Мелис Эшимкановдун кызы Жылдыз: атам менин сыйкырчым эле...

© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхОбщественный деятель, журналист Мелис Эшимканов
Общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Чыгаан журналист Мелис Эшимкановдун акка моюн сунганына быйыл 10 жыл болду. "Туяк" рубрикасынын алкагында кызы Жылдыз атасын эскерип, ичинде калган арманын да жашырбады...

Көзү тирүүсүндө айтылуу "Асаба", "Агым" гезитин ачып, кыргыз журналистикасында өз мектебин түптөп, мезгилдин, саясаттын күрөө тамырын кармай билген бул инсандын аркасында эки уул, эки кызы калган. Ушул тапта океан ар жагында – Массачусетс штатындагы Бостон калаасында турган тун перзенти Жылдыз Эшимканова Sputnik Кыргызстандын окурмандары үчүн маек куруп берди.

— Атаңызды ойлогондо алгач эмнелер эске түшөт?

КРдин эмгек сиңирген юристи, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жубайы жана кызы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Мукар Чолпонбаевдин кызы Нуриля: апам атамды он жылдан соң кечирип кабыл алды
— Анекдот, тамашаны көп айтар эле, көпчүлүгү жадымда. Эстегенде бир жылмайып алам. Жөнөкөй эле сүйлөшүүнү шаттандырып, жүргөн жери күлкү-шаңга толуп турчу. Айрыкча, "Асаба", "Агым" жамааты менен кенедейибизден аралашып өскөнгөбү, ар бирин, жараткан ийгиликтерине жеткен татаал жолун эстейм.

Атамдын айткан кеңеши, акыл-насааттары дайым жүрөгүмдүн түпкүрүндө, турмушта колдонууга да тырышам. Өзгөчө жан эле. Мээримин чексиз төгүп, оюбуз менен болуп, бала менен баладай болуп кетчү.

Ишинин көптүгүнө, убактысынын тардыгына карабай үй тапшырмаларыбызды аткарууда да, кийим-кече алганда дүкөндө да, тиш доктурда да жаныбызда болууга аракет кылчу. Ал түгүл мени менен дискотекага да барган учурлары болгон. Бизге колунан келишинче бактылуу балалыкты куруп берди. 

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаЧыгаан журналист Мелис Эшимкановдун акка моюн сунганына быйыл 10 жыл болду.
Мелис Эшимкановдун кызы Жылдыз: атам менин сыйкырчым эле... - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Чыгаан журналист Мелис Эшимкановдун акка моюн сунганына быйыл 10 жыл болду.

— Атаңыз сизди турмушка дүңгүрөтө той берип узатканы кезегинде журналисттер менен саясатчылар түгүл, "Агымдын" бүт окурмандарына да маалым болгон. Азыр канча балалуу болуп калдыңыз?

— Атам биздин урматыбызга тоюбузду шаңдуу, чоң майрам кылып өткөрүүгө көмөктөшкөнүн эстеп азыр да ичим жылыйт. Атам менин гана жакшылыгыма күбө болуп, бир туугандарымдын жакшылыгын көрбөй кеткенин арман кылам. Азыр эми өзүм төрт баланын апасымын. Эң жаман дегенде эле таятасындай чыкса болду. Жолдошум экөөбүз чүрпөлөрүбүздү ак ниет, чынчыл, эмгекчил кылып өстүрүүгө аракет кылып келебиз.

— Атаңызды жоготконуңузду ким угузган эле? Акыркы сапарга узатууга алыстан келгениңизден кабардарбыз...

— Иним Төлөгөн телефон чалган, бирок ал жөн гана жалган маалымат деп ойлоптур. Жолдун алыстыгын айтпаңыз... Өлкөбүзгө жеткенче атабыздын көзү өткөнүнө ишене албай келе жаттык. Шум ажалга жулдуруп, боздоп кала бердик... Атабыз менен коштошуу зыйнаты иним экөөбүздү жетишип келсин деп бир күнгө жылдырылган. 

© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхМелис Эшимканов үй-бүлөсү менен.
Мелис Эшимкановдун кызы Жылдыз: атам менин сыйкырчым эле... - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Мелис Эшимканов үй-бүлөсү менен.

