09:02 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Коом
Кыскача шилтеме алуу
241 0 0

Маалым болгондой, "Электрондук виза" порталында Кыргызстандын визасын алуу үчүн арыз тапшыруу иш-чараларын өзгөртүү боюнча техникалык иштер жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кээ бир мамлекеттердин жарандарына "Электрондук виза" порталында туристтик виза берүү функциясы убактылуу токтотулганын кабарлады.

Билдирмеге караганда, Пакистан, Индия жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарынын Кыргызстанга келүү процессин иретке келтирүү жана уюштуруу максатында, ошондой эле алардын өлкөдө жүрүүсүн көзөмөлдөө үчүн эффективдүү алгоритмди иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүп жатат.

"Электрондук виза" порталында Кыргызстандын визасын алуу үчүн арыз тапшыруу иш-чараларын өзгөртүү боюнча техникалык иштер жүргүзүлүүдө. Порталда туристтик визаны өз алдынча алуу үчүн арыз берүү функциясы токтотулуп, ошол эле учурда кабыл алуучу уюм тарабынан чет элдиктерди чакыруу функциясы киргизилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мындай өзгөртүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Тема боюнча

Кыргызстанга чет жактан теракт жасаганы келген жан кечти колго түштү
Белгилер:
ТИМ, Индия, Пакистан, виза, токтотуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