БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин көптөн күттүргөн UFC 213 мелдешинин алкагындагы реванштык таймашы 8-июль күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Далласта өткөн UFC маалымат жыйында маалымдалды.
Эки кыздын беттешүүсү UFC 213 мелдешинде негизги таймаш болуп эсептелет.
Былтыркы жылдын март айында Нуньес менен Шевченко UFC 196 мелдешинде рингге чыгып, утушка бразилиялык спортчу жетишкен.
Андан соң Нуньес Миша Тейт жана Ронда Роузи аттуу спортчулар менен рингге чыгып, экөөнү тең беш мүнөткө жеткирбей утуп алган.
Ал эми Пуля каймана аты менен көптөрдүн жүрөк үшүн алган Валентина Шевченко өткөргөн эки мелдешинин биринде жеңилүүгө дуушар болгон. Алгач экс-чемпион Холли Холмду упай менен жеңип, кийин Жулианна Пеньядан утулуп калган.