БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 12-февралдан 24-февралга чейин Казакстандын Тараз шаарында окуу-машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, балбандар 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өтө турчу күрөш боюнча Азия оюндарына даярдануу үчүн жөнөтүлүп жатат.
Курама командага мамагенттиктин алдындагы олимпиалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 603 миң сом каралган.
Окуу-машыгуудан эки машыктыруучунун көзөмөлүндө 10 спортчу өтмөкчү.
Ал эми кыздардын командасы Чолпон-Атада машыгып жатканы белгилүү.