БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүм курама командасы Түндүк Кореянын футболчуларынан 10:0 эсебинде утулду. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-майда Кытайдын Цзянинь шаарында футбол боюнча Snow Leopard Household Chemical Cup CFA International Youth Football Tournament Jiangyin — 2017 эл аралык турнири өттү.
Анда Түндүк Корея менен Кыргызстандын 16 жашка чейинки футболчулары оюн талаасында кездешкен.
Беттеште кыргызстандык футболчулар каршылаштарынын дарбазасына бир дагы топ киргизе алган эмес. Жыйынтыгында Түндүк Кореянын курама командасы ата мекендик оюнчуларды 10:0 эсебинде утуп алды.
Кийинки беттеш 26-майда болуп, Кыргызстан менен Македониянын оюнчулары кездешет. Аталган турнирге Кытай, Түндүк Корея, Македония жана Кыргызстандын өспүрүм курама командалары катышууда.