Антонина Шевченко 2005-жылдан бери биринчи жолу ММА эрежеси боюнча мушташат

© Фото / Roger AllenЖекеме-жеке урушуу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Антонина Шевченконун архивдик сүрөтү
Жекеме-жеке урушуу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Антонина Шевченконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу 2003чү жана 2005-жылы ММА боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон. Андан бери ММА уюмунун эрежеси боюнча күч сынашууну токтоткон.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жекеме-жеке урушуу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Антонина Шевченко 2005-жылдан бери биринчи жолу ММА эрежелери боюнча англиялык мушкер Керри Хьюз менен беттешет. Бул тууралуу MMA Fighting порталы жазып чыкты.

Мелдеш 22-сентябрда Лондондо Phoenix Fighting Championship турниринин алкагында өтөт. Антонина Шевченконун апасы Еленанын айтымында, кызы 2003чү жана 2005-жылы ММА боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.

​"Андан бери кызым ММА боюнча мелдештерге катышкан эмес. Азыр ага сунуш келип түштү, эми күчүн сынап көрөт", — деди ал.

Антонина Шевченко муайтай жана К1 мушташы боюнча дүйнөнүн чемпиону. Андан сырткары, кикбоксинг жана тай боксу боюнча титулдары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0