалдык гонг жаңырды, баары бүттү. Кыргызстанга Олимпиаданын алтын байгесин тартуулайм деген үмүт жалп өчтү. Бүт тарабымды боштук каптады. Жарым саат, бир сааттай эмнени ойлоп, каякка кандай басканымды да билбейм.

— Олимпиаданын финалы, марада алтын медаль турат. Франциялык балбан Стив Жено менен кармаштын акыркы секундалары бүттү, гонг жаңырды, жеңилдиңиз. Ойго дароо эмне келди?

— Катуу күйүт, өкүнүч басты, албетте. Алты-жети мүнөт мурда мен таптакыр башка ойдо болчумун. Финалдык гонг жаңырды, баары бүттү. Кыргызстанга Олимпиаданын алтын байгесин тартуулайм деген үмүт жалп өчтү. Бүт тарабымды боштук каптады. Жарым саат, бир сааттай эмнени ойлоп, каякка кандай басканымды да билбейм.

Машыктыруучулар, күйөрмандар, кошуна мамлекеттердин өкүлдөрү экинчи орун зор жетишкендик экенин айтып, куттуктап жатышты. Мен ага такыр алымсынбадым. Арадан бир сааттай убакыт өткөндөн кийин ойлонуп, өзүмө келдим. Акырындап сыймык пайда болду.

Кыргызда "адам тилинен табат" деп айтылган сөз бар. Пекин Олимпиадасына барганда, мончодо Руслан Түмөнбаев экөөбүз отурсак, дал ошол Стив Жено кирип келип калды. Ошондо Русланга: "Эмнегедир ушул франциялык балбандар мен үчүн ыңгайсыз атаандаш, алгачкы айлампаларда ал-күчтүн барында ушуларга чыгып калсаң жеңилирээк болот", - деп айткан болчумун. Дал ушул балбанга финалда туш келип, жеңилип калдым.

"Күмүш бала", баатыр ата Канат Бегалиев 34 жашта! Балбан тууралуу 7 факты

— Спортто биринчи, анан үчүнчү орун сүйүнүчтүү болот эмеспи. Утканы үчүн медаль алышат. Экинчи орун, албетте, үчүнчүгө караганда бийик. Бирок спортчулардын дээрлик 90 пайызы муну капалуу кабыл алышат....

— Туура. Анткени алтын байге утканга мүмкүнчүлүк колдон чыгып кетет да. Ошон үчүн спортчу өзүн айыптуу сезип, көңүлү чөгөт. Мен андай кылган жокмун. Ойлосом мамлекетибиз жаш, Кыргызстандын эгемен тарыхында спорттогу мындай жетишкендик биринчи болуп жатат. Ушул ойлор мага таяныч болду окшойт. Башты бийик көтөрүп пьедесталга чыктым. Сүйүндүм.

© AFP / VALERY HACHEКанат Бегалиев: Мамлекетибиз жаш, Кыргызстандын эгемен тарыхында спорттогу мындай жетишкендик биринчи болуп жатат. Ушул ойлор мага таяныч болду окшойт. Башты бийик көтөрүп пьедесталга чыктым. Сүйүндүм.
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем - Sputnik Кыргызстан
Канат Бегалиев: Мамлекетибиз жаш, Кыргызстандын эгемен тарыхында спорттогу мындай жетишкендик биринчи болуп жатат. Ушул ойлор мага таяныч болду окшойт. Башты бийик көтөрүп пьедесталга чыктым. Сүйүндүм.

— Ошол Олимпиаданын финалынан кийин атаандашыңыз Стив Жено менен жолуктуңуз беле? Эмне тууралуу сүйлөштүңөр?

— Ооба, жигитчилик кылып, атайын барып колунан бекем кысып куттуктагам. Ал да сүйүнүп кетип кучактап, кубанганынан бетимен да өөп жиберген. Ошондо кыйытып "бу сапар ийгилик сен тарапта болду, килем үстүндө дагы жолугушуп калсак, мен жеңем" деп айткам.

— Спортчу адатта беттештерин кайра көрүп, каталарын, кемчиликтерин талдайт эмеспи, сиз ошол беттештин видеосун кийин көрдүңүзбү, эмне жыйынтык чыгардыңыз?

