Өзгөчө спортчу Казбек Мияров: 108 чакырымдан кийин сулк жатып калдым

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык ультрамарафончу Казбек Мияров
Кыргызстандык ультрамарафончу Казбек Мияров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 жаштагы Казбек Мияров — күлүк. Ал жөн спортчу эмес, — ультрамарафончу, тагыраагы ченемден тыш аралыкты багындыра алат. Биринчи мелдешинде эле 12 саатта 108 километрди чуркап өткөн!

Мияров ультрамарафон менен төрт жылдан бери машыгып, үч ирет рекорд койгон. Спортчу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков30 жаштагы Казбек Мияров — ультрамарафончу, тагыраагы ченемден тыш аралыкты багындыра алат
Кыргызстанский ультрамарафонец Казбек Мияров - Sputnik Кыргызстан
30 жаштагы Казбек Мияров — ультрамарафончу, тагыраагы ченемден тыш аралыкты багындыра алат

— Бала кезиңизден спорттун бокс, күрөш, футбол түрлөрү менен машыгып, кийинчерээк жеңил атлетиканы тандап алышыңызга эмне түрткү болду?

— Мен эмгектенген Казакстандык фирманын жетекчиси — Триатлон федерациясынын президенти. Триатлончулар үч тапшырма аткарат — белгиленген аралыкка чуркап, велосипед менен жүрүп, анан суудан сүзүп өтөт. Ал кишинин сунушу менен бир-эки мелдешине катышып, жеңил атлетиканы жактырып калдым. Азыр деле триатлон менен алектенип турам.

Кыргызстанский марафонец Адилет Кыштакбеков - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы марафондо биринчи келген Адилет: жарыш алдында 20 саат ачка жүрдүм
Бир нече айдан кийин Алматыдагы жарым марафонго катышкам. Ультрамарафончу катары катышкан биринчи мелдеште экинчи орунду алгам. Анда 12 сааттын ичинде 108 километр чуркадым. Экинчи мелдеш трейлрайдинг түрүндө өттү, мында тоо таш, бак-даракты аралап чуркайсың. Ошол убакта күн суук эле, 70 чакырым чуркап калдым. Быйыл жазында 24 сааттын ичинде 108 километрди чуркадым.

— Ченемден тыш аралыкты багындыруу үчүн өзгөчө күч, мүнөз талап кылынса керек…

— Боксташып, күрөшүп, футбол ойноп жүргөндө көнүгүү үчүн гана чуркачубуз. Ультрамарафончу болууга каалоо жана чыдамкайлык керек. Мен да башында кыйналгам. Бир аз чуркаганда "мунун мага эмнеге кереги бар" дечүмүн, ошол эле учурда ырахат алып жатканымды байкабай калыпмын.

© Фото / предоставлено Казбеком МияровымКазбек Мияров бала кезинен бокс, күрөш, футбол менен алектенип, төрт жыл мурда жеңил атлетикага токтолгон
Кыргызстанский ультрамарафонец Казбек Мияров - Sputnik Кыргызстан
Казбек Мияров бала кезинен бокс, күрөш, футбол менен алектенип, төрт жыл мурда жеңил атлетикага токтолгон

— Машыктыруучуларыңыз барбы?

— Эки жылдан бери бир машыктыруучу менен иштейм. Мелдешке даярдануунун тартибин баштан аяк түзүп берет. Турнирлерге күзгө жуук катышам. Бири 50 километр болсо, экинчисинде 120 чакырымды чуркап өтүшүм керек.

— Узакка чуркаганда абдан кыйналсаңыздар керек. Кантип эс аласыздар?

— Биз жөнөкөй марафондон эки-үч эсе көп чуркагандыктан жумалап эс алабыз. Ден соолук толук калыбына келиш үчүн бир ай керек. Эсимде, биринчи марафонду чуркаганда өзүмө келе албай үч жума сулк жаткам. Өйдөдө айтып өткөндөй 108 чакырым болчу.

— Чуркагандан кийин салмак бир топ эле түшөбү?

— Тескерисинче толом. Себеби мелдешке чукул камыр тамакты энергия топтоо үчүн көбүрөөк жеп, аз кыймылдайбыз.

© Фото / предоставлено Казбеком МияровымУльтрамарафончу 108 чакырымды эки жолу чуркаган. Мындан тышкары 70 километрди тоо ташты аралап багындырган
Кыргызстанский ультрамарафонец Казбек Мияров - Sputnik Кыргызстан
Ультрамарафончу 108 чакырымды эки жолу чуркаган. Мындан тышкары 70 километрди тоо ташты аралап багындырган

— Мелдештерде сый акы беришеби?

— Ден соолукту чыңдап, дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулар менен таанышуунун өзү эле баалуу.

— Бутка көп күч келсе керек?

— Бөйрөк менен жүрөктү маал-маалы менен текшертип турам. Эң негизгиси — уйкудан калбай, күчтүү тамактаныш керек. Мурда ден соолукту калыбына келтире турчу дары-дармектер зыяндай туюлчу, алар жөн гана витамин экен. Азыр аларды жакшы эле колдоном.

© Sputnik / Табылды КадырбековКазбек Мияров: ультрамарафончу болууга каалоо жана чыдамкайлык керек. Бир аз чуркаганда "мунун мага эмнеге кереги бар" дечүмүн, ошол эле учурда ырахат алып жатканымды байкабай калыпмын
Кыргызстанский ультрамарафонец Казбек Мияров - Sputnik Кыргызстан
Казбек Мияров: ультрамарафончу болууга каалоо жана чыдамкайлык керек. Бир аз чуркаганда "мунун мага эмнеге кереги бар" дечүмүн, ошол эле учурда ырахат алып жатканымды байкабай калыпмын

— Витаминдер арзан эмес экенин билем. Сиз каражатты кайдан табасыз?

— Эң көп акча ботаска эле кетет. Төрт жылдан бери таманы жарык, үстү бүтүн ботастарым бир батир болоюн деп калды. Казакстандагы айнек чыгарган фирманын бул жактагы өкүлүмүн. Кошумча спорттук мелдештерди уюшурган агенттикте эмгектенем.

— Жеңил атлетика Олимпиада оюндарынын катарында эмеспи, балким курама командага кирсеңиз мындан да жакшы жыйынтык көрсөтмөкдүрсүз?

— Курама командада кесипкөй күлүктөр машыгат. Биз ышкыбоз катары алектенип келебиз. Учурда бизден ультрамарафончу алты гана киши бар, келечекте аталган спорттун түрүнөн федерация ачайын деген план бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0