Кыргызстандын футболчулары өзбек атаандаштарынан утулуп калды

Жазылуу
Беттеш Ташкент шаарында өттү.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өзбекстандык атаандаштарынан утулуп калганын Футбол федерациясы билдирди.

Беттеш “Бунедкор” стадионунда өтүп, 5:0 эсебинде аяктады.

КРдин Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Букуев: Азиядагы күчтүү футбол командалардын катарына кирүү аракети көрүлүүдө
Буга чейин командалар техникалык схемаларды так иштеп чыгышы үчүн таймаш күйөрмандарсыз өтөрү айтылган. Өзбекстан 2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпионатынын жолдомосу үчүн ат салышса, Кыргызстан 2019-жылы өтчү Азия Кубогунун кваликациялык оюндарында күч сынашып жатат.

Футбол федерациясы улуттук команданын курамында жаңы оюнчулар болорун, чет элдик клубдар үчүн ойногон футболчулар болбой турганын айткан.

Ал эми 5-сентябрь күнү Кыргызстандын командасы өз үйүндө Мьянманын оюнчуларын кабыл алмакчы.

FIFA уюмунун июлдагы рейтинги боюнча Өзбекстан 64-орунда турса, Кыргызстан 128-сапка илинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0