— Азыркыга чейин көрө элекмин. Эми деле көрбөйт болушум керек.

— Эми мелдешке, анын үстүнө Олимпиадага барган ар бир спортчу зор даярдык менен барат. Ошентсе да кимдир бирөө фаворит болот. Олимпиадада сиз күрөшкөн 66 килограмм салмакта кайсыл балбандар фаворит деп эсептелген?

— Мен ал тизмеде жок болчумун. 2004-жылдагы Афина Олимпиадасынын жеңүүчүсү, 2007-жылдагы дүйнө чемпиону азербайжандык Фарид Мансуров жана болгариялык балбан бар эле, ошолор фаворит болчу.

Ушул жерден айта кетейин, тиги күчтүү, бул фаворит деген спортчу ийгиликке жетпейт. Баарын жеңем деген күчтүү сезим болушу керек.

© AP Photo / Ed WrayБегалиев: Олимпиаданын деңгээли башка, анын куну баа жеткис...
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем - Sputnik Кыргызстан
Бегалиев: Олимпиаданын деңгээли башка, анын куну баа жеткис...

— Фаворит болбой туруп финалга чыгып, күмүш байге жеңип алуу, тескерсинче, аябай сүйүнүчтүү эмеспи?

— Финалдык күрөштүн куну баа жеткис. Жеңишти колдон чыгарып жиберүү аябай өкүнүчтүү болот. Бирок спортчу баарына даяр болушу зарыл.

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?

— Финал жөнүндө айтып калдык... 2006-жылы дүйнө чемпионатында да кытайдын Ли Янян аттуу балбаны менен алтын байге үчүн күрөштө 4:0 эсебинде утуп жатып, акыркы 20 секунда убакыт калганда атаандаш утуп кеткен жайы бар. Бул эки жеңилүүнүн кайсынысына көбүрөөк өкүндүңүз?

— Олимпиадада утулганыма өтө өкүнөм. Дүйнө чемпионаты өткөн 2006-жылы мен болгону 22 жашка жаңы толгон жигит элем, кызуу кандуу убагым. Биринчиден, дүйнө биринчилиги жыл сайын өтөт. Айрым балбандар ага катышпай деле коет. Ошондуктан кийинки жылы деле күрөшөм деген ой болсо керек... Ал эми Олимпиада төрт жылда бир жолу болот, мыкты делген балбандардын баары катышат. Ал ошонусу менен улук, ошонусу менен баалуу.

— Пекин Олимпиадасындагы ыза, өкүнүчтү кантип жеңдиңиз?

— ... Мен ал сезимдер менен азыркы күнгө чейин күрөшүп келем.

— Адашпасам, 2011-жылы дүйнө чемпионатынын жарым чейрек финалында француз балбаны Жено менен дагы кез келип, таза артыкчылык менен уткансыз да. Ал жеңиш сизди жооткото алган жокпу?

— Ооба, аны беш упай артыкчылык менен уткам. Ошол жеңиштен кийин ички дүйнөм оор жүктү алып салгандай жеңилдей түшкөн. Деген менен дагы айтайын, Олимпиаданын деңгээли башка, анын куну баа жеткис...

© AFP / BULENT KILICКанат Бегалиев: Олимпиадада утулуп калган француз балбаны менен кийин беттешип, утуп алгам. Ошол жеңиштен кийин ички дүйнөм оор жүктү алып салгандай жеңилдей түшкөн.
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем - Sputnik Кыргызстан
Канат Бегалиев: Олимпиадада утулуп калган француз балбаны менен кийин беттешип, утуп алгам. Ошол жеңиштен кийин ички дүйнөм оор жүктү алып салгандай жеңилдей түшкөн.

— Баш-аягы 15 жылдай спорттук карьерада көптөгөн жеңиштер болгон эмеспи. Аябай сүйүнгөн учуруңуз, өзүңүзгө жаккан жеңишиңиз кайсы?

— 2007-жылы Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатынын финалында Түштүк Корея балбаны Янг Жи-Хьюн менен күрөшкөнүм, ошондо спорт сарайында миңдеген кыргызстандыктын көзүнчө болгон жеңишим эстен кетпейт.

