Психотерапевт Турдукулова: катуу стресс алган адамды жүрүм-турумунан билсе болот

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач-психиатр Айжан Турдукулова
Врач-психиатр Айжан Турдукулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жазылуу
Азыркы учурда адам көбүрөөк кабылган оорулардын бири — стресс. Sputnik Кыргызстанга Республикалык психикалык ден соолук борборунун невроз бөлүмүнүн психотерапевт-дарыгери Айжан Турдукулова стресс жана алардын таасири тууралуу маек берди.
— Стресс дегенде эле бушайман болуп, кан басымы көтөрүлүп же түшүп, маанайы жок адамды түшүнөбүз. Психологиялык жактан алганда стресс деген эмне?
— Стресс – адамдын эмоционалдык жактан тынч жана тең салмакта жүрүшүнүн бузулушу. Башкача айтканда, жагымсыз кырдаалдын таасиринен улам организмде пайда болгон катуу чыңалуу. Бул жерде кадимки жай стресс менен дистрессти айырмалай билүү маанилүү. Стрессти адам өз мүмкүнчүлүгүнө жараша көтөрүп кете алат. Дистресс — ал психика жана психология жагынан адамды бузат.
— Негизги айырмачылыктары кандай?
Улуттук госпиталдын ириңдүү оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты, хирург Улан Наралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Ириңдүү оорулар хирургу Наралиев: эмгекке жарамдуу жигиттердин буту чирип жатат
— Өнөкөт же өтө катуу стресске кабылуу коркунучтуу жана аны менен күрөшүү керек. Мындай абал медицинада дистресс деп аталат. Ал адамдын кадимки психо-физиологиялык мүмкүнчүлүктөрүнөн жогору турат. Мисалы, адам экзамен тапшыруу же жумушка орношуу алдында стресске, ал эми жумуштан айдалып, иши жүрүшпөй же жакынын жоготкон өңдүү күтүүсүз, жагымсыз кырдаалда дистресске кабылат. Дистресстин натыйжасында организм алсырап, ык алуу механизмдеринин бузулушуна алып келет. Бул абал ар кандай оорулардын өнүгүшүн шарттайт. Курч стресс кызыктай жүрүм-турум менен коштолот, ал максатсыз басуу, бир жерди тиктеп калуу ж.б. абал. Ал гипертониялык кризис, инсульт, инфаркт пайда болушу менен мүнөздөлөт.
— Адам мүнөзүнө жараша да стресске тез кабылса керек?
— Өтө сезимтал адамдар буга көп кабылышат. Ошондой эле айылдыктар стресске туруктуу топко кирет. Жатакананын бир бөлмөсүндө айылдан келген беш бала чогуу жашап, күнүнө кукси жесе да өзүн бактылуу сезип, жаркылдап жүрө беришет. Ал эми шаардык жигиттер буга чыдабашы мүмкүн. Алар мындай шартта жашоого көнүп кете албайт. Негизи ар кандай кырдаалдарга, жашоо-шартка ылайыкташып кете алгандар стресске туруштук бере алат. 
© Фото / Айжан ТурдукуловаПсихотерапевт-дарыгери Айжан Турдукулова: курч стресс кызыктай жүрүм-турум менен коштолот, ал максатсыз басуу, бир жерди тиктеп калуу ж.б. абал
Врач-психиатр Айжан Турдукулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Психотерапевт-дарыгери Айжан Турдукулова: курч стресс кызыктай жүрүм-турум менен коштолот, ал максатсыз басуу, бир жерди тиктеп калуу ж.б. абал
— Стресс мезгилге жараша болобу?
— Биз мезгилдик деп так бөлбөйбүз, бирок баары кырдаалга жараша болот. Азыр коронавирустан улам эпидемиологиялык абал курч турат. Ошол себептен стресске кабылгандар көп. Негизи маанай түшүп, көңүл чөгүү адаттары турмушта дайыма адам менен кошо жүрөт. Былтыр коронавирустан улам көбүбүз жакындарыбызды жоготтук. Ошондон улам миллиондогон адам катуу психологиялык сокку алды. 2020-жылы аралыкты сактап, үйдөн чыкпай, башкалар менен сүйлөшө албай отуруп калдык. Бул да укмуш стресс алып келет. Адам — социалдык жан. Ал коомдон оолактап калгандан кийин сөзсүз стресске кабылат. Пандемиядан кийин азык-түлүк кымбаттап, айрымдар жумуштан кыскартууга учураган. Мунун баары адамды бушайман кылат жана психологиялык жактан оңой эмес.
