Сүйүнчү! Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Азия чемпиону болду

© AFP / Dibyangshu SARKARКыргызстанкая бегунья Дарья Маслова
Кыргызстанкая бегунья Дарья Маслова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш чакырымдык аралыкты кыргызстандык спортчу 15 мүнөт 57,95 секундда чуркап өткөн.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызcтандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Азия биринчилигинде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Маслова 5 чакырымдык аралыкка чуркап, атаандаштарын артта калтырган.

"Жарыштар 6-9-июль күндөрү Индиянын Бхубанешваре шаарында өтүп, Маслова 15 мүнөт 57,95 секундда биринчи болуп марага келди", — деп жазылат маалыматта.

Экинчи жана үчүнчү орундарды Араб Эмирлигинин жана Индиянын спортчулары ээлешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0