Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги

© REUTERS / TORU HANAIОлимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү аялдар арасындагы күрөштүн сап башында Айсулуу Тыныбекова турат деп тартынбай айтууга болот. Кыргызстандын тарыхында балбан кыздардын ичинен алгач ирет Дүйнө чемпионатында коло байге тагынып, эки Олимпиадага катышкан. Бардык таймаш-мелдештерин санап отурса, тизме бир топко узарчудай.

Тыныбекова жакында эле Кытайда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынып, аталган мелдештин үч жолку чемпиону болду. Кечээ журналисттер үчүн машыгуусун көрсөтүп, айрым суроолорго жооп берди. Ал жакка барган Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы узатылган суроолордун негизинде маек даярдады. 

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаТыныбекова жакында эле Кытайда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынып, аталган мелдештин үч жолку чемпиону болду
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова жакында эле Кытайда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынып, аталган мелдештин үч жолку чемпиону болду

— Айсулуу, акыркы жылдары коомчулуктан алыстап калдыңыз, журналисттердин "маектешели" деген сунушун да кабыл албай келесиз. Мындай чечимге жөн жерден келбесеңиз керек?

Аралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix турниринин чемпиону Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 4 мушкерди жеңген "Тайсон": беттеште уулум эң чоң мотивация болду
— Буга чейин ЖМКларга байма-бай эле чыгып жүргөнбүз. 2016-жылдагы Олимпиада оюндарынан кийин өзүм, агайым жана биз менен иштешкендер менен кеңешип, журналисттерге азыраак жолугушууну чечтик. Чындыгында бул биздин убакытты алып коет экен. Мисалы, азыр сиздер менен сүйлөшөм деп машыгуум токтоп, кызып калган денем сууп калды. Машыгууну улантуу үчүн кайрадан булчуңдарды жибитип, денемди ысытышым керек. Жаракаттар ушундай нерселерден болот. Башкы максатым олимпиада оюндарында ийгилик жаратуу болгондуктан калган нерсе маанилүү болбошу керек деп ойлойм. Ушул мелдешке карап жеке жашоомду дагы жыйыштырдым. Мен деле башкаларга окшоп ойноп-күлгүм келет, ар кайсы жакка барып эс алгым келет. Мен деле апамды сагынып, үйгө баргым келет. Машыгууга байланыштуу көп нерседен калам. Бирок ушунун бардыгы жөн эле эмес. Басканга дагы, күлгөнгө дагы убакыт келет. Жалпы кыргыз элиме олимпиада оюндарында алтын алам деп сөз бергенден кийин, аны аткарышым керек. Бардык кыргызстандыктар мени туура түшүнөт деп ойлойм. 

© Sputnik / Эмиль СадыровАйсулуу Тыныбекова килемде чимирилгенде... Балбандын машыккан видеосу
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова килемде чимирилгенде... Балбандын машыккан видеосу

— Ошондой эле соңку жылдары жаракат алып, ден соолугуңузду калыбына келтирдиңиз. Мелдештерде жаракаттардын кесепети сезилеби?

— Мындай нерсени атаандаштарыма дагы каалабайм. Жаракат деген жаман нерсе. Көп ирет жаракат алдым. Эң кыйыны бутумдагы жана ийин жагымдагы булчуңдардын байламталары үзүлүп кеткени болду. Колум кокустаганда алты айдан ашык убакыт машыккан жокмун. Башка спортчулар машыгып күндөн-күнгө өсүп жатса, менин бош жүргөнүм абдан кыйын болду. Чуркай дагы албай, жай темпте басып жүрдүм. Мындай сыноодо өзүмдү таштап салбайын деп ар кандай курстарга барып алаксып жаттым. Залга атайын барбай койдум. Келсем эле башкалардын тер төгүп жатканын көрүп жүрөгүм ооруйт. Алган жаракаттан кийин менин күрөшкөнүм өзгөрдү. Булчуңдарым мурдагыдай чоюлчаак болбой калды. Былтыркы Дүйнө чемпионатына катышпай калдым. Оң колумдан кийин сол колуман дагы жаракат алып, төрт ай ашыкча кыймыл кылган жокмун. Быйыл январдан тарта тынымсыз машыгуудамын. Өтүп кеткен жылы Азия оюндарынан кийин такыр машыккан эмесмин. Спортчулар үчүн ден соолук маанилүү экенин өз башыман өткөрдүм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТыныбекова: колум кокустаганда алты айдан ашык убакыт машыккан жокмун
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова: колум кокустаганда алты айдан ашык убакыт машыккан жокмун

— Рио-де Жанейродогу Олимпиада оюндарында коло байге үчүн индиялык Сакши Малик менен кармашып, жеңилип калгансыз. Былтыр Маликти Азия оюндарынын жарым финалында утуп алдыңыз. Ичиңизде бир жеңилдөө болдубу?

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат?
— Албетте, болду. Олимпиада оюндарынан кийин мен бир нече ай уктаган жокмун. Депрессия деген эмне экенинин ошондо жон терим менен сездим. Депрессиядан адам өзү кааламайынча чыга албайт экен. Августтан тарта 31-декабрга чейин түндө уйкум бузулуп калган, оюма улам эле акыркы жети секунд келе берди. Жаңы жылдын алдында өзүмө сөз берип ошол абалдан чыктым.