— Ар бир спортчунун мыкты өздөштүргөн ыкмасы болот эмеспи...

— Кыргызстандын улуттук күрөшүндө жамбашка алып чапкан ыкма бар. Бирок анда курдан кармайт. Чоң атабыз кыргыз күрөшүнүн чебери болгон экен. Агаларым да ушул спорттун чеберлери. Ошол жамбашка алып чапкан ыкманы мен грек-рим күрөшүнө ылайыкташтырып өздөштүрүп алдым. Көп жеңиш алып келди. Акыркы 20 жылдан бери күрөш тездик менен өнүгүп келе жатат. Жаңы ыкма чыкса ал тез жайылып, ага каршы коргонуу ыкмалары иштелип чыгат. Күрөш дүйнөсү жамбаштын контр ыкмасын өздөштүргөнгө чейин менмендеген далай балбанды көтөрүп чапкам (күлүп).

— Кыргызстанда ошол кезде азыркыга салыштырмалуу курама командада атаандаштык күчтүү эмес эле. Маселен, 66 килограмм салмакта Канатбек Бегалиевге татыктуу аттаандаштык кылган балбан дээрлик жок болгон. Кантип өстүңүз?

— Мен Казакстанда машыгып калдым. Аларда шарт жакшы болчу.

© AP Photo / Ed WrayКанат Бегалиев: Раматылык Раатбек Санатбаев агабыздын жолу менен Казактандан тажрыйба топтоп, Кыргызстанга келип балбандар менен бөлүшчүмүн. Бизге шарт түзүп берген Даулет Турлыхановго ыраазычылык айтам.
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем - Sputnik Кыргызстан
Канат Бегалиев: Раматылык Раатбек Санатбаев агабыздын жолу менен Казактандан тажрыйба топтоп, Кыргызстанга келип балбандар менен бөлүшчүмүн. Бизге шарт түзүп берген Даулет Турлыхановго ыраазычылык айтам.

— Казакстандын атактуу балбаны, казактын грек-рим күрөшүнүн өнүгүшүнө зор салымы бар Даулет Турлыханов сизди Казакстанга алып кеткенге көп аракет кылганы чынбы?

— Ооба, чакырган. Атайын келишим менен көп сунуштар болгон. Жакшы маяна, турак жай, бардык шарттары бар... Мен Казакстанга машыгууга гана баргам. Менин ал жакта машыкканым казакстандык балбандар үчүн да пайдалуу болорун айтып чакырган. Раматылык Раатбек Санатбаев агабыздын жолу менен ошол жактан тажрыйба топтоп, Кыргызстанга келип балбандар менен бөлүшчүмүн. Бизге шарт түзүп берген Даулет Турлыхановго ыраазычылык айтам.

Грек-рим күрөшү Олимпиаданын программасынан чыгарылышы мүмкүн

— Мен көп атактуу спортчулардан сурап келем. Грек-рим күрөшүнөн олимпиаданын үч жолку чемпиону, россиялык балбан Александр Карелин жаш кезинде бир мелдеште жеңилген экен. Анан менден балбан чыкпайт деп таарынып, күрөштү таштап салыптыр. Анын мыктылыгын байкаган саяпкер-машыктыруучулар Карелинди кайра күрөшкө алып келип, тогуз жолу дүйнө, 11 жолу Европа чемпиону кылып, үч жолу олимпиада чемпиону кылган. Эгер алып келишпегенде, азыр аны эч ким тааныбай калмак экен. Сизде да ушундай окуя болгонбу?

— Болгон. Бирок мен жеңилип эмес, машыктыруучуларга таарынып кеткем. 18 жашымда Кыргызстандын чемпиону болдум. Эл аралык ири мелдеш болуп калды. Жетекчилик мени албай калтырып койгон. Катуу таарынгам. Чемпион турса башкаларды алып кетти, мени баалашкан жок, андан көрө күрөштөн кетем деп окуу-машыгуу өтүп жүргөн жерден оокаттарымды чогултуп алып кетип калгам. 20 күндөй эч ким менен байланышкан эмесмин. Кийин Майрамбек Ахмедов (жеке машыктыруучусу) агай барып, экөөбүз көп жагдайларды талкуулап, анан кайра келгем. Көрсө, мени жаштайыман оор беттештерге салуудан аяшкан экен да машыктыруучулар.

