Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек

© Фото / Международный фонд им. Чингиза АйтматоваЧемпионка UFC Валентина Шевченко посетила дом-музей Айтматова
Чемпионка UFC Валентина Шевченко посетила дом-музей Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан чыккан UFC мушкерлер уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун мекенине болгон сапарын уюштурган Кулатуу эр таймаш федерациясынын (WEF) президенти Руслан Кыдырмышев редакцияга келип маек курду.

Шевченко Кыргызстанга 7-апрелде келип, 8-9-апрель күндөрү Бишкекте жана Ошто күйөрмандары менен жолугуп, президент Сооронбай Жээнбековдун колунан "Даңк" ордени менен сыйланган. Ошондой эле бир жумалык эс алуусунда бир топ жерге барганга жетишкен.

Шевченко бир топ жылдан бери чет мамлекетте жашап, машыгып келет. Акыркы жолу Кыргызстанга 8 жыл мурда келген. Тайбокс боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, былтыр беделдүү делген UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону болгон

Мушкердин сапарын уюштурган Кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев Шевченкону алып келүү иши кандай жүргөнүн, канча каражат сарпталганын, көшөгө артында эмне окуялар болгонун айтып берип, коомчулуктун талкуусуна түшкөн айрым суроолорго жооп берди. 

© Sputnik / Досхан НусупбековКулатуу эр таймаш федерациясынын президенти, ишкер Руслан Кыдырмышев
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти, ишкер Руслан Кыдырмышев

— Валентина Шевченкону өлкөгө алып келүү идеясы кантип ишке ашты?

— Шевченко былтыр UFC уюмунун чемпиону болгондо президентибиз Сооронбай Шарипович чалып куттуктап, мекенге келип кетүүгө чакырган болчу. Биздин Кулатуу эр таймаш федерациясы өлкө башчы менен мушкердин ортосунда көпүрө болуп, уюштуруу ишин колго алдык. Федерация менен Шевченконун мамилеси башынан эле абдан жакшы. Ал биздин ири турнирлер болордо күйөрмандарды видео кайрылуу аркылуу чакырып, жарнамалап турат. Ошондой эле машыктыруучусу Павел Федотов Кулатуу эр таймаш федерациясын түптөөчүлөрдүн бири.

— Шевченко былтыр ноябрда чемпиондук курду тагынгандан кийин Кыргызстанга дароо келе албай калды окшойт?

— Ооба, беттештен кийин эс алды, машыгуу өткөрүштү, анан бир тууган эжеси Антонинанын дагы мелдешине даярданып жатышты. Биз январь айында келсе деп пландаганбыз. Ал ортодо президент Жээнбековдун дагы маанилүү иштери, мамлекеттик сапарлары болду, Россиянын өлкө башчысы Владимир Путинди кабыл алды. Ар бир нерсенин убактысы болот экен. Апрелдин башы президент үчүн дагы, Шевченко үчүн дагы ыңгайлуу болду. Мушкердин сапарынын эң маанилүү бөлүгү президент менен жолугушуусу эле. Ойлогон максатыбыз ишке ашып, "Даңк" орденин алды. Биз дагы президенттин батасын алып, кол кап, спорттук кийим тапшырдык. Ошол эле 8-апрель күнү спикер Дастан Жумабеков менен көрүшүп, белегин алып, жылуу сөзүн укту. Мамлекеттин башында турган адамдардын спортчуларга көңүл бурушу сүйүндүрбөй койбойт. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыдырмышев: Валентинанын сапарынын эң маанилүү бөлүгү президент менен жолугушуусу эле. Ойлогон максатыбыз ишке ашып, "Даңк" орденин алды.
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кыдырмышев: Валентинанын сапарынын эң маанилүү бөлүгү президент менен жолугушуусу эле. Ойлогон максатыбыз ишке ашып, "Даңк" орденин алды.

— Студияга чакырып өзүнчө маек алат элем деген көп журналисттин максаты ишке ашпай калды окшойт.

