Убагында дүйнөгө дүң салган Мирбек Сүйүнбаев 42 жашта! Спортчу тууралуу 7 факты

© Фото / Эржан ТургумбековМастер спорта международного класса по кикбоксингу Мирбек Суюнбаев
Мастер спорта международного класса по кикбоксингу Мирбек Суюнбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кикбоксинг боюнча дүйнөгө таанымал мушкер Мирбек Сүйүнбаев бүгүн 42 жашка толду. КРнын эл аралык спорт чебери Сүйүнбаев тууралуу Журналист Гүлдана Талантбекова 7 факты сунуштайт.

Мушкер жарыкка келген мезгил. Мирбек Сүйүнбаев Кара-Буура районунун Бакайыр айылында 1975-жылы 17-июлда туулган. Он бир туугандын сегизинчиси (6 эркек, 4 кыз). Апасы учурда сексендин кырында, атасы 2011-жылы кайтыш болгон.

© Фото / Эржан ТургумбековСпортко кызыгуу бала кезинде Брюс Ли катышкан тасмалардын таасиринен улам башталган
Мастер спорта международного класса по кикбоксингу Мирбек Суюнбаев  - Sputnik Кыргызстан
Спортко кызыгуу бала кезинде Брюс Ли катышкан тасмалардын таасиринен улам башталган

Билими. 1982-жылы Таластагы Кара-Сай орто мектебине кирип, 1992-жылы аяктаган. 1993-жылы Токмок шаарында аскердик милдетин өтөгөн. Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин жана Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

Спорт залга айланган сарай. Спортко кызыгуу бала кезинде Брюс Ли катышкан тасмалардын таасиринен улам башталган. Ал кезде болочок кикбоксчунун машыктыруучусу да болгон эмес. Ал сарайга кирип алып атайын мүшөктөрдү ургулап машыга баштаган. Кийин айылдаш агасы Кабыл байке жардам берип жүрөт. 1995-жылы аскерден келгенден кийин белгилүү спортчу Александар Воинов менен таанышып, ал негиздеген "Гермес-Профи" клубуна кабыл алынган. Ошондон тартып чоң спортто өзүнүн күчүн сынап келет.

Ийгилик сыры. Ал спорттук тажрыйбасында ичимдик ичүүдөн, чылым чегүүдөн алыс экенин айтканы бар. Спортчу "Мен эми өз башыман өткөндү айтып берейин, ушул спорттук тажрыйбамда чылым тартпадым, арак ичпедим. Болгон жетишкендиктердин баары маңдай тер, эмгектин арты менен болду. Олимпиада чемпиону болгон Каныбек агабыздын 15 жыл мурда айтканы эсимде. Ал кыргыздын кадимки эле чучук, казы-картасын жеп, кымызды ичип күч-кубат алгыла дечү. Ошол кеңеш менен иммунитетимди чыңдап, салмак да кошчумун. Спортто негизи алдоо, көз боёмочулук болбошу керек, кыңыр иш кырк жылда билинет. Жаш спортчуларга айтарым, эмгектин арты менен баарын багындырыш керек" — деп жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине маек куруп жатып билдирген.

Футболистка сборной Кыргызстана и мастер спорта КР Айдана Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Айдана: оорудан эптеп бутка турганда апамдан айрылып калдым
Жүрөгүн багынткан 18 жаш кичүү селки. Спортчу 40 жашында өзүнөн 18 жаш кичүү Чолпон аттуу кызга үйлөнгөн. Учурда жубайы экөө сегиз айлык кызын тарбиялап жатышат. Ал биз менен байланышканда "спорттун аркасынан кууп жүрө бериптирмин, бирок бакыт куруунун эрте-кечи жок деп эсептейм" деп билдирди.

Өнөрлүү спортчу. Спорттон тышкары жүгөн өргөндү, ат таптаганды, тамакты түрлөп жасаганды, чач кыркканды билет. Ал "бир тууган агам чач тарач болгондуктан мектеп курагында эле чач жасаганга кызыкчумун. Аскерде жүргөндө балдардын чачын кооздоп берчүмүн. Азыр чач тарачка көз каранды эмесмин, убагы менен өзүм эле кыскартып турам. Кайрылгандарга да жардам берем" — деп айтып калат. Өнөрлүү спортчунун мүнөзү да шайыр, тамашөкөй адам.

© Фото / Эржан ТургумбековСпорттон тышкары жүгөн өргөндү, ат таптаганды, тамакты түрлөп жасаганды, чач кыркканды билет
Мастер спорта международного класса по кикбоксингу Мирбек Суюнбаев  - Sputnik Кыргызстан
Спорттон тышкары жүгөн өргөндү, ат таптаганды, тамакты түрлөп жасаганды, чач кыркканды билет

Көгөргөн эмгектин акыбети. 1995-жылы Киев шаарында өткөн кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орунга ээ болгон.

  • 1997-жылы Бишкек шаарында өткөн Азиянын кубогунда 54 кг салмак боюнча 2-орунду багындырган.
  • 1996-жылы Мурманск шаарында өткөн Евразия чемпионатында 1-орунду алган.
  • 1997-жылы Казань шаарында өткөн Евразия чемпионатында 1-орунга ээ болгон.
  • 1997-жылы Москва шаарында профессионалдар арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта (WAKO-PRO-98) 1-орунду жеңген.
  • 1997-жылы Европа чемпионатында 3-орунду камсыздап, 1999-жылы Бишкек шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду ээлеген.
  • 2001-жылы Белградда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 3-орунга, 2002-жылы Венгрияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 1-орунга, 2003-жылы Ташкент шаарында өткөн Азия чемпионатында 2-орунга ээ болгон.

Ошол эле жылы Ялта жана Париж шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 2-орундарды багындырган.

Макао шаарында өткөн Азия оюндарында күмүш медалдын ээси болуп, 2009-жылы Австралияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду багындырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0