"Күмүш бала", баатыр ата Канат Бегалиев 34 жашта! Балбан тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековСеребряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канат Бегалиев — ысымы далайга кеткен кыргыздын атактуу балбаны. Ийгиликтеринин баарын эске албаганда да спортчунун 2008-жылдагы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль багындырганы — жумурай журттун сыймыгы.

Бүгүн Бегалиев 34-кышын майрамдап жатат. Ал 1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги балбан тууралуу 7 факты сунуштайт.

Аккан арыктан суу чыгат. Канатбектин чоң атасы даңазалуу Төлөш балбан болгон. Атасы Кубат дагы учурунда кыргыз күрөшү боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону аталган. Эки агасы жана иниси күрөш боюнча спорт чебери. Бир агасы Талас Бегалиев самбо боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, көк бөрү боюнча президенттин кубогунун үч жолку ээси, Көк бөрү федерациясынын Талас облусу боюнча жетекчиси. 

© AP Photo / Ed WrayБалбан Канатбек Бегалиев убагында өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор арасында Азияда экинчи, Дүйнө биринчилигинде экинчи жана Олимпиадада экинчи орунду багындырган. Ошол себептен коомчулукта, эл аралык мелдеште "Күмүш бала" атка конгон
Борец Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Балбан Канатбек Бегалиев убагында өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор арасында Азияда экинчи, Дүйнө биринчилигинде экинчи жана Олимпиадада экинчи орунду багындырган. Ошол себептен коомчулукта, эл аралык мелдеште "Күмүш бала" атка конгон

Тентек, бетке чабаар окуучу. Беттегенинен кайтпаган Канатбек тогуз жашында спортко кызыгуусу артып, күрөш менен алектене баштайт. Грек-рим күрөшүнүн алгачкы ыкмаларын Таластагы биринчи машыктыруучусу Ороз Шаршекеев үйрөткөн. 14 жашында Бишкектеги спорт мектепке кабыл алынган. Спортчуну бийик деңгээлге жеткирген адамдардын бири Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов. 

Грек-рим күрөшүнүн келечеги Бегалиевдин ийгилиги менен. Спорт мектепке келгенден бир жыл убакыт өтпөй эле, тагыраагы 1998-жылы, Москвада жаш балдардын дүйнөлүк олимпиадасы өтүп, анда 8-орунга илинген. 2000-жылы Иранда өткөн жаштар арасындагы мелдеште Азия чемпиону болсо, 2003-жылы чоңдор арасындагы Азия чемпионатында коло медалга татыган. 2004-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон. Ошол эле жылы Афинада өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо утуп, жыйынтыгында сегизинчи орунга жетип, дүйнөнүн 10 мыкты балбанынын катарына кирген. 2006-жылы грек-рим күрөшү боюнча Кытайда дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган. Ушул эле жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында баш байге утуп, алтын медаль тагынган. Спортчунун мындай ийгилиги далай жеткинчекти килемге тартып балбан кылганы шексиз. 

© Фото / предоставлено Канатбеком БегалиевымСпортчу Бегалиев жубайы Айпери менен үч кыз, эки уулду тарбиялашат
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев с супругой - Sputnik Кыргызстан
Спортчу Бегалиев жубайы Айпери менен үч кыз, эки уулду тарбиялашат

Пекинде күткөн күмүш медаль. Төрт жылда бир өтө турчу ири мелдеште күч сынашуу Бегалиевге экинчи жолу буюрат. Алгачкы беттешинде америкалык балбан Жейк Дейчлерди утуп, чейрек финалда улуту армян, бирок украиналык балбан Армен Варданянды уткан. Жарым финалда болгариялык Николай Герговду жер караткан. Чечүүчү беттеште француз балбаны Стив Гено менен кез келип, жеңилүү ызасын тартып калган. Бирок экинчи орун кыргыз эли үчүн эгемендик алгандан берки алгачкы күмүш медаль эле. Учурда анын эрдигин эч бир балбан кайталай элек.

Балбан ири спорттук мелдештерде экинчи орунга көп жолу татыганы маалым. Өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор арасында Азияда экинчи, Дүйнө биринчилигинде экинчи жана Олимпиадада экинчи орунду багындырган. Ошол себептен коомчулукта, эл аралык мелдеште "Күмүш бала" атка конгон. 

Кечээ спорттон кеткен, учурда ишкер, келечекте саясатчы Бегалиев… 2008-жылы Олимпиадада күмүш медаль тагынган кезде балбан болгону 25 жашта эле. Жаштыгына карабай спортчу андан ары активдүү жыйынтык көрсөтө алган эмес. Былтыр Sputnik маалымат агенттигине берген маегинде спорттон эрте кеткендигине өкүнөрүн айткан. "Отуз жашка чейин күрөшүп, жыйынтык көрсөткүдөй мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ачыгын айтайын, жаштыкка салып койдум. Жылдыз оорусуна чалдыктым окшойт. Өкүнөм, спорттун өмүрү абдан кыска да. Карьераң бүткөндөн кийин кемчиликтериңди билет экенсиң" деген. Кийин ардагерлер арасында дагы килем бетине чыгайын деген оюу жок экендигин белгилеген.

2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышуу үчүн жолдомо ала албай калган. 2013-жылы карьерасын жыйынтыктап, грек-рим күрөшү боюнча курама команданын машыктыруучусу болуп дайындалган. 2017-жылы улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болгон. Ошол эле жылы спорт тармагынан толугу менен кеткендигин жар салып, келечекте саясатка барып спортту өнүктүрө тургандыгын айткан. Учурда ишкерлик менен алектенет. 

© Фото / предоставлено Канатбеком БегалиевымБегалиев грек-рим күрөшүнүн балбаны Каныбек Жолчубеков жана курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев менен
Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине Канатбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Бегалиев грек-рим күрөшүнүн балбаны Каныбек Жолчубеков жана курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев менен

Баатыр ата. Өмүрлүк жары Айпери менен таанышуусуна ата-энеси себепчи болгон. Үч жылдай сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Жубайлар үч кыз, эки уулдун ата-энеси.

Обон созгон, жылкыны жанындай көргөн спортчу. Бегалиев чарчаган кезде, достору менен жолукканда караокеге барып турарын айтат. Ат чабышка, ит урушка кызыгып, мурда мелдештерге катышкан. Негизи эле табиятынан жылкыга жакын.

Жаңылыктар түрмөгү
0