Кыргызстанда велосипеддин импорту үч эсеге өстү

© Sputnik / Табылды КадырбековОсень в Бишкеке
Осень в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Биринчи жарым жылдыкта республикага 34,2 миң велосипед алып келинген. Алардын наркы 600 миң доллардан ашат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстанда сырттан велосипед сатып алуу үч эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында айтылат.

2021-жылдын алгачкы алты айында республикага 34,2 миң даана алып келинген. Алардын наркы 614 миң долларды түздү.

Велосипед төмөнкү мамлекеттерден алынган:

  • Түштүк Корея — 14 386;
  • Өзбекстан — 11 830;
  • Тажикстан — 5 056;
  • Кытай — 1 988.

Германия, Индонезия, Казакстан, Камбоджа, Литва, БАЭ, Россия, АКШ, Тайвань, Япония жана Евробиримдиктин айрым мамлекеттеринен дагы бир аз импорттолгон.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде 11 миңдей велосипед (276 миң долларга) сатып алынган. Анда Түштүк Кореядан болгону 544 даана алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0