— Ошондо күрөштөн кетип калганыңызда Кыргызстан Олимпиаданын күмүш медалын утпай калмак экен да?

— Ошондой окуя өткөн башымдан (күлүп).

— Эл аралык мелдештердеги алгачкы атаандашыңыз ким болгон?

— Казакстанда Москва Олимпиадасынын чемпиону Жаксылык Үчкемпировдун ысмындагы эл аралык мелдеште Казакстан курамасынын балбаны Серик Жумашев болгон. Аны утуп алгам.

© Фото / предоставлено Канатбеком БегалиевымБегалиев: Спортчу болсоң өзүң үчүн эле иштейсиң, ал эми машыктыруучу ар бир спортчу үчүн кам көрүшү керек.
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем - Sputnik Кыргызстан
Бегалиев: Спортчу болсоң өзүң үчүн эле иштейсиң, ал эми машыктыруучу ар бир спортчу үчүн кам көрүшү керек.

— Сиз Кыргызстандын курамында балбан катары да, башкы машыктыруучу катары да өлкө намысын коргоп чыккан спортчусуз. Кайсынысы оңоюраак, үйрөнгөнбү же үйрөткөнбү?

— Спортчу болсоң өзүң үчүн эле иштейсиң, ал эми машыктыруучу ар бир спортчу үчүн кам көрүшү керек. Машыктыруучу болуп иштеп бер деп чакырышты. Төрт-беш жыл иштедим, лицензия утуп Олимпиадага барып келдик.

Токио-2021дин программасы чыгып, Айсулуу 3-августта күрөшмөй болду

— Азыр эми Федерацияда жооптуу кызматты аркалап келесиз. Тажрыйбалуу балбан катары спортчуларга зарыл шарттарды жакшы билесиз да...

— Азыр балбандарга машыгууга шарт түзүү үчүн болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Окуу-машыгуу өткөрүү өтө маанилүү. Азыр курама команда кандай машыгуу өткөрүүнү кааласа, ошону орундатып берүүдөбүз.

Бүгүнкү күндө күрөш дүйнөсүндө эң күчтүү держава болгон Россия менен кызматташып жатабыз. Олимпиада мелдештериндеги медалдардын көбүн россиялык балбандар утушат. Алардын окуу-машыгуу өткөрүү жайлары, мүмкүнчүлүктөрү кенен, баары жетиштүү. Эч бир тарап менен кызматташпай өзүлөрү гана машыгат. Бизде азыр ошолор менен чогуу машыкканга, тажрыйбасынан үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүктөр болуп жатат.

© AFP / VALERY HACHEКанат Бегалиев: Жамбашка алып чапкан ыкманы мен грек-рим күрөшүнө ылайыкташтырып өздөштүрүп алдым. Көп жеңиш алып келди.
Канатбек Бегалиев: Олимпиададагы ыза менен азыркыга чейин күрөшүп келем - Sputnik Кыргызстан
Канат Бегалиев: Жамбашка алып чапкан ыкманы мен грек-рим күрөшүнө ылайыкташтырып өздөштүрүп алдым. Көп жеңиш алып келди.

— Канатбек Бегалиев бильярдды жакшы ойнойт...

— Казакстандын намысын коргоп жүргөн кыргыздын Каныбек Сагындыков деген уулу, мыкты бильярдчы бар. Дүйнө чемпиону. Казакстанда машыгып жүргөндө экөөбүз чогуу жашап калдык. Бош күндөрү Каныбек менен бильярдга барып, алардын оюндарын көрүп жүрүп үйрөнгөм.

— Азыркы балбандарга айта турган кеңеш, насааттарыңыз болсо керек...

— Жаштарга Instagram менен алаксыбагыла деп кеңеш айтар элем. Машыгып деле, ыкма жасап жатып деле видео, сүрөткө тартып баракчасына коюп жатышат. Аны атаандаштар көрүп, сыр ачылып калышы мүмкүн. Ошондуктан спортчунун башкалар үчүн табышмактуу болгону жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0