— Убакыт абдан тар эле. Валентина үчүн машыгуу бир тең, эл менен жүрүү бир тең болду. Көп киши адамдын күчүн алып коет экен. Мушкер кызыбыз аябай чарчап калып жатты. Акырында өзүмдүн деле жүрөгүм ооруп кетти. "Эптеп чыдаңыз, бир күн өттү, демек, биринчи раунд аяктады" деп тамашалап жаттым. Валентинанын жөнөкөй адамдар менен жүрүшү да кыйын болду. Кайда барбасын, сүрөткө түшөм деп кол сунган адам. Мындай учурда мушкердин коопсуздугун ойлоп көбүнө уруксат берген жокпуз. Топ адамдын арасынан, өзгөчө күйөрмандары менен жолугушуудан кийин аман-эсен алып чыгып кетсек экен деп тилеп жаттык.

— Валентинага чепкен менен калпак кийгизип жиберген күйөрманды таптыңыздарбы? Орун басарыңыз Эмил Токтогонов берген комментарийинде "таап калсак, сүйлөшөбүз" деп жатты эле.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
— Күйөрман бала калпак менен чепкенди мушкердин машыктыруучусу Павел Федотовго кийгизет го деп ойлогонбуз. Чыгып аларды Валентинага кийгизип туруп, өзү да экинчисин кийип алды. Мен абдан таң калдым. Ошол жерде баланы кагып, кийим-кечесин "сыйрып" алсак туура эмес болмок. Кечинде кымгуут болуп жатканбыз, эртең менен интернетти ачсам, элдин баары ошол теманы талкуулап жатыптыр. Эл башка жакшы нерселерге көңүл бурбай, чапан менен калпакты көрүп калганына маанайым бузулду. Эртең менен Валентина менен Ошко учуп баратканда, социалдык тармактарда ушул нерсе талкуу болуп жатканын өзүнө кабардар кылып койдум. Ал минтип айтты:"Рингде мушташкан кыздын ишиби? Эгер тарыхка көз жүгүртсөк, баатырлардай кийинип согушкан кыздар болгон. Мен деген баатырмын да, аскермин. Калпак менен чапанды эркектер киерин билгем. Буга менин эч кандай жаман оюм, таарынычым жок. Мен күйөрманды баатыр катары сыйлап жатат деп кабыл алдым",- деди Шевченко. Ачыгын айтканда, күйөрман баланы издеттирген деле жокпуз, себеби ал деле ушундай жоопту айтмак болушу керек. 

© Sputnik / Эмиль СадыровТолкуган эл. Шевченконун Бишкекте күйөрмандары менен жолуккан видеосу
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Толкуган эл. Шевченконун Бишкекте күйөрмандары менен жолуккан видеосу

— Түшүнүктүү, ошол эле 8-апрель күнү "Шевченконун сый тамагы" уюштурулуптур. Ал кандай өттү жана кимдер барды?

— Маалымат жыйынга да, күйөрмандар менен жолугушууга дагы келе албай калган сыйлуу адамдарыбыз бар эле. 200дөй кишини ресторанга топтоп, той форматында жолугушуу өткөрдүк. Ага аткаминерлер, шоу-бизнес өкүлдөрү жана спорт тармагындагы адамдар келишти. Спортчулардын көбү аралаш мушташ түрү боюнча беттеш өткөргөн мушкерлер болуп, алар UFC мушкери менен машыктыруудан кеп-кеңеш алып, сүрөткө түшө алышты. Ар бир мушкердин кыялы Валентинадай бийиктикке жетүү эмеспи. Бул жолугушуунун аркасы менен Шевченкого аны бир гана спортчулар эмес, жогорку жактагы адамдар дагы колдой турганын билдиргибиз келди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

— 9-апрелде Оштогу күйөрмандар менен жолугушуусу да жакшы өткөнүн видеолордон көрүүгө болот. Ал жакта мушкерге жоолук салып, элечек орошуп, кооз чапандарды кийгизишиптир. Айрым интернет колдонуучулар бул нерсени Бишкектеги чапан менен калпакка "жооп" дегендей жазып жатышты...

— Мындай ой уюштуруучу тарапта болгон жок. Элечек ороп, чапан кийгизүү мурда эле чечилген болчу. Ал эми Бишкектеги калпак, чапан пландалган эмес.

Жалпысынан Шевченконун Ош шаарындагы жолугушуусу Бишкектен ашса ашаар, кем калган жок. Сулайман-Тоого барды, мастер-класс өттү, мектептеги окуучуларга барды, миңдеген күйөрмандарынын алдында кара жорго менен лезгинканы бийлеп, сыйга татып, белек-бечкекке бөлөнүп, ыраазы болуп кайтты. 