— Жүрөк түпкүрүндө өкүнүч болсо керек?

— Өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде көрүшпөй калганыбызга кейийм. Убакыт жетишсиз, балдарыбыз майда, жол ыраак... Кыргызстанга мен, ал бизге келе албай жүрүп, көзү өткөн кезде эсептесем туура төрт жыл дидарлашпаптырбыз. Ошого катуу өкүнүп калдым. Бул жарыкта кезегинде көп нерсенин баа-баркын билбей, кийин чоң өксүк болуп калат тура. Болбосо, кетеринде чер жазыша сырдашып алсак эмне?..

— Иниси Эрнис мырза да өтүп кетти. Аз жашашса да ага-ини Эшимкановдор саз жашады. Экөөнүн мамилеси, дүйнө таанымы, кесипке карата көз караштары сиздин эсиңизде кандай калды?

— Чоң атабыз да эрте өтүптүр. Атамдын да, Эрнис байкемдин да мезгилсиз өткөнү каңырыгыбызды түтөтүп кетти... Атам экөө ынак, мамилелери бөтөнчө эле. Ортолорунда бир башкача сый бар эле.

Экөө бири-бирин толуктап турчу. Атам шайырдыгы, сөз тапкычтыгы, тамашакөйлүгү менен элдин көңүл борборунда болууну кааласа, Эрнис байкем жалгыздык, тынчтыкты самап, обочолонуп алып китеп окуганды жактырчу. Мага экөөнүн дегеле окубаган китеби жоктой туюлчу. Сүйлөгөндө да, жазганда да ар кайсы авторлордун цитаталарынан сөзсүз келтирип, сөздөрү таамай, калемдери курч эле. 

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаМелис Эшимканов "Асаба", "Агым" гезитин ачып, кыргыз журналистикасында өз мектебин түптөп, мезгилдин, саясаттын күрөө тамырын кармай билген инсан болгон.
Мелис Эшимкановдун кызы Жылдыз: атам менин сыйкырчым эле... - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Мелис Эшимканов "Асаба", "Агым" гезитин ачып, кыргыз журналистикасында өз мектебин түптөп, мезгилдин, саясаттын күрөө тамырын кармай билген инсан болгон.

— Мелис байкенин арабыздан кеткенине 10 жылдын жүзү болуптур. Кыргызстандагы орду, айрыкча басма сөздөгү ролуна кызы катары кандай баа берер элеңиз?

— Атамдын Кыргызстандагы журналистикага кошкон салымы зор экенин, чыгаан журналисттерден турган жамааты менен биргеликте чыгарган, жаңычылдыктын жарчысы атыккан гезити менен башка басылмаларга үлгү болгонун, калың журттан көп окурман таап, жүрөктөрдөн түнөк тапканын, атамдын тарбиясын алып, мектебинен такшалган эчендеген журналисттер бар экенин эскерүүлөрдөн окуп калам. Алардын эсинде болсо элеси эч качан унутулбайт деп ишенем.

Атамдын ысымын унуттурбоо үчүн жасала турган иштер арбын, келечекте ишке ашыруунун аракетин көрүп келебиз. Азырынча аларды айтууга эртелик кылат.

© Фото / из семейного архива Мелиса Эшимканова Мелис Эшимкановдун кесиптештери туулган күнүнө кылган белекти — сүрөттөрдүн топтомун карап отурган учуру.
Мелис Эшимкановдун кызы Жылдыз: атам менин сыйкырчым эле... - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Мелис Эшимкановдун кесиптештери туулган күнүнө кылган белекти — сүрөттөрдүн топтомун карап отурган учуру.

— Өлкөдөгү абалга, маалымат чөйрөсүнө көз салып турасызбы? Эгер Мелис мырзанын көзү тирүү болгондо заман тартуулаган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кантип пайдаланмак деп ойлойсуз?

Ош облусунун аткаруу комитетинин комсомолунун биринчи катчысы Насирдин Исанов. Ош. 1976-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Насирдин Исановдун уулу Алмаз: атам элинин мекенчил уулу болгонун тарых далилдеди
— Алыста жүрсөк да Кыргызстан жүрөгүбүздө. Өлкө туурасындагы маалыматтардан дайым кабардарбыз. Өнүгүүгө багытталган жакшы иштерди укканда кубанабыз, начар иштер жөнүндө окуп алып көңүлүбүз чөгөт. Өлкөбүз тез эле гүлдөп-өсүп, элибиз тынч, жыргалчылыкта жашаса деп тилек кылабыз.

