20:41 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Кыргызстандык тай боксчу Валентина Шевченко беттеш учурунда. Архив

Шевченко менен Нуньестин беттешүү алдындагы проморолиги жарыяланды

© REUTERS / Mark J. Rebilas
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)
58411

Мушкер кыздардын реванштык таймашы 8-июль күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттешүү алдындагы проморолиги жарыяланды. Видео ​UFC мелдешинин (Ultimate Fighting Championship) Facebook баракчасына жарыяланды.

Реванштык таймаш 8-июль күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Анда кыргызстандык Валентина Шевченко менен Аманда Нуньест UFC 213 мелдешинин алкагындагы мушташат.

Буга чейин Нуньес Шевченкого сес көрсөтүп жатып жаакка чаап жиберген. Анда спортчулар мушташа кете жаздашкан

Былтыркы жылдын март айында Нуньес менен Шевченко UFC 196 мелдешинде рингге чыгып, утушка бразилиялык спортчу жеткен.

Андан соң Нуньес Миша Тейт жана Ронда Роузи аттуу спортчулар менен рингге чыгып, экөөнү тең беш мүнөткө жеткирбей утуп алган.

Ал эми Пуля каймана аты менен көптөрдүн жүрөк үшүн алган кыргызстандык Валентина Шевченко өткөргөн эки мелдешинин биринде жеңилүүгө дуушар болгон. Алгач экс-чемпион Холли Холмду упай менен жеңип, кийин Жулианна Пеньядан утулуп калган.

Тема:
Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин соңку беттеши (23)

Тема боюнча

Нуньес Шевченкого сес көрсөтүп жатып жаакка бир койду. Окуянын видеосу
Эки тай боксчу бир учурда бири-бирин эстен тандыра чапты
Белгилер:
мушкер, Валентина Шевченко, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