2019-жылы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери бастырып киришкен. Операция учурунда ок атылган. Андан улам айрым кишилер жаракат алышкан.
Бир жыл мурун, так ушул күнү — 2019-жылы 7-августта Кой-Таштагы окуя ЖМКлардын бетинен түшпөй жаткан. Мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы эки күнгө созулуп кеткен. Окуя өнүгүшүн Sputnik агенттигинин архивдик видеосунан көрүңүз.
Былтыр ушул күнү, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч түзүмдөрү кармоо аракетин көргөн. Андагы каршылык көрсөтүүлөр, башаламандыктар жана окуянын өнүгүшү түнгө чейин кыргызстандыктарды кирпик кактырган эмес.
Туптуура бир жыл мурда УКМКнын атайын даярдыктагы аскери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция уюштурган. Төмөндө Sputnik Кыргызстан архивдик сүрөттөрдү пайдаланып, Кой-Ташка жасалган чабуулду кайрадан баяндап берет.
Жогорку соттон кабарлашкандай, Бишкекте соттук отурумдар эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен видео байланыш форматында өтүп жатат.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев былтыр 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, бир катар тарапташтары суракка чакырылган.
14 адам расмий түрдө шектүү деп саналды. Алар бийликти күч менен басып алууга, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет жасоого жана башка кылмыштарга айыпталып жатат.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үч тарапташы үй камагына алынса, дагы экөө тергөө абагында жатат.
Аты аталган төрт адам тең бийликти күч менен басып алууга аракет кылган, барымтага алууну уюштурган деп шектелүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы массалык башаламандык жана барымтага алуу иштери боюнча суракка чакырылган болчу.
Эл өкүлү мамлекеттик комиссиянын корутундусу калыстыктан алыс болуп калганын белгиледи. Ал ошондой эле Атамбаевге эмес, акыйкатка болуша турганын кошумчалады.
Парламент бүгүнкү жыйынында 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.
Министр Кой-Таштагы окуялардан кийин Алмазбек Атамбаевге таандык деген сегиз курал алынганын кошумчалады.
Парламент быйыл 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.
Шайназаров мурдагы президент Атамбаев Кой-Таштагы окуяларда өзүнүн кызыкчылыгын элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгонун айтты.
Сунуштамага 7-августтагы операциянын ийгиликсиз аякташы боюнча күч түзүмдөрүнүн жоопкерчилигин кароо да киргизилген.
Баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров Кой-Таш окуясынын келип чыгышына Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылганын билдирди.
Кой-Таштагы операция учурунда ок атылып, башаламандык жаралган. Натыйжада бир жоокер каза таап, бир нечеси барымтага алынган.
Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы биринчи күнү ишке ашпай, "Альфа" бөлүгүнүн жоокери каза болуп, бир нечеси жаракат алган.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана тарапташтарына басым кылууну токтотууну сурады. Бул сөзүнө вице-спикер Аида Касымалиева жооп берди.