Бүгүн Атамбаевдин соттук отурумга катышуусу күтүлүүдө

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСуд над бывшим президентом КР Алмазбеком Атамбаевым
Суд над бывшим президентом КР Алмазбеком Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Жолдубаеванын айтымында, судья Азирет Медеровдун чечими менен дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бүгүн, 13-сентябрда, Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинет. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, судья Азирет Медеровдун чечими менен дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Соттук отурум саат 14:00дө башталат.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Акыйкатчы Токон Мамытов абакта жаткан Алмазбек Атамбаев менен жолукту
Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан улам соттук отурум узартылып келген.

2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган.

Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0