Өзгөчө 40тан ашкандар. Дарыгер ысыкта айрымдарга дене кумары зыяндуу экенин айтты

© Фото / PexelsЖигит менен кыз төшөктө. Архив
Жигит менен кыз төшөктө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
Адис сексуалдык жактан өтө эле активдүү адамдар өзүнүн абалын байкап, организмге анча күч келтирбей сүйүү кумарына батса болорун айтат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Аптап адамдын ден соолугуна бир топ сыноо экени белгилүү. Мындай күндөрү айрым адамдарга дене кумарына батуу дагы зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде кардиолог Филипп Кузьменко айтып берди. 

"Жыныстык катнаш — адамдан көп энергияны талап кылган процесс. Ал эми абанын табы +30 градустан жогору болгондо организм ого бетер кыйналып калат. Өзгөчө жашы 40тан өткөн жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар ысыктын күнү кармана турганы оң. Биздин практикада жашы өтүп калганда төшөк оюндары учурунда инсульт алып же жүрөгү токтоп калган бейтаптар жок эмес", — деди кардиолог.

Ал эми сексуалдык жактан ого эле активдүү адамдар өзүнүн абалын байкап, организмге анча күч келтирбей сүйүү кумарына батса болорун айтат.

Жубайлар төшөктө гезит окуп жатышат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Төшөк кумары иммунитетти бекемдөөгө жардам береби? Сексологдун жообу
"Анда дагы бир нече факторду эске алуу керек. Мисалы, стресс болуп турган учурда же ичимдик ичип алып кумарга батуу өтө кооптуу. Жүрөк стресс, алкоголь, ысык жана сексуалдык активдүүлүктү көтөрө албай калышы мүмкүн", — деди Кузьменко.

Сөзүнүн аягында адис организмдин 60 пайызы суудан турарын жана бул баланс ар дайым сакталышы керектигин айтты. Ал үчүн сексуалдык катнаш учурунда денеден тер менен чыгып кеткен сууну калыбына келтирүү үчүн сөзсүз суу ичип туруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0