2018-жылы Азия оюндарынын жарым финалында Сакши Малик менен жолуктум. Алгач ага 6:5 эсебинде утулуп жаттым. Таблону карасам, беттештин бүтөөрүнө 20-21 секунд калыптыр. Эмоцияга алдырбайын деп өзүмдү шашпай колго алдым, резинкам да бошоп калыптыр, аны атайын чечип, убакытты чойдум. Бир упай алсам утулуп калмакмын, экини алышым керек дедим. Малик менен кармашканда колум кайрылып кеткенине карабай, бутуна кирип эки балл алып кеттим. Ошону менен уттум. Ичимдеги бугум, ачуум чыгып, жеңилдедим. Уйкум да ордуна келди. 

© REUTERS / Issei KatoТыныбекова: индиялык Маликти жеңгенде уйкум ордуна келди
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова: индиялык Маликти жеңгенде уйкум ордуна келди

— Мелдештерге чыгууда кандайдыр бир ырым-жырымдарды колдоносузбу?

— Андайларга көп деле ишене бербейм. Көбүрөөк ойлонуу беттешип жатканда таасирин тийгизиши мүмкүн. Апам жолго чыгып баратканда чачыңды кыркпа деп айтат. Ошону эске түйүп алгам.

— Олимпиада оюндары төрт жылда бир өтөт эмеспи, Токиодон (2020) кийин дагы бир олимпиадага катышайын деген план барбы?

— Спорт - менин жашоом. Килемге чыгып күрөшкөн, жеңүүчү болуп намыска бек турган сезим өзгөчө. Ушул нерсе көпкө чейин бүтпөсө экен дейм. Мен негизи 10-20 жылга чейин план түзүп койгом. Бирок ал нерсени азыр коомчулукка айта албайм. 

© Фото / Facebook / United World WrestlingТыныбекова: апам жолго чыгып баратканда чачыңды кыркпа деп айтат. Ошону эске түйүп алгам
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова: апам жолго чыгып баратканда чачыңды кыркпа деп айтат. Ошону эске түйүп алгам

— Ошол пландарыңыздын арасында саясатка аралашайын деген ой барбы?

— Бардык кыздар сыяктуу үй-бүлө куруп, балдарымды татыктуу тарбиялап өстүргүм келет. Спортчуларга колдоо көрсөтүү боюнча пландар бар. Бирок саясат тууралуу азыр ойлоно элекмин, убакыт жок.

— Спорт жаатындагы быйылкы пландар менен бөлүшө кетсеңиз.

— Жакында олимпиадалык оюндарга карата лицензиялык турнирлер башталат. Анын бири - Нур-Султан шаарында өтө турган Дүйнө чемпионаты. Ошондой эле бир нече мамлекетке машыгууга барабыз. Курама команда эмитеден камданып баштадык. Олимпиадага лицензия ала турчу жалгыз кыз мен эмес, буюрса, балбандарыбыз өсүп келе жатат, аларда дагы мүмкүнчүлүктөр көп. 

© пресс-служба ГАМФКиСТыныбекова: бардык кыздар сыяктуу үй-бүлө куруп, балдарымды татыктуу тарбиялап өстүргүм келет
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова: бардык кыздар сыяктуу үй-бүлө куруп, балдарымды татыктуу тарбиялап өстүргүм келет

— Сиздин спортко келишиңиз менен күрөшкөн кыздар да көбөйгөнүн байкадык. Бизде "кыз кыздай болушу керек" деген стереотип бар. Сиз ушул түшүнүктөрдү өзгөртө алдым деп ойлойсузбу?

Чемпионка UFC Валентина Шевченко посетила дом-музей Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек
— Азыр, кудайга шүгүр, түшүнүктөр өзгөрүп калды. Балага биринчи кезекте тарбиялап жаткан ата-эненин көз карашы түз болушу керек, ага ишенип, колдоо көрсөтүүсү зарыл. Мен күрөшкө келгенге чейин апам мени чуркатчу. Эртең менен убакыт болбогондуктан кечке жуук чуркачу элем. Өзүм менен кошо башка кыздарды дагы чакырып, катарга кошуп алчумун. "Кечинде эмне жүрүшөт" деген ар кандай сөздөр болду, эми айыл жергеси да.

Андан бери түшүнүктөр өзгөрдү. Спортко балдарын берген ата-энелер көбөйүүдө. Менин артымдан ээрчиген жаштар көп, ата-энелери, өздөрү ыраазычылыгын айтып калышат. Кыздар арасындагы спорттун өнүгүшүнө аз да болсо салым кошуп жатканыма кубанам.

Жаштарга айтаарым, баштаган ишти таштабай, аны өтөсүнө чыгып, өзүңөрдү ошол нерсеге арнагыла. Эң жаман кыздар жок дегенде мендей болсун, менден дагы чоң ийгиликтерге жетишсин деген ниеттемин.

Жаңылыктар түрмөгү
0