Алышып алың жетеби? Алыш күрөшүнүн эрежеси

Жазылуу
Алыш — кыргыздын улуттук спортунун түрлөрүнүн катарын толуктайт. 2008-жылы алыш Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW), 2017-жылы Азия оюндарынын программасына кирген. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттун түрлөрүнө кошулган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Дене тарбия, жаштар иши жана спорт агенттиги менен биргеликте быйылкы көчмөндөр оюндарына киргизилген спорттун түрлөрүнүн эрежелерин даярдамакчы. Бул ирет алыш күрөшү менен тааныштырабыз.

1. Алыштын жалпы эрежелери

— Ыкмалар теңме-тең колдонулган учурда жеңиш акыркы ыкма боюнча ыйгарылат.

— Күрөш олимпиадалык система боюнча жооткотуучу кармаштарсыз өткөрүлөт.

— Килемде башталып, килемдин сыртында бүткөн ыкмалардын баары эсептелет.

2. Кармаштын башталышы жана аягы

— Кур көкүрөк тушка байланып. Байлангандан кийин көкүрөк менен курдун ортосунда эки муштум баткыдай аралык калышы керек.

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
— Балбандар килемге ар башка түстөгү атайын күрмө менен чыгышат. Биринчи болуп атаандашын курдан жашыл түстөгү күрмөчөн балбан кармайт. Курдан алууда сөзсүз түрдө капталдан кармоо керек. Андан кийин ушундай эле кыймылды көк күрмөчөн балбан аткарат. Кармаш башталгандан кийин гана ыкма аткарууга ынгайлуу абалды издеп колун курдун айланасында жылдырууга уруксат берилет.

— Колду атаандашынын курунун астынан коё берүү менен капталдан кармаган балбандар курду бир аз колунун башына ороп алышат.

— Кармаштын алдында балбандын башы атаандашынын ийининде болушу керек. Ал ортодо балбан атаандашынын бутунун кыймылын өзүнүн кол астынан байкап турат. Балбан курду кармоодо атаандашынын оң колун колтук астына өткөрүп, өзүнүн сол колун атаандашынын оң колунун үстүнө жаткырат.

— Ар бир кармаштын алдында үч калыс, арбитр жана капталдагы калыстар килемдин четине чогулуп оң колду сол көкүрөккө алып жүгүнгөндөн кийин өз орундарын алышат. Килемден чыгып келе жатканда калыстар кайрадан анын четине чогулуп оң колун сол көкүрөккө алып жүгүнөт.

— Арбитр жана капталдагы калыстар кармаш алдында балбандар килемге чыга электе өз ордуларын алышы керек.

— Катышуучулар килемге чыгаар алдында анын четине токтоп бири-бирине карап оң колун сол көкүрөккө алып жүгүнүүсү абзел. Катышуучулар калыстын "Кармаш" деген буйругунан кийин күрөшкө даярданат. Андан кийин калыс "Алыш" деген буйрукту берет.

— Арбитр женишке жетишкен балбандын колун көтөрүп анын жеңүүчү экенин тастыктайт. Андан кийин катышуучулар кол алышып килемден чыгып кетет.

Экс-президент НОК КР, экс-депутат Жогорку Кенеша Баяман Эркинбаев - Sputnik Кыргызстан
Баяман Эркинбаевдин уулу Адилет: атам үчүн өч алам деп атканды үйрөнгөм
— Бардык жүгүнүүлөр белден алдыга ийилип аткарылат. Калыс анын жасалышын көзөмөлдөйт.

— Килемде көзөмөл жүргүзүп жаткан калыс кармаш алдында килемдин бетинин түздүгүнө, тазалыгына, атайын төшөмөлдөрдүн арасында жылчык жоктугуна көңүл бурушу керек. Арбитр беттеш алдында килемдин ортосунда болуп, убакыт катталуучу килемди жетектеген калыстын столун карап турушу керек.

— Арбитр "токто" деген буйрукту берип жатканда катышуучуларды көрүп турушу керек.

3. Алыштын кийими

— Мелдештин катышуучулары жашыл жана көк түстөгү күрмө ак түстөгү шым кийишет. Ал эми кур кызыл түстө болот. Биринчи чакырылган спортчу жашыл ал эми экинчи чакырылганы көк түстөгү күрмө киет.

— Алыштын кийими пахтадан жасалган кездемеден болушу шарт. Кийим жакшы абалда болуп кездеме ашыкча катуу жана тыгыз болбошу керек.

— Күрмөнүн узундугу жоон санга чейин болушу абзел. Ал эми шым томукту жаап турат. Багалектин жазылыгы 15-20 сантиметр. Курдун жазылыгы 5-6 сантиметр. Кур узун-туурасы 150 сантиметр болгон кездемеден тоголоктолуп жасалышы керек. Курдун жалпы узундугу 210-215 сантиметрди түзөт. Ал эми өспүрүмдөр жана балдар үчүн 150-200 сантиметр.

