17:33 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8467
  • EUR77.4635
  • RUB1.0911
Facebook социалдык тармагынын Женни Жениш Кызы колдонуучунун бетинен тартылып алынган кадр.  Этникалык кыргыз Кыраанбек Макен уулу

Этникалык кыргыз баскетбол боюнча Кытайдын чемпиону болду

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
52141

Үрүмчү шаарынын атынан чыгып жаткан команда 2016-2017-жылдын аралыгында 38 оюнга катышып, 32 ирет жеңишке жетишкен.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Этникалык кыргыз Кыраанбек Макен уулу башында турган Xinjiang Flying Tigers деп аталган баскетбол командасы Кытайдын чемпиону аталды. Бул тууралуу клубдун расмий сайтына жарыяланды.

“Бул учурду биз 15 сезон бою күткөнбүз, минтип кыялыбыз орундалды. Кытай баскетбол ассоциациясынын чемпионатын акыры жеңдик”, — деп жазылат сайтта.

Үрүмчү шаарынын атынан чыгып жаткан команда 2016-2017-жылдын сезонунда 38 оюнга катышып, 32 ирет жеңишке жетишкен.

Бул команданын башкы атаандашы болуп чемпион титулун 7 ирет багынткан Guangdong Southern Tigers командасы эсептелип келген. 7-апрелде өткөн финалдык беттеште Кыраанбек Макен уулу жетектеген команда атаандашын 117:109 эсеби менен жеңип алды.

Кыраанбек Макен уулу оюн талаасына 13-номер менен чыгып келет.

Тема боюнча

Сүйүнчү! Кыргызстан дагы бир Олимпиада медалына ээ болду
Антонина Шевченко дүйнө чемпиондугу үчүн швециялык спортчу менен мушташат
Белгилер:
баскетбол, этникалык кыргыздар, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