00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары кытай тарапка берилген эмес. Кечээ соцтармакта Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу видео тараган. Автору музейде экспозиция орнотулуп жатканын көрсөткөн. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, музей чет өлкөлүк мекемелерге ижарага берилген жок. Анда 15-августтан 15-ноябрга чейин “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү” аттуу эл аралык көргөзмө өтөт. Аталган долбоор Улуттук тарых музейи менен Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия автономиялуу районунун музейлеринин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдардын алкагында, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитине утурлай уюштурулууда. Белгилей кетүүчү жагдай, көргөзмө музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн каралган бош көргөзмө аянтчаларында уюштурулат.
Кыргызстан Россиядан 1147 тонна ун жана 121 тонна өсүмдүк майын гумжардам катары алды БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында келген жүк Ош шаарына түшкөн. Аны бөлүштүрүүгө РФтин башкы консулдугунун, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Эмгек министрлигинин өкүлдөрү катышты. Гуманитардык жардам түштүк облустардагы муктаж үй-бүлөлөргө жана билим берүү мекемелерине таратылат. Өткөн июнь айында Ошко ушул эле программа менен 121 тонна өсүмдүк майы келген. Белгилей кетсек, БУУнун аталган программасын Россия каржылайт.
Москвада жана Москва облусунда жүргөн кыргызстандыктарга миграциялык каттоого туруу үчүн "Амина"мобилдик тиркемесин колдонууга милдеттүү болгон чет өлкөлүктөрдүн тизмеси кеңейтилгени эскертилди. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып жаңы талаптар 18 жашка толо элек балдардан тышкары, жарандардын кыйла кеңири чөйрөсүнө жайылтылат. Тиркемени орнотуп, зарыл болгон процедуралардан өтүү менен миграциялык учетко турууга милдеттүү болгондор булар, Москва жана Москва облусунун билим берүү уюмдарында окуган 18 жаштан жогорку студенттер; Бул аймактарда эмгектенип жүргөн жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү; Жеке, коноктук, туристтик жана башка максаттар менен келип, калуу мөөнөтү 90 күндөн ашкан чет өлкөлүктөр. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө "Амина" тиркемесин алдын ала орнотуп, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз убагында миграциялык учетко турууну сунуштайт. Кошумча суроолор боюнча кыргызстандыктар Кыргызстандын Россиядагы элчилигине же Консулдук департаментке кайрыла алышат.
Бишкекке Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу болгон касиеттүү мөңгү суусу алып келинди. Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев "Биримдик кербени" долбоорунун алкагында бийик тоодогу булактан алынып көөкөргө куюлган сууну кабыл алды. Анын айтымында, бул демилге улуттук биримдик идеясын чагылдырат. Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа уюштурулду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин суу куюлган идиш "Асанбай" кичи районундагы А-Банктын филиалында сакталат, ал жерден каалоочулар аны көрүп, эстеликке сүрөткө түшө алышат. "Биримдик кербени" долбоору Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт. Анын максаты — элдин ынтымагынын жана руханий байланышынын символу катары өлкөнүн ыйык булактарынан алынган сууну бириктирүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0