Жакында жолугабыз! Валентина Шевченко Бишкекке келерин айтты

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРПретендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко мекендештерине видео кайрылуу жасаган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко жакынкы күндөрү Бишкекке келе турганын кабарлады.

Кыргызстандын Кулатуу эр-таймаш федерациясы (WEF) Instagram баркчысына спортчу кыздын видеосун жүктөгөн. Анда 7-апрель күнү Кыргызстанга келе турганы айтылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от WEF GLOBAL (@wef_global)

“Урматтуу, достор! Мен сиздер менен кубанычтуу кабарды бөлүшкөнү турам. Мен Бишкекке барам. Жакында көрүшөбүз!” — деп айткан Шевченко.

Боец UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Шевченко Макгрегор жана Нурмагомедов менен катарлашып, 15 мыктынын бири болду
Бул маалыматты анын апасы Елена Шевченко да тастыктады.
Спортчуну тосуп алуу жана башка жолугушууларды Кулатуу эр-таймаш федерациясы уюштура турганы белгилүү болду. Анын алкагында Спорт сарайында күйөрмандар менен жолугушуу болот, ЖМКлар үчүн маалымат жыйын өткөрөт.

Эске сала кетсек, былтыр 8-декабрда Валентина Шевченко польшалык Жоанна Енджейчикти UFC 231 турниринин алкагында утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0