— Кеңседе иштеген адамдар да стресске бат-бат чалдыгары айтылат. Себеби эмнеде?
Диабетикалык бут жана айыкпаган жаралар клиникасынын жетекчиси Максат Бообеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Подиатр Бообеков: дүйнөдө 20 секунд сайын диабетке кабылган бир кишинин буту кесилет
— Кыймылсыз жашоо образы, 8-10 саат бою компьютерде тынымсыз иштөө, туура эмес тамактануу мунун баары кеңсе кызматкерлерин стресске кептейт. Сколиоз деген сыяктуу ар кандай илдеттерге кабылат. Кыймылсыз отура бергенде кортизол гормону (кортизол организмдеги углевод алмашууну жөнгө салуучу гормон жана стресстик реакциялардын өнүгүшүнө катышат — ред.) арбын иштелип чыгып турат. Негизинен кортизолду кыймыл-аракет жок кылат. Ушундан уламбы, айтор, эли абдан кыймылдуу болгондуктан Африкада негедир стресс жок дешет. Ал эми бир жерде отуруп иштеген адамдарда мындай шарт жок. Ошол себептен жумуштан кийин фитнеске барып же жок дегенде бир канча аралыкка жөө басып туруу керек. Бул стресстен тышкары бир нече ооруга бөгөт болот.
— Кооптуулук стрессте эмес, аны менен күрөшө билүүдө дешет. Кантип стресске туруктуу болууга үйрөнө алабыз?
— Адамдын айланасында ар кандай чөйрөсү жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Буга өзүн сүйүү, жумуш, хобби жана достору, жакындары кирет. Адам ушунун баарын тең салмакта кармап турушу керек. Жакын же сүйүктүү адамы менен урушуп кетсе, аны башка достору колдоп, абалдан чыгарып кетиши ыктымал. Айрымдар жумушуна, кызыккан хоббисине алаксыйт. Ушул сфералар гана адамга күч-кубат берип, аны стресстен сактап калат. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАйжан Турдукулова: үй-бүлөлүк зомбулуктан же ушундай оор кырдаалдан улам депрессияга түшүп калса, анда психотерапевтке кайрылуу зарыл
Обращение к семейному психологу в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айжан Турдукулова: үй-бүлөлүк зомбулуктан же ушундай оор кырдаалдан улам депрессияга түшүп калса, анда психотерапевтке кайрылуу зарыл
— Стресске ишкердик менен алектенгендер да көп чалдыгат экен. Forbes журналынын алдыңкы сабында турган Марк Цукерберг мындай абалдан чыгуу үчүн бир кийимди которбой кийип жүрө берерин жазыптыр. Ал эми дагы бир белгилүү ишкер дайыма жылмайып жүрүүнү буга курал катары тандаарын айткан...
— Ооба, айрыкча мамлекет башында турган же бийликтеги адамдар да стресске көп кабылат. Ошондой эле бардык тармактагы чоң жоопкерчиликти артынып жүргөн инсандарды да бул сезим тез-тез коштоп турат. Булар өзүнө жаккан бир ишти таап, хобби катары алектениши керек. Мисалы, бирөөлөргө тамак жасаган жакса, айрымдарга сүрөт тартуу же фитнес көңүлүнө ынайт. Мунун ар кандай шарттары жана жолдору бар. Ушулардын бирин тандашы керек.
— Психолог, психотерапевт өңдүү адистерге кайсы учурда кайрылабыз?
Улуттук онкология жана гематология борборунун онкологу, маммолог, жогорку категориядагы дарыгер Ибрагим Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Онколог-маммолог: тай жагында эмчек рагы бар адам сөзсүз анализ тапшырышы керек
— Бирөө менен мамилебизди бузуп алсак, бир-эки күн маанайыбыз жок жүрөт. Бара-бара буга да көнүп баштайбыз. Узакка созулуп кетсе дистресс башталат. Мындай учурда психологго кайрылуу керек. Себеби курч эмоционалдык абалды жеңүү өтө маанилүү. Адам туугандарына, досторуна айталбаган сырын психолог менен бөлүшү мүмкүн. Жакындарына айтканда деле алар түшүнбөй "өзүңдү колго алып күчтүү бол, эмне мынча эркесиң" деши ыктымал. Ал эми психолог анын оюн толук угуп туруп, колдоп, абалдан чыгууга жол көрсөтөт. Адамдын жашоосунда ар кандай көйгөйлөр кездешет эмеспи. Мунун баарын өз алдынча жеңүүгө да аракет кылуу керек.
Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан же ушундай оор кырдаалдан улам депрессияга түшүп калса, анда психотерапевтке кайрылуу зарыл. Эгер депрессия күчөп кетсе психозго өтүшүп кетип, психиатрга көрүнүүгө туура келип калат.
Негизи жөнөкөй адам депрессияда же дистрессте жүргөнүн өзү да байкабай калышы мүмкүн. Тамактын даамын сезе албай, уйку бузулуп, такыр эле маанай жок, эч нерсеге көңүл чаппай калса депрессиянын синдрому экенин баамдаңыз. Акыркы кезде жеңил психологиялык оорулар көбөйгөнүн биздин адистер да айтып жатышат. Айрымдар психиатрга кайрылуудан коркуп жүрө беришет. Анткени дароо эле психикалык ооруканага жатып же оорулуу катары катталып калчудай сезишет. Бул жаңылыш ой. Мында сиздер болгону психологиялык жабыр тартуудан улам адистерге кайрылып, кеңешин гана алып чыгасыздар. 
© Фото / Айжан ТурдукуловаАйжан Турдукулова: адамдын айланасында ар кандай чөйрөсү жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Буга өзүн сүйүү, жумуш, хобби жана достору, жакындары кирет. Адам ушунун баарын тең салмакта кармап турушу керек
Врач-психиатр Айжан Турдукулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айжан Турдукулова: адамдын айланасында ар кандай чөйрөсү жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Буга өзүн сүйүү, жумуш, хобби жана достору, жакындары кирет. Адам ушунун баарын тең салмакта кармап турушу керек
— Стресстен өз алдынча арылуунун кандай жолдору бар?
— Биринчи адамдын уйкусу бузулат. Ал сегиз сааттан кем болбошу керек. Ошондой эле тамак-аш да натуралдуу болушу абзел. Витаминдүү азыктарды ичүү аң-сезимге жакшы таасир берет. Муну менен бирге стресстен чыгууга мүнөзүбүз да таасир берет. Адамдар шартылдаган ачык же, тескерисинче, оңой менен бирөөгө сыр ачпаган түнт болушу мүмкүн. Ачык адамдар башкалар менен бат тил табышкандыктан стресстен тез чыгып кетет. Ал эми түнттөргө дайыма күндөлүк жазып же бир сүйүктүү иши (хобби) менен алектенүүгө туура келет. Айрымдар стресстен жактырган тамактары аркылуу да арылышат. Ошентсе да консерванттардан алыс болгон жакшы, анткени анда таза белоктор жокко эсе. Тамакты азыраактан бат-бат жеп турса адамдагы эндорфин өңдүү бактылуулук гормондору иштелип чыгат.
— Ден соолукка кандай таасир этет?
— Стресс иммунитетти түшүрүп, ар кандай ооруларды чакырат. Ал эмоционалдык оорулардан тышкары гастрит, артериалдык гипертензия жана муун ооруларына алып келет. Анын жалпы организмге тийгизген терс таасири өтө чоң. Стресс болгон адамдардын вируска туруктуулугу төмөндөйт жана көп ооруйт. 
— Балдар стресс болушу мүмкүнбү?
— Балдар негизинен 12 жашка чейин күлүп-жайнап жүргөнү менен андан кийин гормоналдык өзгөрүүгө дуушар болот. Өспүрүм куракта өтө сезимтал болуп калышат. Ошол убакта сөз укпай, ата-энесине көп каяша айтат. Болор-болбоско кыжырданып, мүнөзү аябай өзгөрөт. Мындай учурда өспүрүмдү урушуп, кол көтөрүп, ага ультиматум коюуга болбойт. Тескерисинче, ата-эне баласына дос, сырдаш болууга аракет кылуусу зарыл. Себеби өткөөл курактын өтүшү абдан кыйын. Бул мезгилде баладагы мээримдин жетишпестиги, өксүк мамиле, кичинекей кезиндеги психологиялык жарааттар роль ойнойт. Ошондой эле бул тарбияга жана өспүрүмдүн мүнөзүнө да жараша болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0