© Фото / Эмил ТоктогоновШевченко Ош шаарына барганда мастер-класс өткөн клубдун жамааты элечек ороп, кооз жашыл чапан кийгизишкен
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Шевченко Ош шаарына барганда мастер-класс өткөн клубдун жамааты элечек ороп, кооз жашыл чапан кийгизишкен

— Элечекти спорт клубдун жамааты кийгизгенин айткансыздар, бул баш кийимди турмушка чыккандан кийин гана кие турганынан алардын кабары жок бекен?

— Мен элечекти турмуш жолундагы кыздар оронорун сизден биринчи ирет угуп жатам. Чынын айтсам, кыргыз болгонубуз менен каада-салтты терең билбейт экенбиз.

— Валентинага эмне гана кийим кийгизбесин, макул болуп жатты, жеке өзүм ал жашоодо жумшагыраак адамбы деп ойлоп калдым.

— Жалпысынан ал менин көзүмчө эле миң киши менен сүрөткө түштү окшойт. Бир адамга да "бошобой жаттым эле, кечиресиз" деп баш тартканын көргөн жокмун. Таң калып өзүнөн сурасак, "адамдын сунушун четке кагып койсом түпөйүл ойдо калам, кечке ойлоно берем" дейт. Валентина миң кыйын мушкер болбосун, жүрөктөгү назиктигин, адамгерчилигин көрсөтө алды. Анын басып-турганы, сүйлөгөнү суктанарлык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыдырмышев: Валентина менин көзүмчө эле миң киши менен сүрөткө түштү окшойт. Бир адамга да "бошобой жаттым эле, кечиресиз" деп баш тартканын көргөн жокмун.
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кыдырмышев: Валентина менин көзүмчө эле миң киши менен сүрөткө түштү окшойт. Бир адамга да "бошобой жаттым эле, кечиресиз" деп баш тартканын көргөн жокмун.

— Мушкерди президент чакырды, сиздер уюштуруп берди деп жатабыз. Жалпы жонунан канча каражат кетти, мамлекет тараптан акчалай жардам болдубу?

— Кеминде жарым миллион сом сарпталды. Бул суммага авиабилеттер, ресторандагы жолугушуу, тамак-аш, басып-турганыбыз, Валентинанын анча-мынча көйнөктөрү кирди. Каражатты федерация өзү тапты, демөөрчүлөр жардам берди. Мамлекет тараптан акчалай жардам болгон жок. Президенттин "Даңк" ордени бизге чоң белек эле.

— Сиздер коомчулукту Валентинанын сапарынын үч күндүк программасы менен гана кабардар кылгансыздар. Калган үч күндүк эс алуусу кандай өттү?

Чемпионка UFC Валентина Шевченко в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эл алдында Шевченко менен сүрөткө түшкөн жигит жашып кетти. Фотофакт
— Ош шаарынан келгенден кийин ал жактырган ок атууга алып бардык. Шаардын четиндеги Чуңкурчак жайлоосунда таза аба жуткуруп, улуттук тамактар менен сыйладык. Кызык оюн көк бөрүгө да күбө болду. Ортодо конокко чакыргандар көп болду. Эртеси жеке өзүмдүн суранычым менен Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин көрүп кетүүнү сунуштасам, Валентина "баруу биздин милдет" деди. Мушкер менен улуу жазуучунун үй-музейин эки сааттай кыдырып, соңунда уулунун колунан сыйлыктарды алдык.

Социалдык тармактан мага Шевченко менен кайдан болсо да жолугуп, сүрөткө түшкөнгө жардам бериңизчи деп суранып жазгандар өтө көп болду. Оюма койсо, бир ай бою Валентина менен жүрө берет элек. Бир-эки жаш бала аябай өтүнгөнүнөн "Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине келип калгыла" деп шыбырап койгом. Келип сүрөткө түшүп кетишти.

Валентинага бир күн гана үй-бүлөсү менен болууга убакыт бердик. 13-апрель таңда учуп кетти. Төбөсү көккө жетип, абдан ыраазы болду. Чындыгында өзү деле мындай тосуп аларыбызды күтпөптүр. "Мындай дем-күч менен он ирет чемпиондук курумду коргойм" деп кетти. Ал UFC башчысы Дана Уайт бардык эле мушкерди тосуп алгандагы видео менен бөлүшө бербей турганын да белгиледи. Валентина азыр деле кубанычы жүрөгүнө батпай Бишкектеги сүрөттөрүн жүктөп жатат. Мага Казакстан, Өзбекстан өңдүү коңшу мамлекеттерден "кантип биз дагы Валентинаны конокко чакырсак болот" деп байланышып жатышты. Бул туурасында дагы сүйлөшөбүз го. Шевченконун Кыргызстанга келиши чоң жаңылык болду деп ойлойм. Ушул ишке себепкер болгонубузга кубанып жатабыз. 

