00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы президент Садыр Жапаров 6-августта “Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгонун билдирди. Документ президенттин салыкка байланыштуу буга чейин чыгарган жарлыгын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган. Ага ылайык, Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, IT чөйрөсүндө иштегендер, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандар, блогерлер, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендер, стартаперлер, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендер беш жылга салык төлөөдөн бошотулат. Коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөндөр Бишкек жана Ош шаарларында 5%, калган аймактарда 3% салык төлөйт. Сауна жана мончо иштеткендерге салык 5% деп белгиленди. Бул ченемдер 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Колледждерге кабыл алуунун 5-турунда босого балл 80ге чейин төмөндөтүлдүОрто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуунун 5-турунда окутуунун бардык формалары боюнча негизги тесттин босого баллы 80 баллга чейин төмөндөтүлдү. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 5-тур 10-августта башталат. Ошондой эле адистиктер боюнча конкурска абитуриенттер кошумча предметтик тесттерди эске албастан катыша алышат. Мындай чечим жарандардын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын кайрылууларынын негизинде жана колледждерге кабыл алуу планын аткаруу максатында кабыл алынды
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусундагы бир катар жол объектилерин жеринен көрүп чыкты. Ведомстводон билдиришкендей, министр Суусамыр – Талас – Тараз жана Талас – Беш-Таш унаа жолдорундагы аткарылып жаткан иштер менен таанышып, ошондой эле "Чыңгыз Ааламы" жана "Манас-Ордо" тарыхый-маданий комплекстерине баруучу жана аларды айланып өтүүчү жолдордун курулушунун жүрүшүн текшерди. Атап айтканда, "Чыңгыз Ааламы" комплексине кирүүчү жол, "Манас-Ордо" комплексинин айланма жана кирме жолдорундагы иштер каралды.
Батыш өлкөлөрү Киевдин россиялык жай тургундарга жасаган чабуулдарын колдоп, кылмыштарга өнөктөш болууда. Бул тууралуу РФ ТИМинин маалымат департаментинин директорунун орун басары Алексей Фадеев брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. "Батыш өлкөлөрүнүн чабуулдарды кубаттап жатканын көрүп жатабыз. Алар Зеленскийдин бийлигинин мындай аракеттерине толук эркиндик берип, кылмышка өнөктөш болушууда", — деди Фадеев. Ал ошондой эле ар бир кылмыш үчүн жаза бар экенин эскертти. "Россиянын укук коргоо органдары Киев бийлигинин кызматкерлерин, Куралдуу күчтөрдүн командачылыгын, согушкерлерди жана жалданма аскерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн далилдерди чогултууну улантууда", — деди ал.
Жаңылыктар түрмөгү
0