Баары калп, түрмө менен коркутканы өтпөйт! Жанар Акаев видео кайрылуу жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековВнеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции "Ала-Арча"
Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Буга чейин соцтармактарда Курсан Асановдун телефон сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда бийликти күч менен басып алууга Акаев да аралашканы айтылган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат деп айтылган кептер боюнча кайрылуу жасады.

Эл өкүлү жалган маалымат таратылып жатканын айтып, бир да саясатчы менен бийликти басып алуу тууралуу эч бир жерде сүйлөшпөгөнүн белгиледи. Ал эми Курсан Асанов менен акыркы жолу февраль айында куран окутууда жолукканын, ошол бойдон телефон аркылуу да сүйлөшпөгөнүн билдирди.

“Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти басып алуу аракетин көрүп жатат дегени акылга сыйгыс көрүнүш, куру доомат. Өзүм бийликтин бир бутагы болсом эмне үчүн басып алышым керек? Өзүмдүн кабинетимди басып аламбы? Бир саясатчынын сөзү үчүн эле айыпка жыгабыз десе азыркы бийликтин чоң катачылыгы болот. Андай жол менен кеткендердин аягы жакшы бүткөн эмес. Оюбуз же сын пикирибиз болсо пресса жана парламент аркылуу айтабыз. Андыктан бизди түрмө менен коркутканы өтпөйт. Анткени кара пиар, жалган маалыматтын өмүрү кыска болорун жакынкы тарых далилдеп келе жатат”, — деди Акаев.

Ошондой эле депутат муну шайлоонун алдындагы аракет катары көрүп, парламентке жалаң кошоматчыларды алып келүү ниети болсо, ал да терең жаңылыштык экенин кошумчалады.

“Бизди камап коёбуз, айып тагабыз” дегенине эч качан ишенбегиле. Биздин ниетибиз ак, оюбуз таза, багытыбыз дагы түз. Дагы бир жолу кайталап кетейин, эч качан бийликти басып алуу аракети болгон эмес. Ошондуктан бизди опузалап коёбуз дегени ишке ашпайт. Мындай окуялардан биз бир гана курчуйбуз, эч качан мокобойбуз. Эркин, адилеттүү жана кубаттуу Кыргызстанды куруу аракетибизден кайтпайбыз”, — деди Акаев.

Сөзүнүн соңунда эл өкүлү анын аты аталып таратылып жаткан видеолорго ишенбөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Курсан Асановдун телефон сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда бийликти күч менен басып алуу аракетине Акаев да аралашып жатканы айтылган. Ал арада ИИМ Асановго, Акаевге жана Атамбаевге (бийликти күч менен басып алуу беренеси менен) сотко чейинки өндүрүш ачканы маалымдалды

Жаңылыктар түрмөгү
0