© Фото / Международный фонд им. Чингиза АйтматоваУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов Валентина Шевченкого фонддун атынан Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Дүйнө жараны" деген титулду ыйгарды
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов Валентина Шевченкого фонддун атынан Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Дүйнө жараны" деген титулду ыйгарды

— Валентина убактым болсо "Ош" базарына кире кетем деп жатты эле. Бара алдыбы?

— "Ош" базарынын Чүй проспектиси тарабы менен машинада кетип бара жатканда тамашалап, "кирбейт белеңиз" десем, күлүп көңүлдөнүп жатпайбы. Эгер жаныбызда тартип сакчылары бар болгондо жолдон түшүп, кирип чыкмак окшойт. Валентинанын энесинин үйү "Ош" базары тарапта экен, балалыгынын изи да ушул жакта калыптыр. Ошол себептен базар жүрөгүнө жакын экен.

— Шевченко менен кеткенге чейин чогуу жүрдүңүздөр, эмне тууралуу сүйлөштүңүздөр?

— Мага Конор Макгрегор менен мамилеси кандай болду экен деген суроо кызык болду. Валентина ал тууралуу жакшы ойдо экенин айтты. Булар бир турнирде беттешип жатса дагы бири-бири менен сүйлөшүүгө убактылары жок экен. Деги эле кайсы мушкерлер менен мамилеси жакшы экендигин сурадык. Машыктыруусучу Павел Федотовдон UFC уюмуна баруунун жолу тууралуу сурадык. Ал "биз деле менеджер менен иштешебиз, сөзсүз жакшы бир менеджерге туш болуу керек. Силер (федерация. — ред.) балдарды даярдап бергиле, мен болгон аракетимди көрөм" деп айтты . 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков WEF президенти: алдыда дагы башка мушкерлерди Кыргызстанга алып келейин деген оюбуз жок. Биз жолугушууларды уюштурган компания эмеспиз. Шевченко менен ымалабыз жакшы болгон үчүн сапарын уюштурдук.
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек - Sputnik Кыргызстан
WEF президенти: алдыда дагы башка мушкерлерди Кыргызстанга алып келейин деген оюбуз жок. Биз жолугушууларды уюштурган компания эмеспиз. Шевченко менен ымалабыз жакшы болгон үчүн сапарын уюштурдук.

— Алдыда дагы кайсы мушкерди Кыргызстанга алып келейин деген планыңыз бар?

— Андай оюбуз жок. Биз жолугушууларды уюштурган компания эмеспиз. Шевченко менен ымалабыз жакшы болгон үчүн сапарын уюштурдук.

— Валентина Шевченконун сапары тууралуу сүйлөшүп бүттүк окшойт. Сизге бир аз суроом бар, кийинки болуп кайсы мушкер UFC уюмунда күч сынашышы ыктымал?

— Азиядагы эң мыкты мушкерлер — кыргыздар. Бул нерсени бир канча нерсе айгинелейт. Рейтингди алсак, Кыргызстан ММА спортунун өнүгүшү боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат. Коңшу Казакстан тизмеде он жетинчи турат экен. Дүйнө жүзүндө беш миңден ашуун спорттук уюм болсо, WEF ошонун отузунчу катарында. Алдыда мыкты ондукка кирели деген план бар. Спортчулардын беттешин тизмектеген Sherdog порталында өлкө атынан 600дөн ашуун мушкер катталган. Эгер федерациянын бедели чоң болсо, спортчуларга ири уюмдардан чакыруу түшөт. Буга биздин уюмда өскөн мушкерлер Кямран Абасов, Бусурманкул Абдубаит уулу, Кубаныч Абдисалам уулу мисал. Жогоруда айткандай, мушкерлер катталган порталдар аркылуу уюштуруучулар аларды издейт. Алар, албетте, мурда кайсы уюмда күч сынашканына кызыгат. Учурда бардык мушкердин UFC лигасында беттешүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп айткым келет. 

