Жүрөгүң тообу? Кыргызстанда экстремалдуу эс алуунун 7 түрү

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүРафтинг спортчулары. Архив
Рафтинг спортчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жай. Эс алуунун мезгили. Кыргызстан бул үчүн мыкты өлкө экени талашсыз. Көл десең — көл, тоо десең — тоо, токой, жайлоо, атургай экстремалдуу эс алууну сүйгөндөр үчүн бул жаатта бир топ жакшы жайлар ачылган.

Стресс, депрессиядан арыла албай же шаардын ызы-чуусунан тажап бир-эки саатка болсо да чындап эс алгыңыз келип жатса анда тоого чыгып параплан менен учуп же жайкы чана менен тоодон ылдый түшүп келиңиз. Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги сиз үчүн өлкөдөгү экстремалдуу эс алуунун түрлөрүн тизмектеп, бааларын, шарттарын сурап билди.

Рафтинг

Ташкындаган суунун үстүндө кайык менен сүзүү. Эс алуунун бул түрү кооптуу делгени менен кызыктуу экенин эс алуучулар айтып жүрөт. Май айында башталып сентябрь айына чейин уланат.

Рафтинг Боом капчыгайындагы Чоң-Кемин жана Чүй сууларында уюштурулат.

Шарттары: 18 жаштан өйдө курактагы адамдарды алышат. Керектүү кийимдерди өздөрү берет.

Баасы: 25 чакырым жерге чейин барсаң, 2,5 саатка киши башына 1800 сом.

Телефондору: 0773 772 994

Параплан

Мотору жок, парашютка окшогон учуучу аппарат. Негизи парапландын жалгыз жана инструктор менен уча турган эки түрү бар. Кыргызстанда параплан боюнча иш алып барган "Жетинчи асман" клубу көбүнчө парапланда учууну каалагандарга сөзсүз инструктор кошуп берет.

Шарттары: 18 жаштан жогору курактагы жарандарды кабыл алат, уча турган адамдын салмагы 40 килограммдан кем, 130 килограммдан ашык болбошу керек. Ошондой эле кош бойлуу айымдар, спирт ичимдигин ичкен адамдар уча албайт.

Баасы: Иш күндөрү 250 метрге 1200 сом, дем алышта 1500 сом. Ал эми 1000 метрден өйдө учам дегендерге 4000 сом.

Дареги: Чүй облусу, Чоң-Таш айылы жана Ата-Бейит мемориалдык комплекси.

Телефондору: 0771 333 886

Аркан токой

Экстремалдуу эс алуунун бул түрү да абдан кызыктуу дешет. Аталган клуб Бишкек шаарындагы Кара Жыгач токоюнда жайгашып, чырмалган аркандар аркылуу тоскоолдуктардан өтөсүз.

Шарттары: 6 жаштан өйдөкү каалоочулардын баары келсе болот. Керектүү кийимдерди өздөрү берет.

Баалары: 6-9 жашка чейинкилер үчүн бир айланып келгенине 250 сом

9-15 жашка чейинки балдарга бир айланып келгенге 300 сом

Ал эми чоңдорго бир айланып келгенге 350 сомдон 500 сомго чейин

Дареги: Бишкек шаары, Кара-Жыгач токою, Орто токой туюк жолу

Телефондору: 0555 509 221

Родельбан

Жайкы чана же дөңгөлөгү бар кичинекей чана. Эс алууну бул түрү Кыргызстанда эки жыл мурун Чүй облусунун Орловка айылында ачылган.

Родельбан в "Орловке "- масса незабываемых впечатлений👍

Публикация от ГОРНОЛЫЖНЫЙ КУРОРТ ОРЛОВКА (@orlovka_kg) Июл 13 2017 в 11:08 PDT

Шарттары: 15 жаштан өйдө курактагы адамдарды алышат. Ишемби жана жекшемби күндөрү аба ырайына карап иштейт.

Баасы: Асма жол менен көтөрүлүп кайра чана менен түшкөнүң 200 сом.

Дареги: Чүй облусу, Орловка айылы

Телефондору: 0701787815

Вейкборд

Башкача айтканда, суу лыжасы. Мында катерге байланган жипти кармап алып суу үстүндө вейкборд менен ар түрдүү ыкмаларды (трюк) жасоого болот.

© Фото / Ярослав МальцевВейкборд боюнча өлкөдө ар түрдүү сынактар өткөрүлүп турат
Чемпионат Кыргызстана по кабельному вейкбордингу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Вейкборд боюнча өлкөдө ар түрдүү сынактар өткөрүлүп турат

Шарттары: 6 жаштан өйдө курактагы бардык каалоочуларга эшиги ачык.

Баасы: бир мүнөткө 50 сом.

Дареги: Бишкек шаары, Манас проспектиси менен Түштүк магистралдын кесилиши.

Телефондору: 0558 585858

Страйкбол

Командалык аскердик-спорттук оюн. Анда чогулган адамдар командаларга бөлүнүп "согуш талаасында" кадимкидей салгылашат. Курал-жарактары атайын оюн үчүн ыңгайлашкан, башкача айтканда, жеңил пневматика. Страйкбол ойноо үчүн коргоочу көз айнек тагынып, атайын шым, бут кийим кийүү керек.

© AFP / DMITRY SEREBRYAKOVСтрайкболго барган адамдар командаларга бөлүнүп "согуш талаасында" кадимкидей салгылашат
Чемпионат по страйкболу в России - Sputnik Кыргызстан
Страйкболго барган адамдар командаларга бөлүнүп "согуш талаасында" кадимкидей салгылашат

Шарттары: 18 жаштан өйдө курактагы оюнчулар бара алат.

Баасы: 1000 сом. Эгер оюнчунун тийиштүү формасы болсо 500 сом

Телефондору: 0703906511, 0779635418, 0773696604

Аскага чыгуу

Спорттун олимпиадалык түрүнө кирген жар бооруна чыгуу да эс алуунун активдүү түрү. Бийиктикти багынтам дегендер тоо-ташка чыкпай, атайын жабык имарат ичинде эле машыгып же эс алса болот. Бул жаатта борбор калаада "К2" деген клуб бар.

Шарттары: 5 жаштан өйдө каалоочулар үчүн эшиги ачык.

Баасы: 2 айга абонемент алып койсо 2500 сом. Бир жолку эс алуу 300 сом.

Телефондору: 91-03-50, 0555 910 350.

Жаңылыктар түрмөгү
0