00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:11
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
Между строк
Как кошки захватили мировую литературу
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Азыркы заманда нотариат жөн гана документтерди тариздеген институт эмес, адилеттүүлүктүн негизги звеносу болуп саналат. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда билдирди. Анын айтымында, нотариустар күн сайын жарандардын жана ишкердиктин укуктарын коргоп, укуктук мамилелердин ачыктыгын камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. “Кыргызстан акыркы жылдары эл аралык стандарттарга ылайык укуктук системасын ырааттуу түрдө өркүндөтүп, учурда жооптуу этапта турат. Нотариустар кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөрдү, бизнестеги үлүштөрдү сатуу же корпоративдик активдерди өткөрүп берүүдө биринчи коргонуу линиясында турушат. Бирок, айрым учурларда кылмыштуу топтор нотариалдык актылардын юридикалык күчүн өз максаттарына колдонууга аракет кылышат. Ошондуктан бул тармакта тобокелдиктер да бар”, — деди ал. Айдаровдун белгилешинче, негизги тобокелдиктердин катарына кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө байланышкан бүтүмдөр, акча каражаттарынын булагы белгисиз болгон накталай эсептешүүлөр, компаниялардын негизсиз тез эле ээсин алмаштыруусу, ошондой эле ишеним каттар жана офшордук схемалар аркылуу мүлктү кайра каттоо кирет. Ошондой эле нотариустардын ишинде санарип технологиялар кеңири колдонулуп жатканы белгиленди.
Кыргызстанда 2015-жылдан бери 80 жарым миң даана алтын куймасы сатылганын Улуттук банк билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 426 кг алтын куймасы кайра Улуттук банкка сатылган. Бул дээрлик 44 миң даана куйманы түзөт. Алтын куймаларын сатып алуунун эң жогорку көрсөткүчү былтыр катталган. 2025-жылы дээрлик 40 миң даана алтын куйма сатылып, 18 миңден ашыгы кайра өткөргөн. Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу иштерин 2015-жылдын май айында баштаган. Максаты — элге каражатын инвестициялоого мүмкүнчүлүк берүү.
Россиянын Борбордук аскер округуна караштуу 201-аскер базасынын жоокерлери Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Борбор Азия аймагындагы Ыкчам жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгууларына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. ЖККУнун Канттагы авиабазасынын маалыматына ылайык, анда издөө-чабуул топторунун аракеттери, тоолуу аймактардагы күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуулар өткөрүлөт.Жакынкы күндөрү аскер кызматкерлери Балыкчы шаарында курал-жарак менен аскердик техниканы машыгууга даярдоого киришет. 201-аскер базасынын өздүк курамы аскердик автоинспекциянын коштоосунда Балыкчыга жөнөп кетери маалымдалды.
SpaceX компаниясынын ээси Илон Маск Киевге Starlink интернетин Россиянын ички аймактарына чейин сокку уруу үчүн колдонууга уруксат бербей жатат. Бул тууралуу Atlantic журналы жазганын РИА Новости билдирди. Маалыматка караганда Starlink спутник интернети сокку урула турган аймакты тактап, бутага алууга жардам берет. Билдирүүдө Маск украин жаңжалынын күчөп кетишинен кооптонуп, өзүнүн сервисин колдонууга уруксат бербей жатканы белгиленген. РФ ТИМи Илон Маскка өлүмдү токтотуу үчүн жаңжал болгон аймакта Starlink интернетин өчүрүүнү сунуштаган. Ошол эле учурда Маск өзү спутникти "украин армиясынын тиреги" деп атап, аны өчүрүү жеңилүүгө алып келерин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0