© Sputnik / Досхан НусупбековРуслан Кыдырмышев: мага Казакстан, Өзбекстан өңдүү коңшу мамлекеттерден "кантип биз дагы Валентинаны конокко чакырсак болот" деп байланышып жатышты.
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Руслан Кыдырмышев: мага Казакстан, Өзбекстан өңдүү коңшу мамлекеттерден "кантип биз дагы Валентинаны конокко чакырсак болот" деп байланышып жатышты.

— Акыркы учурда WEF бирдей салмактагы кыргыз мушкерлерин топтоп, квалификациялык кармаштан баштап беттештирип жатасыздар. Бул ой кайдан келди? Спортчулардын ден соолугу үчүн кооптуу эмеспи?

Кыргызстанский боец UFC, чемпион мира в наилегчайшем весе Валентина Шевченко в детстве - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченконун сандыктагы сүрөттөрү! Бала кезинен тарта чемпиондукка чейин
— Ден соолугу үчүн кооптуу деп эсептебейм, себеби WEF Grand Prix турнирине профессионал гана спортчулар күч сынашат. Башкалар кыргыздар менен кыргыздарды мушташтырбай эле койсо болмок деп айтышы мүмкүн. Бирок бул спортчулардын өздөрүнүнүн суранычы менен болуп жатат. "Мен бул салмакта кыйынмын, мен тигини утуп эле коймокмун" деп бири-бирине чакырык ташташты. Анүстүнө бир турнирде ар кандай салмактагы мушкерлер чыгышы керек, бир салмак болбойт. Ошондуктан WEF Grand Prix деп өзүнчө турнир уюштуруп, кайсы бир салмакта мыктыларды аныктайлы дедик. Биринчи болуп 66 килограммдагылар күч сынашып, алтын курду Канат Келдибеков (Тайсон) тагынганын билесиздер. Бул турнирде биз күтпөгөн нерселер болду. "Мен кыйынмын" деген мушкерлерди нокаутка кетирген Алимардан Абдыкааров менен Тайсондун жеңиши бир тең болду. Чүчү кулак болуп жатканда Алимарданга карата "күчтүү бирөөгө жем болуп кетпесин, өзүнө тең спортчу менен койгула" дегендей бир сөз болду эле. Мындай мелдеш элге абдан жагыптыр. Орозодон кийин 57 жана 71 килограмм салмактагы мыкты спортчуну аныктайлы деген планыбыз бар.

— WEF уюму мушкерлерге гонорар бербейт деген кептер жүрүп келет...

— Уюмдун төрт лигасы бар. Анын эң жогорку Global сериясында берилет, бирок кимге канча берилери айтылбайт. Биз коммерциялык уюм эмеспиз, дүйнөлүк федерация катары каттообуз бар, президент беш жылда бир шайланат. Ушул жылы октябрда мөөнөтүм аяктайт. Чет мамлекеттегидей биздин түз эфирлерди жергиликтүү ЖМК сатып албайт. Ири турнирге 30-40 миң доллар сарптасак, анын беш миң доллары гана билеттен түшөт. Региондордогу турнирлерге акысыз киргизип калабыз. Биздин максат — спортчуларды өстүрүп, дүйнөлүк уюмдарда күч сынашуусуна шарт түзүп берүү. Мушкерлер WEF федерациясын трамплин катары кабыл алышы керек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыдырмышев: биздин максат — спортчуларды өстүрүп, дүйнөлүк уюмдарда күч сынашуусуна шарт түзүп берүү. Мушкерлер WEF федерациясын трамплин катары кабыл алышы керек.
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кыдырмышев: биздин максат — спортчуларды өстүрүп, дүйнөлүк уюмдарда күч сынашуусуна шарт түзүп берүү. Мушкерлер WEF федерациясын трамплин катары кабыл алышы керек.

— Кулатуу эр таймаш федерациясында кыз-келиндер арасындагы беттеш чанда өтөт, бул жаатта дагы дивизиондорду өнүктүрөйүн деген план барбы?

— Албетте, Валентина Шевченкодой чемпиондор бизге стимул берет. Учурда 61 килограммда Барчынай Узгенбаева күч сынашып, элге таанылып келе жатат. Мушкер кыздарга эшигибиз ачык. Бирок аралаш мушташка бардык эле ата-эне кызын чыгара бербейт экен. Ал гана эмес, эркек балдарга араң уруксат беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0