Эсимде, атам болуп жума күндү чыдамсыздык менен күтөр элек. Гезиттердин көбү ошол күнү жарыкка чыкчу эмес беле. Басмаканадан ар биринен алдыртат, сүйүктүү гезиттерди колдон түшүрбөй, көзүбүздү албай, баштан-аяк таанышып чыгар элек.

Азыр башка убак, жаңылыктар саналуу секундда бүт дүйнөгө тарайт. Атам замандын агымы менен тең жарышкан өтө эмгекчил, жаңы нерсени тез кабыл алып, бачым өздөштүргөн жан эле. Көзү тирүү турса YouTube, Instagram, Telegram каналдарын ачып, Facebook, Twitter баракчаларында укмуш посттору менен коомдун көп нерсеге көзүн ачып, көөнүн ойготуп турмак. 

© Фото / предоставлено Жылдыз ЭшимкановойЖылдыз Эшимканова үй-бүлөсү менен.
Мелис Эшимкановдун кызы Жылдыз: атам менин сыйкырчым эле... - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жылдыз Эшимканова үй-бүлөсү менен.

— Кыйын кишилердин балдарынан да коом көптү күтөт. Өзүңүздө, бир туугандарыңызда атаңыздай бир нерселерди чиймелей салуу же журналисттик чымындар байкалабы?

— Окуучу кезде кыргыз, орус адабиятын сүйүп, абдан жактырып окугам. Мектепте бир нерселерди жазымыш этип калчумун. Атамдын жолун жолдойм деп Бостондо журналистика факультетин аяктагам. Бирок жашоо мени таптакыр башка нукка салды. Учурда IT тармагында эмгектенем.

— Чыгаан журналист, кыйын саясатчы болчу, ал эми үйдө кандай ата эле?

— Өзгөчө ата эле. Таңкы тамакты сөзсүз чогуу ичип, анан көп нерсени талкуулап алчубуз. Баарын токтоолук менен жеткире айтып түшүндүрчү. Майрам, туулган күндөрүбүздү шаңдуу, кызыктуу, көнүлдүү өткөрүп берчү.

Атам эмгек өргүүсүнө чыкканда өзү туулуп-өскөн Ата-Башыга жөнөп калчубуз. Жайкысын Ысык-Көлгө барар элек. Дем алыш күндөрү бизди тоого чыгарып келчү. Бала кезиндеги тоодогу жоруктарын, көргөндөрүн тамашага айлантып айтып бергенди жактырчу. Айрыкча, тоону жакшы көрүп, барсам деп дайым эңсеп турчу. 

© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхЖылдыз Эшимканова атасы Мелис менен.
Мелис Эшимкановдун кызы Жылдыз: атам менин сыйкырчым эле... - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жылдыз Эшимканова атасы Мелис менен.

— Тун перзентисиз, сизди кантип эркелеткен?

— Атам мени катуу эркелетчү. Ошондуктан дүйнөдөгү эң эрке кыз болуп чоңойдум окшойт. Андан "жок", "болбойт" деген сөзүн уккан жокмун. Сураганымдын, айтканымдын баарын алып берчү. "Менин сыйкырчым" десем, антип эркелеткеним атама аябай жагып, ал ансайын каалаганымды аткарчу. Ал эми мен атамдын "Жикулясы" элем...

— Эгер керемет болуп бир саамга кайра жаралса, жүзүнө карап эмнелерди айтып үлгүрмөксүз?

— Атамды бекем кучактап алып, сагынганымды, кусалыгымды, жашообузда орду жетишпей жатканын, аталык мээримин, үнүн, колдоосун аябай сагынганыбызды үнүмдүн жетишинче айтмакмын.

Өзүмдүн, инилерим, сиңдилеримдин, неберелеринин жетишкен ийгиликтерин айтып бермекмин. Атам баарын берилүү менен тыңдап, аябай сыймыктанмак...

Жаңылыктар түрмөгү
0