БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында бильярдчы Ызатбек Ратбеков жана спорт бийи боюнча жуптар Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей алтын медаль алышты.
Ратбеков финалда казак спортчусу Алибек Омаров менен беттешип мыктылыгын далилдеген.
Алтын медаль ээлеринен тышкары балбандар Калы Сулайманов, Атабек Азисбеков жана Узур Жусупбеков, ал эми самбо боюнча таймашта Жамалбек Асылбек уулу менен Жаныбек Аматовдор финалга чыгышты.
Ошентип кыргызстандыктардын байге куржуну дагы эки алтын менен толукталып, жалпы жонунан медалдардын саны 61ге жетти.