Жаңы конуштун тургундары айланма жолду тосуп алышты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, жашоочулар электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп жатышат. Аталган конушту "Түндүк электр" ишканасы тейлейт.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкектин жака-белиндеги Алтын-Казык конушунун тургундары айланма жолду тосуп алышты. Окуя болуп жаткан жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.
"Жашоочулар таштанды төгүүчү жайдын аймагындагы трассаны жаап салышты. Алар эки күндөн бери үйлөрүндө электр энергиясынын жогуна нааразы", — дешти күбөлөр.
Аталган конушту "Түндүк электр" ишканасы тейлейт. Компания жарык өчүрүлгөнүн тастыктап, мындай чара тургундардын карызы үчүн көрүлгөнүн белгиледи. Ушу тапта ишкана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Ал эми Чүй облустук милициясы жолдун жабылганы боюнча маалыматты тактап жатканын кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0