4. Кармаштын узактыгы

— Эркектер, таза беш мүнөт күрөшөт.

— Өспүрүмдөр жана 35 жаштан жогоркулар, таза төрт мүнөт күрөшөт.

— Балдар жана 56 жаштан жогорку катышуучулар жана кыз-келиндер, таза үч мүнөт күрөшөт.

5. Кармаштын жүрүшү

Балбан Мээрим Момунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балбан Мээрим Момунова: мен катышкан турнирге жакындарым келүүнү каалабайт
"Кармаш" — белден алуу. Калыс манжаларын жуумп, эки колун алдыга сунат. Бул командадан соң, балбандар оң жана сол капталдагы бел боодон кармашат. Эгер балбандар 10 секунддун ичинде калыстын талабына баш ийбесе жазаланат.

"Алыш" — күрөштүн башталышы. Калыс команда бергенде оң колун алдыга сунуп, алаканын ачык, баш манжасын жогору караган абалда кармайт.

"Токто" — күрөштү токтотуу. Калыс колун желкесинин деңгээлинде алдыга сунуп, алаканын жогору көтөрөт. Калыс балбандарга караган абалда турат.

"Аракет" — баштапкы баа. Калыс оң колун чыканактан өйдө 90 градус жогору көтөрөт, алакан ачык, жогору караган абалда болот. "Аракет" баасы балбан атаандашынын тизесин килемге тийгизген учурда ыйгарылат. "Аракетти" аткаргандыгы үчүн бир упай берилет.

"Жамбаш" — жарым жеңиш. Калыс колун желкесинин деңгээлинде каптал жагына сунуп, алаканын ылдый каратат.

а) балбан атаандашын каптал жагына жыкканда упай берилет.

б) балбан көтөрүп чаап, атаандашы жамбашы менен түшкөндө упай берилет.

Тиркеме: Эгер көтөрүп чапкан учурда атаандашы жамбашы менен түшүп, анан эки далысы жерге тийип калса таза жеңиш ыйгарылат.

"Таза" — таза жеңиш. Калыс алаканын ачкан абалда колун жогору көтөрөт.

Упай берилет:

а) ортодогу калыс балбандардын бири далысы менен тийгенде.

б) "Жамбаш" эки ирет аткарылганда

в) атаандашына үч жолу "эскертүү" берилгенде

г) атаандашы эки мүнөттүн ичинде килемге чыкпаган учурда

д) дарыгердин жардам көрсөтүүсү беш мүнөттөн узакка созулуп кеткенде (жалпы жолунан)

з) алган упайлар 10го жеткенде

"Бекер" — эсептелбеген ыкма. Калыс эки колун алдыга сунуп, эки-үч жолу солго, оңго жаңсайт.

"Эскертүү" — Калыс колун 45 градуска каптал жагына сунуп, алаканын алдыга караткан абалда катышуучу жакты көрсөтөт.

Эскертүү берилет:

а) эгер балбан "кармаш" деген буйрукту 10 секунддун ичинде аткарбаса.

б) эгер балбан атаандашына башын такап алып, ага ыкмаларды колдонууга мүмкүндүк бербесе.

в) эгер балбан кармашканын токтотуп, бел боону кое берсе.

г) "Алыш" деген буйрук берилген соң балбандар 30 секунд илең-салаң күрөшүшсө.

Тиркеме: биринчи "эскертүү" "аракет" ыкмасына барабар. Экинчи жолу "эскертүү" берилгенде атаандашына "Жамбаш" ыкмасы ыйгарылат. Ал эми үчүнчү ирет "эскертүү" берилген соң балбан күрөштөн четтетилип атаандашы "таза" жеңишке жетти деп саналат.

Эгер балбандар бирдей упай топтосо жана аларга берилген эскертүүлөр да бирдей болсо, анда жеңиш акыркы болуп техникалык упай алган балбанга ыйгарылат.

6. Тыюу салынган аракеттер:

— Атаандашына курдан кармоого тоскоолдук кылуу;

— Бир колду курдан чыгарып ыкма аткаруу;

— Кармаш учурунда бир колду курдан чыгаруу;

— Атаандашына ыкма аткарууга тоскоолдук кылуу максатында башы менен түртүү;

— Колду курсакка такоо.

7. Алыш күрөшүндө колдонулуучу ыкмалар

— Кайтарма;

— Бутту ичинен же сыртынан чалуу;

— Токонек артка (бутун атаандашынын бутуна илип артка жыгытуу);

— Отургузуу;

— Тизе;

— Жамбаш.

Эскертке кетсек, быйыл өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталат. Мелдеш спорттун 37 түрү боюнча өтүп, ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышары болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0